БАЛДАРДЫН ӨНҮГҮҮСҮНӨ ЭҢ ЧОҢ ИНВЕСТИЦИЯ

  • 04.07.2024
  • 0

Кыргызстанда 12 жылдык билим берүүгө көчүүнүн стратегиялык пландары республикалык форумда талкууланды.

БАЛДАРДЫН ӨНҮГҮҮСҮНӨ ЭҢ ЧОҢ ИНВЕСТИЦИЯ

Эң мыкты технология ар бир мугалимге жеткиликтүү болот

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева аймактардагы билим берүү борборлорунун жетекчилерине кайрылып, 12 жылдыкка өтүүнүн өзөктүү маселесин мугалимдерге, элге жеткирүүдө активдүү катышууну талап калды.

Министр билим берүү тармагында жүрүп жаткан реформа мезгил талабы. Баары өзгөрөт. Ошол өзгөрүүдө аймактагы билим берүү борборлорунун башчылары артта калбай, мазмунга, сапатка басым жасоо зарыл экенин белгиледи.

“Биз билим берүүнү трансформациялоону төрт багытта баштаганбыз. Биринчиси, 12 жылдык токтом. Ал даяр, жакын арада кабыл алынат. Экинчи багыттагы иш — дүйнөлүк билим берүү системасындагы эң алдыңкы китептерди алып, 152 млн китеп чыгарабыз, бирок алардын ичинде  так илимдер жана англис тили китептери жок. Себеби алар учурда кыргызчаланып жатат. Ал иш  бүткөндө баары компьютерге киргизилет. Эң мыкты технология ар бир мугалимге жеткиликтүү болот”, – деди Д. Кендирбаева.

Министрдин айтымында, компьютерлерди алуу процесси башталган. Биринчи этапта STEM предметтери: математика, физика, химия, биология, информатика боюнча 24 миң 431 мугалим ноутбук менен камсыздалат. Бул максатка мамлекеттик бюджеттен 600 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Жылдын аягына чейин мугалимдердин 50%ы, 2025-окуу жылында 100%ы ноутбуктуу болушат. Ал эми төртүнчү багыттагы иш – бул үстүбүздөгү жылы мектеп жашына чейинки балдарды бала бакча менен 40 пайыз камсыздоого жеткирүү.

Министр ошондой эле агартуучуларды шаар жериндеги сабактардын планын ийкемдүү түзүү, мисалы, кыргыз тили, адабият сабагын китепканада, тарых предметин музейлерде, химия, биология сабактарын ботаникалык бакчаларда, лаборатория жүргүзө турган жайларда өтүү сунушун киргизди. Бул окуу процессин кызыктуу жана ар тараптуу кылууга, өтүлгөн материалды бекемдөөгө жардам берет деди.

БАЛДАРДЫН ӨНҮГҮҮСҮНӨ ЭҢ ЧОҢ ИНВЕСТИЦИЯ

12 жылдык мектеп моделинде мугалим эң маанилүү компонент

Форумда Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору Алмазбек Токтомаметов билим берүүнү трансформациялоо шарттарында педагогикалык кадрлардын кесиптик чеберчилигин жогорулатуу эң негизги багыттардын бири экендигин баса белгиледи.

БАЛДАРДЫН ӨНҮГҮҮСҮНӨ ЭҢ ЧОҢ ИНВЕСТИЦИЯ

Анын айтымында, 12 жылдык мектеп моделине өтүүнү ишке ашырууда мугалим эң маанилүү ролду ойнойт.

“12 жылдыкка өтүүдө биздин алдыбызда бир нече чоң маселелер турат. Биринчиси, инфраструктура, 2400дөн ашык 1-классты түзүү керек. Экинчиси — билим берүүнүн мазмунун жаңылоо. Бул билим берүү жана предметтик стандартты, окуу программасын, окуу китептерин жаңылаш керек дегенди билдирет. Үчүнчүсү, окутуунун методикасын өзгөртүү абзел. Бүгүнкү күндө мугалимдерди даярдоо дагы чоң маселелердин бири. Бул маселени үч багытта чечип жатабыз: биринчиси, мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу, экинчиси — кайра даярдоо, бул кошумча кесиптик билим берүү, ал эми үчүнчүсү — мугалимдерди даярдоонун мазмунун, методикасын өзгөртүү.

Эмне үчүн мугалим өзгөчө маанилүү деп жатабыз, биринчиден, 12 жылдыкка өткөнгө бир класс кошулуп 3800гө жакын башталгыч класстардын мугалимдерин даярдашыбыз керек. Экинчиси, Сингапурдун STEAM багытындагы математика, физика, химия, биология китептерин алып жатабыз.  Сингапурда булар бир эле предмет катары, илим предмети деп гана окутулат. Биз да бул багытта кыргыз мугалимдерин даярдашыбыз керек”, – деди А. Токтомаметов.

БАЛДАРДЫН ӨНҮГҮҮСҮНӨ ЭҢ ЧОҢ ИНВЕСТИЦИЯ

Директор Кыргызстандын мугалимдери бул процесске тартылганда эки жолу курстан өтөрүн белгиледи. Биринчиси, Сингапурдан алынган алты багыттагы китептерди окутуу боюнча мугалимдер өзүнчө кесиптик чеберчилигин жогорулатышат. Экинчи жолкусунда Кыргызстан үчүн адаптацияланып, даярдалып чыгарыла турган ата мекендик китептер боюнча.

“Ал эми Сингапурдун китептери боюнча айта турган болсок, ал өлкөдөн атайын адистер келип, биздин тренерлерди окутушат. Ал тренерлер региондорго барып башка мугалимдер менен бөлүшөт. Ошентип, биз бүгүн каскаддык ыкма менен окутууну пландаштырып жатабыз. Ошондой эле институтта мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу боюнча онлайн курстарды сунуштаган платформа иштелип жатат”, – деп кошумчалады А. Токтомаметов.

12 жылдыкка өтүүнүн негизги максаттарынын бири — дүйнөлүк билим берүү системасына интеграция болуу, жуурулушуу. Дүйнөлүк билим берүү системасы бүгүнкү күндө компетенттүүлүк мамилеге негизделген.  Окуучуга кереги жок материалдын зарылчылыгы жок, эртеңки күнү турмушунда колдоно ала турган, маселесин чече ала турган материалдарды үйрөтүш керек. Ошол себептен жалпы окуу жүктөмү азайып, ашыкча предметтер кыскарат. Анын ордуна кесип алуу мүмкүнчүлүгү сунушталат.

Окуу китептер түп тамыры менен жаңыланат

Кыргызстандын мектептери үчүн STEAM предметтери боюнча мыкты чет элдик (Оксфорд, Кэмбридж, Маршалл Кавендиш) окуу китептерин адаптациялоо иши башталды. Бул Кыргызстанда 12 жылдык билим берүүгө көчүүнүн стратегиялык башкы багыттарынын бири болуп саналат.

БАЛДАРДЫН ӨНҮГҮҮСҮНӨ ЭҢ ЧОҢ ИНВЕСТИЦИЯ

«Окуу китеп» басма үйүнүн директору Ильяс Сарыбаев 12 жылдык мектепти жаңыланган мазмун менен камсыз кылуу үчүн 8,7 миллиард сомго 17,4 миллион окуу китебин толук алмаштыруу керек. Бул бир окуучуга керек болгон 12 окуу китеп комплект түп тамыры менен жаңыланат деп белгиледи.

БАЛДАРДЫН ӨНҮГҮҮСҮНӨ ЭҢ ЧОҢ ИНВЕСТИЦИЯ

“Буга чейин маалым болгондой, «Окуу китеп» басма үйү Сингапурдун Marshall Cavendish Education билим берүү мекемеси менен кызматташуу тууралуу келишимге кол койгонбуз. Анын натыйжасында Кыргызстандын мектеп окуучуларына Сипгапурда даярдалган STEAM багытындагы Кембридж моделиндеги дүйнөлүк сапаттагы окуу китептери Кыргызстанга адаптацияланып берилет. Бул китептер 2026-2027-окуу жылына чейин которулуп, экспертизадан өткөндөн кийин жетиштүү нускада чыгарылат. Мындан сырткары, электрондук версиялары да даярдалат”, – деди И.Сарыбаев.

БАЛДАРДЫН ӨНҮГҮҮСҮНӨ ЭҢ ЧОҢ ИНВЕСТИЦИЯ БАЛДАРДЫН ӨНҮГҮҮСҮНӨ ЭҢ ЧОҢ ИНВЕСТИЦИЯ

Директор Marshall Cavendish басма үйү 1-11-класстар үчүн математика, 1-9-класстар үчүн табигый илимдер, 10-11-класстар үчүн физика, химия, биология, 1-6-класстар үчүн англис тили предметтери боюнча окуу-методикалык комплекстерин даярдап берерин кошумчалады.

Кыргызстандын окуу китептери фундаменталдык билимдин калыптанышына басым жасалып, грамматикалык эрежелерди жаттоо, айтып берүү менен гана чектелип, тилекке каршы, күнүмдүк турмушта колдонууда жыйынтыгын бербей келет деп Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Назира Дүйшеева дагы талкууда айтып өттү.

Ал өз ишинде эки өлкөнүн китептеринин айырмачылыктарын карап чыгып, Кембридж окуу китептери көбүнчө коммуникативдик көндүмдөрдү жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө багытталса, Кыргызстандын окуу китептери теорияга шыкалган, жаттама, стандартташтырылган тесттерге даярданууга басым жасалып, окуучу 11 жыл окугандан кийинки жыйынтыгы начар деген. Андыктан ыкчам өзгөрүп жаткан дүйнөдө атаандаштыкка жарамдуу балдарды тарбиялоо мезгил талабы. 12 жылдыкка өтүүдө билим берүү стандарты, программалар, окуу китептер баары өзгөрөт, ага жараша мугалим да өзгөрүшү зарыл деп, жалпы мугалимдерди билимин жогорулатууга, заманбап ыкмалар менен иштеп кетүүгө аракет кылууга чакырып кетти.

БАЛДАРДЫН ӨНҮГҮҮСҮНӨ ЭҢ ЧОҢ ИНВЕСТИЦИЯ БАЛДАРДЫН ӨНҮГҮҮСҮНӨ ЭҢ ЧОҢ ИНВЕСТИЦИЯ БАЛДАРДЫН ӨНҮГҮҮСҮНӨ ЭҢ ЧОҢ ИНВЕСТИЦИЯ

Эскерте кетсек, Билим берүү жана илим министрлиги өткөн аптада 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүүнүн концепциясын бекитти. Эми Кыргызстандын өкмөтү бул маанилүү процесстин иш-чаралар планын бекитүүгө тийиш.

«Республикабызда келерки окуу жылынан тартып мектептер 12 жылдык билим берүү системасына өтөт. Анда учурдагы стандарттар өзгөртүлүп, адистештирилген класстарды уюштурууга өзгөчө көңүл бурулат. Мындай аракеттер дүйнөлүк бирдиктүү стандарттарга кошулуу, балдарыбыздын өнүгүүсүнө эң чоң инвестицияларды салуу, заман талабына жараша алардын эмгек рыногундагы өз ордун табуусуна шарт түзүү болуп эсептелет», — деген эле Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров апрель айында.

“Билим берүүнү трансформациялоонун заманбап стратегиялары” форумуна Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз билим берүү академиясынын, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун кызматкерлери, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн, окуу-методикалык кабинеттердин башчылары, мектептердин директорлору жана мугалимдери катышты. Форум 1-июлдан 3-июлга чейин өткөрүлдү.

Эльвира Какиева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер