БИЛИМ БЕРҮҮ – ӨЛКӨНҮ ӨНҮКТҮРҮҮЧҮ ЗОР КҮЧ

  • 02.04.2021
  • 0

Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Эмилбек уулу Талантбек мырза менен учурдагы аткарылып жаткан иштер, билим берүүдөгү көйгөйлөр, кемчиликтер жана жетишкендиктер боюнча маектештик.

– Талантбек мырза, сиздин райондук билим берүү тармагында жетекчи болуп иштеп жатканыңызга 2-3 жылдын жүзү болуптур. Райондук билим берүү тармагы жөнүндө жана 2020-2021-окуу
жылында аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат бере кетсеңиз?

– 2020-2021-окуу жылынын жарым жылдык жыйынтыгы боюнча окуучулардын билим сапаты 51,3%, өздөштүрүү 99% пайызды түздү. Райондук билим берүү бөлүмүнүн жалпы иш планы бекитилип, анын негизинде 2020-2021-окуу жылынын биринчи жарым жылдыгында райондук билим берүү коллегиясынын төрт жолку отуруму болуп өттү. Бир комплекстүү, 26 мектеп тематикалык текшерүүдөн өткөрүлгөн. 2019-2020-окуу жылынын жыйынтыгы менен Аксы райондук билим берүү бөлүмү “Жылдын мыкты райондук билим берүү бөлүмү” кароо сынагында областта 2-орунду ээледи. «Жылдын мыкты инновациялык мектеби» деген аталыштагы областтык кароо сынакта №14 Жунай Мавлянов атындагы Кербен лицей-жатак мектеби 3-орунду ээлесе, ”Жылдын мыкты усулдук кабинети” областтык кароо сынагы боюнча райондук билим берүү бөлүмүнүн усулдук кабинети да 3-орунду камсыздады. Ал эми мектептер аралык усулдук кабинеттер боюнча облустук кароо-сынакта Т.Тыныбеков атындагы орто мектеби да 3-орунду жеңип алды.

БИЛИМ БЕРҮҮ – ӨЛКӨНҮ ӨНҮКТҮРҮҮЧҮ ЗОР КҮЧ

Жылына өткөрүлүп туруучу предметтик олимпиада, ЖРТнын жыйынтыктыктары боюнча да биздин райондук билим берүү бөлүмү областта 2-орунду камсыздап келе жатат. «Алтын тамга» тестирлөөсүнөн эки окуучубуз алдыңкы орундарга жетишти.

Райондук билим берүү бөлүмү өзүнүн жалпы иш планынын негизинде мектептердеги окутуу-тарбиялоо процессин көзөмөлдөө, педагогикалык кызматкерлердин билимин жогорулатуу, алардын өз иштерине болгон жоопкерчилигин көтөрүү, окуучулардын билим сапатынын, өздөштүрүүсүнүн абалын аныктоо максатында, ар айда коллегия өткөрүлүп, аткарылган иштердин жыйынтыктары чыгарылып, жаңы милдеттер кабыл алынып турат.

– Райондогу эскилиги жеткен, авариялык мектептер барбы? Болсо, аларга кандай иш-чаралар жүрүүдө? 2020-2021-окуу жылына карата мамлекет тарабынан бүткөрүлүп, пайдаланууга берилген же учурда бүткөрүлүп жаткан бала-бакча, мектептер боюнча токтолуп кетсеңиз?

– 2020-2021-жылдын ремонт иштерине райондун 64 мектебине республикалык бюджеттен жетиштүү акча каражаты бөлүнүп, баардык билим берүү уюмдары толук ремонттон өткөрүлдү. Мектепке чейинки билим берүү уюмунун курулушу республикалык бюджеттин эсебинен бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Авариялык абалдагы К.Кулназаров, К.Алымкулов атындагы орто жалпы билим берүүчү мектептердин курулуштары акча каражатынын жетишсиздигинен убактылуу токтоп турат. 2020-жылдын март айынан Бириккен Араб эмираты тарбынан
300 окуучулук орунга ылайыкташтырылган Жеңижок атындагы орто мектебинин курулушу аяктоо алдында турат. Ал 2021-жылдын сентябрь айында пайдаланууга берилип калат деген чоң үмүттө турабыз. О.Ташкулов, Б. Минбаев, В.Линский атындагы орто мектептеринин спорт залдарынын курулуштары да убактылуу токтоп калды. Булар да жаңы окуу жылына карата ишке берилип калат деген ойдобуз. Бүтпөй жаткан мектеп, спорт залдар үчүн жергиликтүү эл, айыл өкмөттөрү, демөөрчүлөр менен министрликке чейин кайрылып, сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

– Сиз Жеңижок атындагы орто мектебинде мугалим, андан көп өтпөй үч жыл директор болуп иштеп турган кезде мектепте бир топ жылыштуу иштер болуптур. Айыл өкмөт башчысы болуп иштеп турганда да жакшы жыйынтыктуу иштер аткарылгандыгын айтып жүрүшөт. Аксы райондук акиминин орун басары болуп иштегенде да аркаңызда жакшы сөздөр ээрчип калды. Райондук билим берүү бөлүмүнө жетекчи болуп келгенде өзүңүздө өзгөрүүлөр болдубу? Ар бир жетекчиликтин өз-өзүнчө түйшүктөрү ар башка эмеспи.

– Ооба, мектептен башка кызматтарга кеткендигиме алты-жети жылдай болуптур. Үч жылдан ашык айыл өкмөттө, үч жылдай акимчиликте жүрүп, мугалимдик кесиптен алыстай түшкөндүгүмдү байкадым. Билим берүү бөлүмү чоң жоопкерчиликти талап кыларын билесиз да. Мурда бул кесипте иштеп кеткендиктен, директорлор да, райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери да жакындан тааныш болуп, ишти алдыга карай жылдырып кетүүдө көп деле кыйынчылыктар болгон жок. Болсо да тил табышып, иштеп кетүү жагы жетекчиге көз каранды экендиги баарыбызга белгилүү да.

– Ишке киришкенден баштап, билим берүүнүн кайсы тарабына өзгөчө көңүл бурдуңуз?

– Биринчи кадам – окуучулардын билим сапатын көтөрүүгө, ал үчүн айрым уйкусурап жаткан мектеп жетекчилерин ойготууга, окуучулардын коопсуздугун сактоого, ата-энелер менен мектеп жамаатынын байланышын күчөтүүгө коюлду. Бош убакыт боло калса, айттырбай, эскертпей туруп, мектептерге барып, жетекчилердин ишке жасаган мамилеси, пандемияга байланыштуу санитардык эрежелердин сакталышы боюнча бир сыйра мектептерди кыдырып, жеринде таанышып, кемчиликтери болсо, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө туура келди. Айрым 10-15 жыл иштеп кенебеген мектеп жетекчилерине эскертүүлөр берилди.

– Айрым окуучулар арасында бейбаштыктар катталып, интернетке таркап кетти. Көчөдөгү айрым кыздардын, балдардын бейбаштыгынан мектеп жетекчилиги кызматтарынан алынды. Мектеп жетекчисинин эле эмес, ата-энелердин да жоопкерчилиги жогору эмеспи?

– Биринчиден, бейбаштык мен келгенче катталган. Ал эми экинчиден, балдар арасындагы болгон жаңжалда мектептин жетекчилерин иштен бошотуу мага да оңойго турган жок. Ал жаңы эле директорлук кызматка келген болчу.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү мыйзамынын 27-беренесинде Ата-энелердин укуктары менен милдеттери деген бөлүгүндө: «Ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) билим берүү уюмунун аймагынан сырткары, окуудан тышкаркы убакта болгон балдардын саламаттыгы жана өмүрү үчүн толук жоопкерчилик тартышат» — деп даана эле жазылып турат. Эмнегедир бул мыйзамдар толук иштебей, мугалимдерге көбүрөөк күч келип жаткандыгы чындык. Бирок, мугалим – билим менен кошо тарбия берүүгө да милдеттүү. Мектеп тарабынан да окуучуларга тарбиялык сааттар тынымсыз өтүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп туруусу керек. Короодон чыктың, болду менин ишим жок деп коюу туура эмес.

– Азыркы учурда айрым ата-энелер мугалимдердин ишине туура келсе-келбесе да кийлигишүүнү адатка айлантып бара жаткандай?

– Демократия, же сөз эркиндиги дейбизби, айрым ата-энелер: “Сенин антип айтканга акың жок! Мен сага көрсөтөм!” деген сөздөрү айтылып эле келе жатат. Айрыкча жаңы иштеп жаткан жаш кадрларга терс таасирин тийгизүүдө. Кыргыз Республикасынын мыйзамынын Мугалимдердин статусу жөнүндөгү 6-беренесинде «Окуучулардын ата-энелери, өзүнүн мүнөзү боюнча мугалимдин кесиптик милдетине кирген маселелерге жүйөсүз кийлигишүүгө укуксуз» — деп көрсөтүлгөн.

– Сизди учурда түйшөлтүп жаткан ойлор барбы? Болсо кайсылар?

– Биз, союз учурундагы улуу педагогдор А.Макаренко,
В.Сухомлинский, Ш.Аманашвилилердин педагогикалык тажрыйбасына сугарылган мугалим эже-агайлардын колунан билим, тарбия алып калдык. «Мугалим – мугалим болуп төрөлүш керек» — деп улуу педагогдор айткандай, учурда чын жүрөгү менен окуучуну өз баласындай жакшы көруп, өз предметине тың, окуучулардын сүймөнчүлүгүнө айланган, билимдүү мугалимдердин суюлуп бара жатышы бир топ ойго салат.

6-7 жаштагы балдардын: «Шалва агайды, (Амонашвилини) анын сабагын сагындым! Дем алыш күндү ким ойлоп тапкан? Шалва адайга мени алып баргыла!» — деп ата-энесин кыйнаган окуучу же Амонашвилидей мугалимдер барбы? — деген ойлор санааңды тымызын жейт.

Ата-энелери чет элдерге акча табыш үчүн ар кай жакка кеткен балдардын өз убагында тарбиясыз калып жатышы да бир топ түйшөлтөт.

Билим менен тарбиянын байлык менен бийликтен да жогору тураарын, ар бир үй-бүлөнүн балдары ата-эненин жакшы акыл насаатына, тарбиясына муктаж экендигин ошол ата-энелери сезээр бекен? — деген ойлор жан дүйнөңдү тынчытпайт.

– Жалпы эле педагогикалык кызматкерлерге кандай каалоо тилектериңиз бар?

– Жаңылануунун баарына өбөлгө түзгөн – мугалимдердин эмгеги деп баалайм. Биздин мектептерде да билими терең, адамгерчилиги менен маданияты жогору мугалимдер арбын. Өзүбүздүн улуу педогогубуз Б.Алымовдун «Шакиртиме кат» деген публицистикалык чыгармасында: «Эптеп-септеп сабак өткөн, мектептен кеткиче шашкан, педагогдук кесипке кокусунан кошулуп калгандар» деп белгилеп кеткендей мугалимдер да жок деп айта албайм.

Өз кесибин сүйгөн, ата-энелер, окуткан окуучулары сыймыктанган, устат болчу мугалимдерибиздин саны арбыса экен деген ойдо туралы. Баардык мугалимдердин иштеринде талыкпас эмгек, чыгармачылык, ийгиликтер болсун!

Аңгемелешкен
Ч. Ибралиев, Кара- Суу айылы.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер