МУГАЛИМДЕР АТТЕСТАЦИЯСЫ. «ЧЕГИРТКЕДЕН КОРККОН ЭГИН ЭКПЕЙТ» БОЛБОЙЛУ…

  • 02.03.2024
  • 0

Өлкөбүздө учурда мугалимдерди ыктыярдуу аттестациялоо ырааттуу жүрүп жатат. 2024-жылдын 17-февралында Бишкек жана Ош шаарларында педагогдорду ыктыярдуу аттестациялоонун экинчи этабы – тестирлөө жүргүзүлдү. Тестирлөөгө аттестациялоонун биринчи этабында эксперттик комиссиянын жыйынтыгы менен документтери квалификациялык категорияларга ылайыктуу деп табылган 57 мугалимден 56 талапкер  катышты.

Анын ичинен Бишкек шаарынан – 1, Ош шаарынан – 8, Баткен облусунан – 2, Жалал-Абад облусунан – 15, Ысык-Көл облусунан – 3, Талас облусунан – 4, Ош облусунан — 21, Чүй облусунан – 2 педагог катышты.

Тестирлөөнүн жыйынтыгында Баткен облусунун Кара-Токой мектеп-гимназиясынын орус тили сабагынын мугалими Нургүл Маманазарова биринчилерден болуп  “Экинчи квалификациялык категориядагы мугалим” даражасын тастыктады. Ал эми калган мугалимдер ар бир бөлүктө 50% дан жогору баа алышты, бирок бул максималдуу упай топтоого жетишсиз.

Тестирлөө Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялардын улуттук борбору тарабынан уюштурулуп жүргүзүлдү.

Маалымат үчүн айта кетсек, ыктыярдуу аттестациялоонун биринчи этабына катышуу үчүн республика боюнча 313 мугалим документ тапшырган. Анын ичинен жогорку квалификациялык категорияга – 130 мугалим, биринчи квалификациялык категорияга – 100,  экинчи квалификациялык категорияга – 83 арыз берген.

Биринчи этапка катышкан мугалимдердин арасында Өзгөн районундагы №25 Бекмамат Келдибаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Атыргүл Бакаева да бар.

— Өзүңүз билесиз, азыр мугалимге болгон талап күчтүү. Азыркы мугалим өз сабагында заманбап технологияларды, түрдүү интерактивдүү усулдарды колдонууну билиши керек. «Ушуга мен даярмынбы?» деген суроону өзүмө бердим. Өз билим деңгээлимди, педагогдук шык-жөндөмүмдү сынап көргүм келди, – деди элеттик педагог өз чечими тууралуу.

Ыктыярдуу аттестацияга Ат-Башы районундагы Самудин Мурзакматов атындагы орто мектебинин тарых жана коом таануу мугалими Раиса Орозалиева да катышты.

— Мектепте иштегениме дайыма сыймыктанам. Эң кыйын күндөрдө да мектепти таштап кеткен жокмун. Азыр мугалимдердин айлык маянасы көбөйүп, иштейм дегендерге өтө чоң дем-күч берди. Ыктыярдуу аттестация өз кесибин сүйгөн мугалимдер үчүн зор мүмкүнчүлүк, – дейт ал.

Эмгек кодексине киргизилген өзгөртүүлөр жер-жерлерде ушундай колдоочуларын таап жатканы бизди албетте, кубандырбай койбойт. Ошол эле мезгилде бизде мындай инновациялык процесске сын-пикир айтып, каршы чыккандар да жок эмес.

МУГАЛИМДЕР АТТЕСТАЦИЯСЫ. "ЧЕГИРТКЕДЕН КОРККОН ЭГИН ЭКПЕЙТ" БОЛБОЙЛУ...

Психологияда бул көрүнүш адамдын стереотиптик ой-жүгүртүүгө, шаблондук аракетке көбүрөөк байланганы менен түшүндүрүлөт. Анткени, башка кесиптерге салыштырмалуу мугалимдик кесипте иштегендер демейде өз кесибинде узак жылдар бою  эмгектенишет. Ошондуктан мугалимдердин арасында бир жерде, бир кесипте 40 жыл иштегендер арбын. Мунун эмнеси жаман да, эмнеси жакшы? Жакшысы – бир кесипте көп жыл иштеп жаткан соң, ошол кесиптин сырларын терең өздөштүрүп, акыр аягында чыныгы кесипкөй адис аталышы ыктымал. Бул нерсе мугалим өз кесибин туура тандап алганына да көз каранды. Өз кесибин жанындай көргөн кесип ээси албетте, кайсыл жерде болбосун, иштин майын чыгара иштегенди адат кылат. Чыгармачылык менен изденип иштөө, такай жаңычылдыкка умтулуу мындай адистин кесиптик кредосу болуп саналат.  Жаманы – көп жыл бир жерде иштеген адам чыгармачылыкка караганда ыкшоолукка, эптеп-септеп күн өткөргөнгө көнүп алышы да мүмкүн. Бирин-бири жакшы билген, корпоративдик мамилелер тамыр жайган жамааттарда «бармак басты, көз кысты» мамиле, кемчилигин жаап жашыруу, топтогу лидерди кынтыксыз тууроо көрүнүштөрү үстөмдүк кылып кетиши ыктымал. Бул албетте, мектептеги ар кандай педагогикалык демилгеге, инновацияга тоскоолдук жаратпай койбойт.

Билим берүү жаатындагы адистер, эксперттер, илимпоздор мектептик билим берүүдөгү педагогикалык инновация ар качан ушундай эки жактуу мамилеге: жаңылыкты колдогондор менен ага караманча каршы чыккандардын бүтпөгөн күрөшүндө каларын айтып келишет.
Билим берүүдөгү мындай талаш-тартыштар, жаңыланууну жактырбоо аракеттери бир эле Кыргызстанда эмес, бүтүндөй дүйнө жүзүндө болуп жатат. Анткени, «Канткенде билим берүү системасы биз ойлогондой, биз күткөндөй натыйжалуу иштей алат?» деген суроону азыр бардык өлкөлөрдүн билим берүү адистери берип жатат. Мисалы чет өлкөлүк изилдөөчүлөр Харгривс менен Ширли билим берүү реформасынын Төртүнчү жолуна убакыт жетти деп эсептешет.

«Кээ бир жерлерде билим берүүнү өнүктүрүүнүн үчүнчү жолу араң башталып жатат. Башка жерлерде ал эбак түптөлгөн.  Эми болсо социалдык жана билим берүү реформасынын жаңы Төртүнчү жолуна убакыт жетти. Харгривс менен Ширли өзүнүн бул уникалдуу китебинде Төртүнчү жолду алгачкы ирет чагылдырып, анын иш жүзүндө кандай көрүнгөнүн кристалдай ачык мисалдар менен келтиришет» – деп айтат Лондон экономика мектебинин директору Энтони Гидденс.

Дагы бир пикирге орун берсек.

«Харгривс жана Ширли өзгөрүүнүн алгачкы үч жолунун өтө тең салмактуу жана кыраакы мамилесин көрсөтүп, ар бир моделдин күчтүү жана алсыз жактарын чагылдырды. Анан алар Төртүнчү жолдун картасын түзүштү. Мунусу мугалимдердин кесипкөйлүгүн, коомчулуктун катышуусун, мамлекеттик саясатты жана жоопкерчиликти бириктирген өзгөрүү үчүн ынанымдуу жол болуп саналат.  Бул колдоого өтө муктаж болгон чөйрөдөгү күчтүү «ырааттуулук үчүн катализатор», – дейт билим берүү боюнча консультант Майкл Фулан.

Билим берүүнүн биринчи жолунда кандай өзгөрүүлөр болгон? «Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин мугалимдер балдарды өнүктүрүү үчүн өздөрү каалагандай сабак берип, эркин иштей башташкан», экинчи жолуна болсо «Дүйнөдө мунайга байланышкан экономикалык кризистен улам өткөн доордун 70-80-жылдары башталган башкаруучулар мугалимдерге ишенбей, жумушуна кийлигишип, стандартташтыруунун негизинде көзөмөлдү күчөтүшү мүнөздүү, ал эми үчүнчү жолго мугалимдерге чыгармачылык менен иштөөгө мүмкүнчүлүк берген «структуралык плюрализм» көбүрөөк туура келет. «Бул тушта мектептеги билимдин пайдасы тийбей, бюджеттен берилген акча текке кетип жатат дегендер пайда болду. Маргарет Тэтчерге окшогондор бийликке келди. Акырындап тесттин жыйынтыктары жогорулай баштады. Бирок окуучулардын кызыгуусу, мугалимдердин чыгармачылык деми кескин түрдө начарлап кетет, себеби баары тесттин жыйынтыгы үчүн гана иштеп калды. Мугалимдер эркин иштеген мурдагы мезгилди сагынды. Жакшы мугалимдер мектепти таштап кетти» делет  профессор Дүйшөн Шаматов которуп, басмага даярдап жаткан бул китепте.

Ошентип, бизге жогорудагы пикирлерди жазып жиберген кошуна Казакстандын Астана шаарындагы Назарбаев университетинде эмгектенген сыймыктуу жердешибиздин айтуусунда, азыр дүйнөдө билим берүүнү өнүктүрүүнүн мугалимдердин кесипкөйлүгүнө, коомчулуктун билим берүү ишине активдүү катышуусуна, ошондой эле мамлекетин билим берүүдөгү туруктуу саясатына негизделген Төртүнчү жолуна басым жасалууда.
Биз ошого даярбызбы? Биздин агартуучулар муну кабыл алабы? Колдойбу? Бул албетте, негизги маселе!

Таанымал аалым Алмазбек Токтомаметов учурда талаш-тартыштын баары биринчиден, директорлор менен мугалимдерди кесиптик жарамдуулугуна карата милдеттүү аттестациядан өткөрүү; экинчиден, окуу жайлардын жетекчилери 65 жаштан кийин ордун тапшыруу маселесинин тегерегинде жүрүп жатканын белгилеп,  биринчиси боюнча төмөнкү:
1) Ачык сабак өткөрүү, аны видеого тартуу;
2) Бир нече макала чыгаруу;
3) Тиешелүү сандагы ачык сабактарды даярдоо;
4) Портфолио даярдоо;
5) Өзүнүн предметин, мыйзамдарды билүү, компьютерди, техниканы колдоно алуу, педагогика, психология боюнча сынак тапшыруу сыяктуу 5 критерий коюлганын көрсөттү.
«Эгерде балдарыбыздын, неберелерибиздин тагдырын ишенип тапшырган мугалимдерибиз жогорку 5 критерийге жооп бербесе, анда келечек кандай болот?!» деген орундуу суроону коёт Алмазбек Токтомаметов.
«Албетте, аттестация сыяктуу иш-чаралар шыктандыруу менен коштолушу керек. Азыр ыктыярдуу аттестациядан өткөндөрдүн айлык акысына жакшы эле сумма кошулганы жатпайбы. Милдеттүү аттестацияда да ушул шарт сакталышы абзел. Экинчиден, алгач аттестациядан өтпөй калган мугалимдерге кайра тапшырууга мүмкүнчүлүк, убакыт берилиши зарыл. Аттестациянын максаты жазалоо эмес, жоопкерчиликти күчөтүү, шыктандыруу болушу керек. Ал эми 65 жаш курактык чеги боюнча жеке мамилени колдоого болот. Конкурс киргизилген жерде, мисалы, мектеп директорлору 5 жылдан ашык ээлеп турган болсо, иштен бошотулуп, кайра конкурс аркылуу келишүүдө. Эгер конкурстан өтө алса, заман талабына жооп берсе, аларды калтыруу ылайык болмок», — деп өз оюн жыйынтыктайт Алмазбек Даткабекович.
Бул маселеде профессор Дүйшөн Шаматов кыргызстандык кесиптешин толук колдойт.
«Казакстанда билим берүү мекемелеринин жетекчи орундарына талапкерлер тандоодон өткөн соң, кезектеги адистер курамын толуктап, ошол жактан зарыл учурда дайындалат. Мындай мамиле директорлук орунга даяр эмес адамдын келишине бөгөт болот. Ал эми кызуу талашты жараткан 65 жаштан өткөн жетекчилерди кызматтан бошотуу маселесине келсек, эгерде ал тандоо сынагынан татыктуу өтсө, мектептин өнүгүүсүнө кошкон салымы чынында зор болсо, анда байкоочулар кеңешинин чечими менен эмне үчүн 70 жашка чейин иштегенге уруксат берүүгө болбосун?» – дейт профессор Дүйшөн Шаматов.

 

МУГАЛИМДЕРДИН АЛГАЧКЫ ЫКТЫЯРДУУ АТТЕСТАЦИЯСЫ

 

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер