БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ РЕАЛДУУ ӨЗГӨРҮҮЛӨР ЖАНА КОЛДООСУ ЖОК ПЕТИЦИЯ

  • 25.05.2026
  • 0

Кыргызстандын билим берүү тармагы ондогон жылдар бою эски советтик моделдин калдыктары менен жашап, заман талабына жооп бере албай келгени жашыруун эмес. Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева кызматка келгенден бери бул токтоп калган системаны кескин түрдө жаңылоо жана заманбапташтыруу багытын алды. Албетте, тамырлап кеткен көйгөйлөрдү дароо чечүү оңойго турбайт – коомчулукта айрым нааразылыктар, атүгүл министрдин кызматтан кетишин талап кылган онлайн-петициялар да ушул чоң өзгөрүүлөрдүн фонунда пайда болууда. Бирок нааразылык акциясы массалык мүнөзгө ээ боло алган жок, себеби эл реалдуу өзгөрүүлөрдү көрүп жатат.БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ РЕАЛДУУ ӨЗГӨРҮҮЛӨР ЖАНА КОЛДООСУ ЖОК ПЕТИЦИЯ

Бирок убактылуу эмоцияларды четке кагып, бүгүнкү күндө министрлик иш жүзүндө кандай системалык кадамдарды жасап жатканына жана коомдун ага болгон реалдуу реакциясына көз салалы.

Министрликтин эң ири жана тарыхый кадамы – мектептерди 12 жылдык окутуу тутумуна өткөрүү реформасы болду. Бул демилге коомдо суроолорду жаратканы менен, анын артында терең стратегиялык максат жатат.

  • Эл аралык интеграция: Кыргызстандын орто мектеп аттестаты дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүндө таанылышы үчүн 12 жылдык билим берүү КМШдан сырткары чыгууга жол ачат.
  • Мектепке чейинки билимди камтуу: Көпчүлүк ата-энелер кооптонгондой «балдар 19 жашка чейин окубайт». Реформа 6 жаштагы балдардын (нөлүнчү класс же даярдоо курсу) мектеп программасына ийкемдүү кошулушун шарттайт. Бул бала бакчага барбай калган миңдеген балдардын билим алуу укугун теңейт.

Мектепке чейинки билим берүүдөгү орун жетишсиздигин чечүү үчүн министрлик стандарттык эмес, эффективдүү жолду тандап, өлкө боюнча жүздөгөн кыска мөөнөттүү бала бакчалар ачылууда.

Мындай борборлордо балдар уктоо жана тамактануу убактысына алаксыбай, түз эле өнүктүрүүчү программаларга катышышат. Бул мамлекеттин имарат курууга кеткен чыгымын азайтып, бала бакчага барбаган балдардын санын кескин кыскартты. Натыйжада, акыркы убактарда миңдеген наристелер биринчи жолу мектепке чейинки билим алууга мүмкүнчүлүк алышты.

Догдуркүл Кендирбаеванын жетекчилиги астында билим берүү тармагын санариптештирүү процесси тездеди. Министрлик гуманитардык багыттан так илимдерге (STEM – илим, технология, инженерия, математика) басым жасоого өтүүдө.

  • Мектептерди жабдуу: Республика боюнча мектептерге заманбап компьютердик класстар, интерактивдүү такталар жана жаңы лабораториялык жабдыктар жеткирилүүдө.
  • Мугалимдерди окутуу: Мугалимдердин билимин жаңы улуттук моделдеги стандарттар жана программаларга шайкеш келтирүү максатында масштабдуу тренингдер уюштурулуп, электрондук күндөлүк жана баалоо системалары кеңейтилүүдө.

Көп жылдар бою чечилбей келген мектептердеги мыйзамсыз акча жыйноо маселесине каршы министрлик катаал чараларды көрө баштады.

Ар кандай радикалдуу реформа эски көнүмүш адаттардын каршылыгына туш болот. Директорлордун ротациясы, мугалимдерге коюлган жаңы талаптар, санариптик отчеттуулук системага көнүп калгандардын нааразылыгын жаратып жатканы белгилүү.

Бирок бул жерде эң кызыктуу жана маанилүү бир факт бар: ушул күнгө чейин петицияга болгону 250 гана адам кол койгон.

Миллиондогон окуучулары, жүз миңдеген мугалимдери жана ата-энелери бар өлкө үчүн 250 адамдын колу – бул коомчулуктун министрдин ишине каршы эмес, тескерисинче, аны колдоп жаткандыгынын эң ачык далили. Бул көрсөткүч коомдун басымдуу бөлүгү реформалардын маанилүүлүгүн түшүнүп, министрлик туура багытта бара жатканына ишенип жатканын айгинелейт. Нааразылык акциясы массалык мүнөзгө ээ боло алган жок, себеби эл реалдуу өзгөрүүлөрдү көрүп жатат.

Бүгүнкү күндө Агартуу министрлиги убактылуу популярдуулукту эмес, келечекти көздөгөн стратегиялык кадамдарды жасап жатат. Д. Кендирбаеванын тушунда башталган реформалардын реалдуу жемишин толук көрүү үчүн убакыт керек. Жакында эле өткөн “Доор өзгөрткөн билим” ата-энелер форумунда министр бул тууралуу мындай деп баса белгилеген: “Кемчиликтер бар, албетте, сөзсүз болот. Айрыкча адам тарбиялоо процессинде катачылыктардан качуу мүмкүн эмес. Себеби, биз тетиктерин оңдоп, калыптан түз эле каалагандай формада чыгарып кое турган өндүрүш эмеспиз. Биздин бүгүнкү жасап жаткан жумушубуздун, киргизилип жаткан өзгөрүүлөрдүн реалдуу жыйынтыгы туура 15 жылдан кийин, бүгүнкү наристелерибиз эмгек рыногуна толук кандуу аралашууга даяр болгондо гана билинет”. Петицияны колдогондордун аздыгы  көрсөткөндөй – коом өзгөрүүнү каалайт жана бул өзгөрүүлөрдү ишке ашырып жаткан жетекчиликке ишеним артат. Башкысы – багыт туура тандалган.

Билим берүүдөгү бул чечкиндүү кадамдарды коомдук ишмерлер жана тажрыйбалуу педагогдор да кубаттоодо. Саясий серепчи жана эксперт Алмаз Тажыбайдын пикиринде, 12 жылдык билим берүү – бул убакытты созуу эмес, дүйнөлүк интеграцияга багытталган зарыл кадам. «Биздин бүтүрүүчүлөрдүн аттестаты өнүккөн өлкөлөрдө таанылышы үчүн бул система убакыт күттүрбөй турган талап», — дейт ал.

Ал эми башталгыч класстардын мугалими Назира Султанова реформанын практикалык пайдасын белгилейт: «6 жаштагы балдардын мектеп программасына ийкемдүү кошулушу – бала бакчага жетпей калган миңдеген наристелерге тең мүмкүнчүлүк берет. Мугалимдер үчүн санариптештирүү башында көнүмүш адаттардан улам оор сезилгени менен, келечекте кагаз иштеринен куткарат. Реформаларды чечкиндүү аягына чыгаруу зарыл».

Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер