Билим жарманкеси: түрк университеттери Бишкекте

  • 15.04.2026
  • 0

Бишкек шаарында Түркиянын алдыңкы жогорку окуу жайларынын катышуусунда билим берүү жарманкеси өтүп, ага мектеп окуучулары, студенттер жана алардын ата-энелери катышты. Иш-чаранын алкагында Түркиянын 14 университети өз мүмкүнчүлүктөрүн сунуштап, катышуучуларга окууга тапшыруу, шарттары жана багыттары тууралуу кеңири маалымат беришти.

Билим жарманкеси: түрк университеттери Бишкекте

Уюштуруучулардын айтымында, иш-чарага 1100 студент катышып, алардын арасында магистратура, ординатурага да эң көп суроо-талап медицина, бизнес, агрономия, архитектура жаатына болду.  

Жарманкенин уюштуруучуларынын бири — EKET Fuarcılık уюмунун техникалык директору Хакан Чаталбаш бул иш-чара Кыргызстанда экинчи ирет өткөрүлүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, өткөн жылы жарманкеге 9 университет катышса, быйыл алардын саны 14кө жеткен.

Билим жарманкеси: түрк университеттери Бишкекте

Анын айтымында, кыргыз жаштарынын Түркияда билим алууга болгон кызыгуусу жылдан-жылга өсүүдө.
— Ар жылы жарманкеге катышкан жогорку окуу жайлардын саны көбөйүүдө. Бул кыргызстандыктардын суроо-талабы жана кызыгуусу жогору экенин көрсөтөт. Иш-чаранын негизги максаты — Түркиядагы алдыңкы университеттер менен Кыргызстандагы студенттердин ортосунда түз байланыш түзүү. Биз жаштарды Түркияга барып билим алууга чакырабыз. Окуусун бүтүргөндөн кийин өз өлкөсүнө кайтып келип, алган билимин колдонсо деген ниет бар, — деди ал.

Ошондой эле ал студенттерди кабыл алуу ар бир университеттин өзүнүн квотасына жараша жүргүзүлөрүн кошумчалады. Абитуриенттер тандалган окуу жайдын талаптарына ылайык тапшырып, мүмкүнчүлүгүнө жараша кабыл алынат.

Жарманкеге катышкан университеттердин катарында Түркиянын белгилүү окуу жайлары — TOBB, Ticaret, Konya Ticaret, Bahçeşehir жана Beykent университеттери бар. Мындан тышкары мамлекеттик жогорку окуу жайлар да катышып, алардын ичинде Бурдур шаарындагы Mehmet Akif Ersoy университети жана Бурсадагы университеттер да өз сунуштарын беришти. Ар бири өз тармагында мыкты деп аталган окуу жайлар.

Билим жарманкеси: түрк университеттери Бишкекте

Ошондой эле Чакан Чаталбаш бүгүнкү технологиялык багыттагы адистиктерге суроо-талап өзгөчө жогору экендигин айтып, айрыкча программалык камсыздоо инженерлиги жана компьютердик инженерлик сыяктуу адистиктер абитуриенттердин көңүл борборунда болгонун билдирди.

Мындан тышкары, түрк тарап билим берүү менен катар маданий жакындыктын да маанисин белгиледи.
— Биздин маданияттарыбыз абдан жакын. Тамак-ашыбыз, жашоо образыбыз окшош. Кыргызстанга келгенде өзүмдү бөтөн өлкөдө жүргөндөй сезбейм. Ошондуктан студенттер үчүн Түркияда адаптация оңой өтөт. Түрк эли кыргыз жаштарын жылуу кабыл алат, — деди Хакан Чаталбаш.

Белгилей кетсек, мындай билим берүү жарманкелери жаштарга чет өлкөдө окуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу түз маалымат алууга шарт түзүп, келечектеги кесип тандоодо маанилүү багыт берет.

Билим жарманкеси: түрк университеттери Бишкекте

Бишкек автоунаа-жол колледжинин автоунаанын электр жабдыктарын тейлөө багытынын 3-курсунун студенти Тилекмат Чолпонов да жарманкеге өзгөчө кызыгуу менен келди. Ал быйыл бүтүрүүчү болгондугуна байланыштуу жогорку окуу жайда билимин жогорулатууну каалайт. Кесиби аркылуу бизнести алып кетүү мүмкүнчүлүгү кенен болгондуктан, аны бизнести башкаруу факультети кызыктырып жатканын айтат.

  • Стамбул университети менен тааныштым, көп жакшы мүмкүнчүлүктөр бар экен. Тилекке каршы, ага тапшыруу үчүн аттестат керектелет. Колледждин бүтүрүүчүсү катары мага ойлонуп көрүүнү сунушташты. Менин кесибим бүгүнкү күндөгү актуалдуу кесиптердин бири, кесибимди да улантып, жаңы да мүмкүнчүлүктөрдү алгым келет. Түркия университеттери бюджеттик окутуусу, жогорку стипендиясы менен артыкчылыктуу, — дейт ал.

Билим жарманкеси: түрк университеттери Бишкекте

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин хазырлык бөлүмүндө билим алган Айгузель да чет жердеги алдыңкы окуу жайларда билим алууну каалагандардан. Ал келечекте эколог болот. Айтымында, иш-чара тууралуу интернеттен билип барган. Себеби башка жаштардай эле ал да Түркияда окуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгаргысы келбейт.

  • Негизи мен бизнести башкаруу жагына көбүрөөк кызыгам. Кыргыз-Түрк “Манас” университетине Турцияга бир аз жакыныраак болоюн деп өзүмдүн баллым жеткен факультетке эле тапшыргам. Жарманкеде жакшы мүмкүнчүлүктөр бар экендигин билдим, корпустары дагы кызыктуу экен. Албетте, баасы бир аз кымбат, бирок гранддык орундар да бөлүнөт экен. Грандга тапшыруу жагын дагы айтып кетишти, ал жагы дагы оңой экен,  — дейт студент.

Ошондой эле ал Түркиянын кооздугу,табияты жана тили абдан жагарын,  ал жакка баруу балалыктан берки кыялы экендигин, билим берүү сапаты жогору болуп, диплому дүйнө жүзүндө жарактуу болорун кошумчалады.

 

Айгерим Токтобаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер