БАЛА БАКЧАНЫ КАПТАГАН ЫРАЙЫМСЫЗДЫК ЫЛАҢЫ

  • 20.12.2024
  • 0

Мектеп жашына чейинки бөбөктөрдү мектепке даярдоочу атайын борборлордун жетишсиздиги, баланы бакчага орноштуруу тозоктун тозогуна айланып, коррупциялашып кеткени жөнүндө жамы журтта ачык эле айтылууда. Бала бакчанын көйгөйү анын санына эле эмес, сапатына жетип, анда иштеген адистердин компетенттүүлүгү арсар ой жаратып жатканын кийинки күндөрү байма-бай жарыяланып жаткан видеолор тастыктоодо.

Керкисинде да бар, кемигинде да бар

Алыс барбай эле Сокулуктагы бала бакчадагы беш жашар кыздын өлүмү, Сузак районунун Багыш айылындагы “Кенжетай-1” бала бакчасынын кенже тобундагы балдарды ур-токмокко алып “тарбиялап жатканы, андан да жаманы атасы же апасы сөгүп-сагып, ал тургай чыбыктап сабап “тарбиялап” жаткан видеолордун таралышы бизди аргасыздан жоопкерчиликсиз мамиленин, кайдигерликтин, ур-токмокко алган зордук-зомбулуктун тамыры, өзөгү өз үйүндө жана бала бакчалардан “өнүп” чыгып жатканбы деген түпөйүл ойго кабыласың.

БАЛА БАКЧАНЫ КАПТАГАН ЫРАЙЫМСЫЗДЫК ЫЛАҢЫ

Эмне үчүн балдарыбыз биз ишенип берген мекеме жетекчилеринин, тарбиячыларынын  жоопкерчиликсиз мамилесинен, кайдигерлигинен, сабатсыздыгынан жабыркап жатат? Бул тарбиячы, мугалимге эле эмес, үй-бүлөдөгү ата-энелерге да тиешелүү суроо. Учурда бир миллиондон ашык ата-эне чүрпөлөрүн жакындарына таштап аргасыз эмгек мигрантынын жүгүн артынып алыста жүрөт. Ошол эле учурда ата-энеси кашында туруп жагымсыз кырдаалга кабылган балдардын жеген таягы үчүн “ооз басырык” — компенсация алган ата-энелер четтен табылат. Мен өзүм жакындан күбө болгон бир окуяга учкай токтоло кетейин, себеби, “Керкисинде да бар,  кемигинде да бар” деген макал ушул кырдаалга эп келишип турат. Бишкектеги жеке менчик бала бакчага барган кичинекей кызды тарбиячысы тапичке менен талуу жерине чапканын уккан ата-эне жакшы эле укук коргоо органдарына, Билим берүү жана илим министрлигине чейин арызданууга даярданып жүрүп, аягында тынчып калган. “Гезитке жарыялайм, мындай жорукту жаап-жашырганга болбойт” деп чамынып жаткан атасынын тынчып калышы үчүн “ооз басырык” алган жок деп ким кепилдик берет?! Бул эмнеден кабар берет?

Мамлекеттик бала бакчада чарчап калган Алиянын апасы Аида эки жарым жылдан бери Европада иштейт. Ал Алия менен кичүү баласын таенесине, үч баласын күйөөсүнө калтырып кеткен. “Мен болгону эмне болгонун билгим келет. Эгер тергөө бул кырсык деп окуяны сыпаттап далилдесе, мен аны кабыл алам. Адам баласынын колунан келбеген жагдайлар бар. Бирок азыр тергөө ордунан жылбай атпайбы. Күйөөм да тергөө кандай жүрүп жатат деп милицияга улам каттайт. Ага деле жооп берген киши жок. Кызымдын тайпасындагы башка балдар үйүндөгү ата-энесине “Алия кулап кетип, чарчап калды” деп айтып барышыптыр. Тарбиячынын айткандары менен балдардын айткандары бири-бирине дал келбей жатат…” — деп зар какшайт эне.

Алиянын жакындары окуяны акыйкат териштирип берүүнү суранып, Ички иштер министрине кайрылган. Ноябрдын этегинде чыккан экспертиза наристе бакчада уктап жатып өз кусундусуна какап, чарчап калганын жана башында да жаракаттар бар экенин аныктаган. Ошондон улам кыздын энеси анын өлүмүнө тарбиячылардын шалаакылыгы себеп болду деп эсептейт. Бул окуяга байланыштуу Сокулук милициясы “шалаакылык” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, териштирүүнү баштаганы менен, эки айдан бери иш ордунан жылбай жатканына жабырлануучу тарап нааразы.

БАЛА БАКЧАНЫ КАПТАГАН ЫРАЙЫМСЫЗДЫК ЫЛАҢЫ

Ишти иликтөөнү создуктуруп солгун жүргүзүп жаткан Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринен айырмаланып, Сузак районундагы бала бакчадагы чырга чекит тез эле коюлду. Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Мендирбек Эламановдун айтымында, аталган бала бакчанын башчысы менен дагы эки тарбиячы кызмат ордунан бошотулган. Прокуратура окуя боюнча иликтөөнүн жүрүшүндө бала бакчада системалуу түрдө акча өндүрүү, тарбиячылардын тарбиялоо милдетин аткарбоо, шалаакылык жана кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу орун алганын аныктаган.

Кадрлар баарын чечет

Социалдык тармактарда тарап жаткан видеого укук коргоочулар, айрыкча, балдардын укугун коргоочу мекеме-уюмдар да өз пикирлерин билдирүүдө. Өлкөбүздөгү мектепке чейинки жана мектепте билим берүү мекемелеринде орун алган кырдаалга кадрлардын компетенттүүлүк деңгээли, өз милдетине ат үстүнөн көңүл кош мамилеси жана бала бакча жетекчилеринин он жылдап бир орунду ээлеп отурушу себепкер деп эсептешет. Балдардын укугун коргоо лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова бала бакчалардагы кадр маселесине басым жасоо менен “кадрлар жөнгө коюлбаса, мындай окуялар кайталана берет” деп эсептейт.

Бишкек шаарындагы жатак мектептердин биринде тарбиячы болуп иштеген Алтынай Калмырзаева бала бакчага эң оболу балдарды өзгөчө сүйгөн адистерди тандап алуу керектигин айтты.

— Тарбиячы болуп иштегени бараткан адам өзү үчүн ошол кесип жагабы, балдар менен иштөөгө кызыгасыңбы деген сыяктуу суроолорду тактап алганы оң. Тарбиячынын тайпасында канча бала болсо, ар бирине мээрим төгүшүң керек, ошондо гана ошол кесибиңе кызыгып иштей аласың. Жеке мен үчүн ушундай. Ар бир баланын мүнөзү ар башка, ар бир балага жекече мамиле жасоого аракеттенип, кичинекей балдардын психологиясын изилдеп туруу керек. Баласын колунан жетелеп келип сага тапшыргандан кийин демек, сен ал баланын энесиндейсиң. Кичинекей бала эч качан калп айтпайт эмеспи, ал көргөнүн айтат. Ата-эне кечинде баласынан күнү кандай өткөнүн, эмне кылганын сөзсүз сурайт. Менин бир жакын таанышымдын кызы бакчадан чыгып эле:  “Апа, мен бүгүн ыйладым, эжейим мени тапичке менен урду”-дептир. Эртеси тарбиячысынан такып сураса, кечээ чын эле маанайы пас болуп, ачууга алдырганын мойнуна алып, кечирим сураптыр. Менин жеке оюмда балдардын укугун коргогон мыйзамдарды, жоболорду турмушка ашыруучу көзөмөлдү күчөтүп, бала бакчаларда видеокамера орнотуу керек, — дейт ал.

Ырасында эле тарбиячыларды жумушка алып жатканда анын мүнөзү кандай, балдар менен тил табышып иштей алабы же жокпу тыкыр изилденбей эле кабыл алынып келгенин мойнубузга алышыбыз керек. Кичинекейлер менен иш алып баруучуларга мониторинг жүргүзүп, улам-улам текшерүүдөн өткөрүү деген да жок. Тарбиячыларга тест жүргүзүп, алардын кесиптик потенциалын көтөрүү боюнча окутууларды уюштуруп туруу талап кылынат. Бул жерде айлык маяна да эң алдыңкы ролдордун бирин ойнору талашсыз. Тарбиячылык кесип эмгек акысы аз төлөнгөн категорияга киргендиктен, элет жеринде эмес, борбор шаарда деле жумуш издеп баргандардын баарын эле ылайыкташтырып ала беришкендиги жашыруун эмес.

Ушул көрүнүштөрдүн баары мектепке чейинки мекемелерде эле эмес, жалпы эле билим берүү мекемелеринде укук талаасын орнотуу, балдардын укугун коргоо, жоопкерчиликти күчөтүү багытында мыйзамдарды, атайын жоболорду иш жүзүнө ашыруу талабы солгундап калгандан орун алып жүрбөсүн деген күмөн ой кетет.

Кыргызстанда балдардын укугун коргоо, алардын өмүрүнө, ден соолугуна кам көрүү таптакыр эле колго алынбай калган деп айтууга болбойт. Билим берүү жана илим министрлиги бул тармакка тиешелүү ачыкталган ар бир маалымат, видеолорго өз баасын берүүдө. Министрликтин мектепке чейинки билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Индира Токонованын айтымында, Кыргызстанда “Баланын укуктары боюнча конвенциядан” тышкары, КРнын “Үй-бүлө кодекси”, “Балдар жөнүндө кодекси” жана башка балдардын укуктарын жана таламдарын коргоочу мыйзамдар иштейт.

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-июнундагы №363 Токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын “Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу” мамлекеттик билим берүү стандартында белгиленген милдеттер менчигинин түрүнө карабастан бардык мектепке чейинки билим берүү уюмдарында ишке ашырылууга тийиш. Мындан тышкары, министрликтин 2023-жылдын 19-июлундагы №1448/1 буйругу менен мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдардын ден соолугу менен өмүрүн коргоо жоопкерчилиги ар бир мектепке чейинки билим берүү уюмунун жетекчисине жүктөлгөн. Ошондой эле атайын нускама да бар, аны менен ар бир кызматкерди тааныштыруу милдети да жетекчиде болот. Коомчулукта кызуу талкуу жаратып жаткан бала бакчалардагы терс көрүнүштөрдүн орун алышынын негизги себеби, мекеме башчыларынын, жалпы кызматкерлеринин шалаакылыгынан улам орун алууда десек болот. Массалык маалымат каражаттарында балдар башкалар түгүл, өз ата-энелеринен зомбулукка учураган учурлар кездешип жатканы кейитпей койбойт, — дейт адис.

Анын айтымында, бардык билим берүү уюмдарында зомбулуктун бардык формаларынан коргоо жана алдын алуу, коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүү максатында мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тибине, уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан тез арада видеокөзөмөл орнотуу милдети коюлду. Бул боюнча кайрылуулар Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнө, Бишкек жана Ош шаардык мэрияларына, район-шаар жетекчилерине жөнөтүлдү.

Жер-жерлерде кандай иштер жүргүзүлүүдө?

Учурда мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери, тарбиячылары жана башка категориядагы кызматкерлери үчүн кенже курактагы балдарга карата зомбулукту, бала бакча кызматкерлеринин жүрүм-турумун талкуулаган жыйындар ар бир райондо, ар бир мектепке чейинки билим берүү уюмдарында өткөрүлүүдө. Ал жыйындарга өлкөнүн Ички иштер министрлигинин жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери да катышып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Назгүл Якуповадан алынган маалыматта райондогу 25 мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын директорлорунун катышуусунда балдарга көрсөтүлгөн зордук-зомбулукка каршы туруу, балдардын өмүрүн жана ден соолугун коргоо, зордук-зомбулукту алдын алуу иш-чаралары талкууланган онлайн чогулуштар уюштурулууда. Анын жыйынтыгында ар бир бала бакчада райондук билим берүү бөлүмүнүн, ички иштер бөлүмүнүн, прокуратура, социалдык камсыздоо кызматкерлеринин бирден өкүлүнүн катышуусунда жыйындар өткөрүлсүн деген чечим кабыл алышты. Андан тышкары, Чүй облустук усулдук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Р.Султановдун, райондогу бала бакча, мектеп директорлорунун жана бардык тармак жетекчилеринин катышуусунда отурум өттү. Отурумда балдардын укугун коргоо, балдарга зордук-зомбулук көрсөтпөө боюнча кызуу талкуулар болду. Жыйынтыгында райондогу бардык мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү мекемелеринде жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жана ата-энелердин катышуусунда чогулуштарды өткөрүү, жашы жете элек өспүрүмдөр менен иш алып баруучу кызматкерлери менен биргеликте түзүлгөн графиктин негизинде түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн деген чечимге келишти.

Акыркы маалыматтарга таянсак, республика боюнча 1186 бала бакчада (63,3%) видеокөзөмөл орнотулган. Учурда аларды тайпаларда орнотуу маселеси көтөрүлүп, видеокөзөмөлдүн иштөө жана колдонуу тартиби жөнүндө нускама иштелип чыкты. Андан тышкары, Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдар укуктарын бузууларды алдын алуу боюнча жана балдардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө да методикалык-нускамалар жаңыртылды.

Айнагүл КАШЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер