БИЛИМ БЕРҮҮНҮН КЕСИПКӨЙ ИШМЕРИ

  • 11.02.2022
  • 0

10-февралда Президент Садыр Жапаров ишмердүүлүгү менен өзгөчөлөнгөн өлкө жарандарына мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Алардын катарында Билим берүү жана илим министрлигинин Жогорку жана орто кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлмира Абылкасымова да бар. Ал “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер” ардак наамы менен сыйланды.

Билим берүү тармагында Гүлмира Мамытовнаны тааныбаган киши жок болсо керек. Ал бул тармакта 38 жылдан бери кызмат кылып, жогорку билим берүү системасынын өнүгүшүнө опол тоодой салымын кошуп келет. Басып өткөн эмгек жолунун 30 жылын мамлекеттик кызматкер катары иштесе, 25 жылын Билим берүү жана илим министрлигинин Кесиптик билим берүү башкармалыгына арнады. Министрликте иштеген мезгилде Г.Абылкасымова жогорку жана орто кесиптик билим берүү жаатындагы ишмердиктин ар кандай чөйрөсүн тейледи. Кесиптик билим берүүнүн сапатын арттырууда бир топ иштерди жасады. Алардын бири катары жогорку кесиптик билим берүүнүн жаңы муундагы мамлекеттик стандарттарын, бакалавр, магистр жана адистерди даярдоо багыттарынын жаңы тизмелерин, Коронавирус пандемиясы учурунда жогорку жана орто кесиптик окуу жайларда аралыктан окутууга өтүүдө бир катар ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга, окуу жайларга онлайн режимде кабыл алуу кампаниясын өткөрүү боюнча иштерге, “КР Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын жаңы редакциясын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун ишине активдүү катышып келе жаткандыгын айтсак болот. 2040-жылга чейин Билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясын жана аны ишке ашыруу боюнча 2021-2023-жылдарга карата Иш-чаралар планынын кесиптик орто жана жогорку билим берүү жана эрезеге жеткендерге билим берүү бөлүгүн иштеп чыгууга да активдүү катышкан.

Кыскасы, кесиптик билим берүү жаатында кандай реформа болбосун аны ишке ашырууда Гүлмира Мамытовна өзүнүн активдүүлүгү жана принципиалдуулугу, уюштуруучулук жана башкаруу жөндөмдүүлүгү менен кесиптештеринин жана кызматкерлеринин арасында кадыр-баркка ээ боло алды.

БИЛИМ БЕРҮҮНҮН КЕСИПКӨЙ ИШМЕРИ

Гүлмира Мамытовнанын иштеги мыкты сапаттарын, кесипкөйлүгүн бир канча жыл чогуу иштешкен мурунку билим берүү жана илим министри, Кыргыз улуттук университетинин ректору Канат Садыков дагы ар дайым баалап келет.

– Башкармалыктын башчысы болуп турганда, мен мамлекеттик кызматкердин ишинде эң баалуу сапат бул кесипкөйлүк жана мамлекеттик кызыкчылыктарга берилгендик экендигине иш жүзүндө ынандым. Өзгөчө ушундай сапаттар менен Гүлмира Мамытовна айырмаланды, ал ар дайым жогорку билим берүүнүн өтө маанилүү маселелери боюнча өз позициясын ачык билдире алгандыгы, мыйзамдарды жана жоболорду сактоону бардык кызыкчылыктардан жогору койгону менен өзгөчөлөнүп турат. Министрликтин кызматкерлеринин көпчүлүгү Гүлмира Мамытовнанын бул сапатын жакшы билет жана анын артыкчылыктары жөнүндө менин пикиримдин адилеттүүлүгүн жандуу мисалдар менен тастыктай алышат. Мен Кесиптик билим берүү башкармалыгында иштеген алгачкы эки жылда Билим берүү жана илим министри эки жолу алмашты жана мен бул принципиалдуу кызматкердин министрликтин айрым жетекчилери менен болгон татаал мамилесине күбө болдум. Көп учурда ага карата мындай татаал мамиле кылуунун себеби маселелерди чечүүдө мамлекеттик кызыкчылыкты биринчи орунга коюу жана мыйзамдардын артыкчылыгына таянуу анын принципиалдуу позициясы болгондугунда. Бул Гүлмира Мамытовнага эч кандай жеке пайда алып келген жок, тескерисинче, ал өз позициясын сактап, аларга анчалык жакпаган чечимдерди жетекчилерге айтууга аргасыз болду. Кийинчерээк анын айтканы туура экендиги аныкталып, оппоненттери анын позициясы мамлекеттик кызматчынын этикасына жана эрежелерине ылайык келерин моюнга алууга аргасыз болушту, — дейт Канат Жалилович.

АТА ЖОЛУН ЖОЛДОП

“Аккан арыктан суу агат” демекчи, Гүлмира Абылкасымова мындай мүнөздү жөн жерден күтүп калган жок. Ал чынчылдыкты, тактыкты жана принципиалдуулукту атасы, Аксы элинин чыгаан уулу, алгачкы агартуучуларынын бири, билим берүү тармагына ат көтөргүс кызмат кылган, ардагер мугалим Мамыт Абылкасымовдон алган. Мамыт агай өз өмүрүнүн 50 жылын билим берүү тармагына арнап, катардагы мугалимден райондук билим берүү бөлүмүнүн башчылыгына чейинки кызмат тепкичтерин басып өткөн ардактуу инсан болгон. Аксыда бир эле мезгилде чарбанын башкармасынын төрагасы, чарбанын башкы эсепчиси, мектептин директору болуп иштеген жалгыз ушул адам болгон экен. Андан кийин 21 жыл Аксы райондук билим берүү бөлүмүн башкарып, тээ 1968-жылы эле “Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими” деген ардактуу наамга татып, кийин “Даңк” медалы менен сыйланган.

Гүлмира Абылкасымова да ата жолун жолдоп агартуучу болуу максатында 1978-жылы Аксы районундагы Ж.Бөкөмбаев атындагы орто мектебин аяктагандан кийин Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун чет тилдер факультетине тапшырат. Аны 1983-жылы аяктап, алгачкы эмгек жолун өзү окуган мектептен англис тили мугалими болуудан баштайт. 1986-жылы Ноокен районундагы №4 орто мектепте англис тили мугалими, 1989-жылдан 1991-жылга чейин Ноокен районундагы №2 орто мектептин директорунун орун басары болуп иштеген. 1991-жылдын 6-сентябрынан Ноокен районундагы билим берүү бөлүмүндө кадрлар бөлүмүнүн улук инспектору, 1991-жылдын ноябрь айынан 1996-жылдын октябрына чейин аталган бөлүмдүн башчысы болуп иштеген. 1996-жылы Билим берүү жана маданият министрлигинин Жогорку жана орто кесиптик билим берүү башкы башкармалыгынын I категориядагы адиси, 2000-жылы жетектөөчү адиси, 2008-жылы Жогорку жана орто кесиптик билим берүү башкы башкармалыгынын башкы адиси болуп дайындалган. 2016-жылы Билим берүү жана жаштар саясаты башкармалыгынын башчысы жана 2017-жылдан бери Кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы болуп иштеп келет.

БИЛИМГЕ СУГАРЫЛГАН БАЛАЛЫК

Мамыт агай менен Башира апа элдин балдарына кошуп, төрт кыз, үч уулду татыктуу тарбиялап, эрезеге жеткиришти. Гүлмира Мамытовна үйгө киши көп келээр эле деп эскерет. Ар бир келген киши менен болгон саясий, маданий, агартуучулук багыттагы баарлашуусун, келген конокторго берген кеп-кеңешин угуп отуруп эле ак менен караны ажырата билүүгө, сабырдуу болууга, ак иштеп, ак кызмат кылууга үйрөнгөн.

– Атамдын дагы бир жакшы касиети – гезит-журналдардагы маанилүү, пайдалуу макалаларды кызыл түс менен белгилеп коюп, мага окугун деп берчү. Көрсө, атам бизди билимдүү болсун, ар тараптан маалымат менен сугарылсын деген тура. Кийин дагы атам экөөбүз билим берүү тармагы тууралуу көп сүйлөшөөр элек. Кандай жаңылыктар болуп жаткандыгын сурап, көп кеңеш берчү. Аксыда
ЖАМУнун колледжи ачылганда “айыл жерине да кесиптик окуу жай ачабы, ал жакта жетиштүү адистер жок, мектептин эле мугалимдери иштеп жатат. Бардык базаны даярдап туруп анан ачуу керек эле” деп аябай нааразы болгон эле. Ар дайым биз үйгө барганда балам кыйналбай эле жүрөсүңбү, иштериң жакшыбы, кайда барсаң тынч бол, жакшы жүр, кудайым колдосун деп, баарыбызга батасын берип турчу. Чындыгында ушул баалуу сөздөр бизге күч-кубат, дем берип, келечекке жол баштап турчу экен, — дейт кызы Гүлмира.

Гүлмира Абылкасымова окуучу кезинде эле мыкты окуп, коомдук иштерге активдүү катышып, дайыма алдыңкы сапта жүргөн. Ал кезди мугалими, КР Ардак грамотасынын ээси Сатаев Эркин төмөндөгүдөй эскерет:

– Гүлмиранын наам алганын угуп, СССР доорунда окуучу кыздардын жарашыктуу күрөң формасын, ак фартугун кийип, 7-8-класстарда пионер галстугун, кийинчерээк комсомолдун төш белгисин тагынган арык чырай кыз көз алдыма келе түштү. Гүлмира мектепте окуп жүргөндө эле мыкты окуган, коомдук иштерге активдүү катышкан алдыңкы окуучу болчу. Мектептеги кыздар советинин мүчөсү, деги койчу мектеп турмушунда кандай гана иш-чара болбосун алдыңкы сапта болчу. Мектепти “эң жакшы” деген баа менен аяктап, ата кесибин улап келет.

Гүлмира Мамытовна студент кезинде да абдан активдүү болуп, бир группаны жетектеп, Комсомолдун облустук комитетинде да иштеп, лидерлигин көрсөтө алган.

– Гүлмира Абылкасымова азыр деле сулуу дечи, бирок студент кезинде «Соң-Көлдүн ак куусу Таттыбүбүдөй” супсулуу болчу. Сыймыктанчубуз. Бирок ал биздин сый-урматыбызга өзүнүн тышкы келбети менен эмес, баарына бирдей жасаган сылык мамилеси, акылкөйлүгү, токтоолугу менен жетти. Лидерлик сапаттары да бир топ эле. Ушунусуна карап группанын комсоргу кылып шайлап алдык. Жаңылбапбыз. Кийин комсомолдун облустук комитетинде иштеди. Азыр министрликте иштеп жатат, — дейт Ош педагогикалык институтунун чет тилдер факультетинде бирге окуган группалашы Алимжан Масаев.

Сөз соңу

Гүлмира Мамытовна агайы Сатаев Эркин айткандай, мындай жогорку сыйлыкка катардагы мугалимдиктен Билим берүү министрлигинде түрдүү кызматтарда жигердүүлүк, чыгармачылык менен, ак ниет, таза иштеп, жеке өзүнүн жүрүш-турушу, билими, иш тажрыйбасы менен жетишти деп айта алабыз. Мындай сыйлык көп жылдан бери министрликтен эч кимге берилбей келгенин эске салуу менен биздин гезиттин эмгек жамааты дагы Гүлмира Мамытовнаны алган сыйлыгы менен куттуктап, жалпы агартуу журтунун сыймыгы болуп жүрө беришине тилектеш экендигин билдирет.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер