АЗЫРКЫ МУГАЛИМДЕРДИ ЭМНЕЛЕР ТҮЙШӨЛТӨТ?

  • 28.11.2024
  • 0

Жакында «Мугалим ордо» баракчасында ушундай темада кызыктуу талкуу өтүп,  билим берүү тармагында эмгектенген агартуучулар өз пикирин эч кимден тартынбай жазып жатканы мени бир эсе таң калтырды. Эмесе, бүгүн ошол пикирлерге гезитибизден орун берсек.

АЗЫРКЫ МУГАЛИМДЕРДИ ЭМНЕЛЕР ТҮЙШӨЛТӨТ?

Союз учурунда улуу курактагы агай-эжейлердин:
— Ой тообо, ушу биз кызыкпыз, башка маселебиз жоктой, башыбыз бириккен жерде баягы эле мектеп, окуучулар, сабак, тарбия маселесин сүйлөшөбүз, — дегенин угуп калчумун. Азыркы агай-эжейлер деле ой-пикир жаатында эч өзгөрбөптүр.. Баарынын эс-акылында, оюнда баарынан мурда окуучулары, алардын эртеңи, билим алууга болгон ышкысы, мамилеси экен. Ушуга ата-энесиндей эле кыжаалат болгонун байкадым.

«Азыркы окуучулардын билим алууга кызыгуусу жок, көңүл бурбайт, окуп келбейт, канчалык кызыктуу сабак уюштурсак да, аларга баары бир, сабакта көңүл коштук менен отурушат. Мурдагыдай билим дегенде көздөрү жайнап турган мезгилге кайтса экен…»
(Майрам Латипова)

«Окуучулардын билимге кызыгуусунун төмөндүгү бизди, мугалимдерди, кыжаалат кылууда. Балдар телефондун зыяндуу  таасиринен чыга албай жатышат».
(Жылдыз)

«Окуучуларда эртеңки  келечеги үчүн  ойлонуу жокко эсе. Келечек муундар арасында өз оюн айтуу, баарлашуу, бири-бири менен байланыш азаюуда»
(Сулуукыз Кеңешова)

«Окуучулар маалыматты туш тараптан алган үчүн мээлеринде бош жер калбай баратат»
(Калича  Орозалиева)

«Илгери эң жакшы билимди бизди окуткан агай-эжейлер эч бир жасалмасы жок эле, бир эле бор менен түшүндүрүп келген. Азыр технология жетиштүү, бирок ар бир балада телефон болгондуктан,  аларга биз берген сабактардын эч кызыгы жоктой сезилет»
(Динара Орозмамбетова)

Ооба, жогоруда өз оюн айткан мугалимдердин көз караштары да бир эсе туура. Чынында эле азыркы окуучулар мобилдик телефондун, ар кандай гаджеттердин, интернеттин туткунунда калды.
Бирок, доорго жараша пайда болгон көрүнүшкө шылтай бербей, өзүбүз да окутуунун заман талабына шайкеш келген жолдорун издеп таап, ошону күнүмдүк сабакка киргизишибиз керек деп ойлойбуз. Антпесек, окуучулардын, ата-энелердин ишениминен ажырап калышыбыз толук ыктымал.
Өзүңөр билгендей, мугалимдин мектептеги иши төмөнкү «мугалим — окуучу — ата-эне» үчилтигине түздөн-түз байланыштуу болот:
Мугалим үчүн ата-энелер анын окуу-тарбия ишиндеги эң бир жакын таянычы, колдоочусу болууга тийиш. Иш жүзүндө кандай..?

«Ата-энелер өзүнүн милдетин сага жүктөгөндүгү ойлондурат».
(Жасмин Сүйүнбаева)

«Көйгөйлүү, түшүнүгү тайыз ата-энелердин көбөйүп баратканы кейитет. «Балдарга кошуп аларды да окутуш керекпи?» деп каласың кээде… Албетте, жакшылары жок эмес»
(Нурайым)

«Ата-энелердин милдетин күчөтүү керек».
(Нурийла Абдрахманова)

«Ата-энелердин милдеттерин мугалимдин аткаруусу — бул дагы бир көйгөй».
(Гүлкайыр Андашова)

«Ата энелер  мектеп  менен  байланышкысы келбейт. Баардык  жүк мугалимге жүктөлгөн».
(Сулуукыз Кеңешова)

«Ата-энелердин балдарына билим берүүдө жардамы жоктугу өкүндүрөт».
(Бурул Асанбекова)

«Ата-энелер сабактарга. катышып, балдары. тууралуу көбүрөөк билишсе деген тилекти айткым келет».

(Айсулуу Максудова)

«Ата энелердин мугалимге карата «байкуштугунан мектепте жүрөт» дегендей мамилеси ойлондурат»
(Динара Кыдыралиева)

«Ата-энелер балдарынын тарбиясы менен иши жок. Мугалим билим бергендин ордуна балдардын тарбиясын оңдоо менен сабак бүтөт».

(Аязгүл Сатарбаева, Гүлбадам Жоошова)

Көрүнүп тургандай, мугалимдердин арасында ата-энелердин бала тарбиясына жетик маани бербей жатканына нааразы болгондор көп экен. Эми аны да ата-энелер менен иштөөнүн алдынкы жол-жоболоруна кайрылып жакшыртуу зарыл. Антпесек, ата-эненин колдоосу болбосо, мектепте көрүнүктүү ийгиликке жетүү кыйын.

Санартештирүүгө өттүк, эми мурдагыдай мугалимдин колун байлаган жазуу иштеринин зарылдыгы азайды десек, көрсө азаймак турсун, он эселеп көбөйүп жатыптыр. Агай-эжейлердин өз оозунан угалы:

«Эң башкы көйгөй — кагаздын көптүгү. Мурда   кагаздан көйнөк кие турган болдук деп айтчубуз, эми там сала турган болдук»
(Айгүл Усупова)

«Окуучулар менен иштешелиби же  кагаз ишин кылалыбы, же сабакка даярданалыбы, айтор эмнеден башташты билбей  калдык».
(Бибигүл Жээнбекова)

«Кагазга мектеп жана мугалимдер көмүлүп калган».
(Жеңишбек Абдиназаров)

«Конспект жазбай калган менен сабакты кооздоп өткөн мода болуп калды. Ансыз сабагыңа берилген баа төмөн болот. Эмгегиңди талаага чачып отурасың. Болбогон кагаз жазуулар, улам бир адамдардын таржымалы менен алектенүү тажатты».
(Гүлкайыр Андашева)

«Окутууда  азыркы маселе  — болбогон кереги жок класстык журналды толтуруу. Ошондой эле  канча бир тууганы, канча  бөлмөсү бар  деген класстык журналды жок кылып салса  жакшы болмок. Дегеле КАГАЗ  иштерин азайтуу зарыл».
(Чынара Жунусова)

«Мугалимдер сабак өтпөй эле кагаз ишин кылып отурмай заман болду».
(Гүлбадам Жоошова)

«Жазуу иштеринин көбөйгөнү кыйнады».
(Заилова Тураргүл)

«Мугалимдин сабакка арналчу убактысын Соцфондго, акимиатка, райОНОго, ички иштер бөлүмүнө, жетектөөчү адистерге, медпунктка, граждандык коргонуу бөлүмүнө, МЧСке, камсыздандыруу боюнча отчет жөнөтүүгө байлап коюшкан.
(Гүлзат Сатибекова)

Жогорудагы пикирлерге Нурайым аттуу мугалимдин «Кагаздарды азайтсак, мугалим көбүрөөк изденсе керек» деген ою менен жооп берүүнү туура көрдүк. Анткени, мугалимге чыгармачылык эркиндик бербей туруп, мектепте билим сапатын жогорулатуу мүмкүн эмес.

Өз пикирин айткандардын арасында мектепте ар кандай методдор танууланып жатканына, айлык акынын аздыгына кабатыр болгондор жок эмес.

«Жылда ар кандай баш айланма нерселерди: ар мамлекеттин үлгүсүн, программасын туурай бергендиги, СТЕМ, Пиза, Энелер мектеби, интерактивдик окутуу, инновациялык окуу материалдарын колдонуу,  Сингапур методун, Фин тажрыйбасын үйрөнүү, толгон-токой семинар-тренингдерге, курстарга жазылып окуу, сертификат сатып, китеп сатып алуу,  кыскасы, айланпа бизнестин ичинде калдык. Методдордон баш айланат».
(Тынчтык Тойчубеков)

Тынчтык агайдын да өз чындыгы бар. Бирок ар бир доордун өз мугалими, өз усулдары, жаңылыктары болот, андан артта калсак, азыркы балдарга кантип жугумдуу сабак бере алабыз, ушуну да ойлонолу агай-эжейлер!
Бир жагы биз, чоң өзгөрүүлөрдүн босогосунда турабыз — Кыргызстан 12 жылдык билим берүүгө багыт алды. Ошого ар бирибиз аракет кылалы. Карап турган болбойт. Ал эми сиздер айткан көйгөйлөр тууралуу биздин жер-жерлердеги жетекчилер түз ойлонуп, туура жыйынтык чыгарат деген ишеничтебиз.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

.

Бөлүшүү

Комментарийлер