АЙЫЛ МЕКТЕБИН КАНТИП КӨТӨРӨБҮЗ?
- 14.11.2024
- 0
Жакында Америка университетинде «Тоо балдары» коомдук фонду уюштурган «Мектеп менен демөөрчүнү кантип табыштырабыз?» аттуу маанилүү жыйын өтүп, анда 12 жылдык мектепке карай багыт алган элеттик мектептин эсепсиз маселелери талкууга коюлду.
Чындыгында эле көйгөйлөр көппү?
Акыркы маалыматтарга караганда (2022) тоолуу өлкөбүздөгү 2364 мектепте 90 миңге чукул педагог иштесе, анын ичинен 60 миңи элет жеринде эмгектенет экен. Демек, биз элет мектебин жакшыртуу аркылуу өлкөбүздүн жалпы билим берүү системасына таасир эте алабыз. Билим берүү жана илим министрлигинин билим берүүнү заман талабына шайкеш трансформациялоо аракеттери өз жемиштерин берип жатканына карабастан, учурда элет жериндеги мектептерде бир топ көйгөйлөрдүн бардыгы коомчулукта айтылып келүүдө. Төмөндө ошондой маанидеги айрым пикирлерге назар салсак.
«Айылдык мугалимдердин көйгөйү өтө эле көп», — деп белгилейт Базар-Коргон районунан ардагер агартуучу Буузия Сулайманова. — ‘Эң эле орчундуусу китеп маселеси, андан кийинкиси жаш педагогдордун өз кесибин жактырбаганы, мугалимдин аброюнун төмөндөп баратышы, буга кошулуп ата-энелердин мектепке терс көз карашта болушу, койчу, айта берсе жетишпеген жактарыбыз толтура экен».
Ушул эле ойду улап куш ысымдуу Лейлек районунан чыгармачыл мугалим Тайир Аширбай: «Шаардагы бир топ мектептерде акылдуу доскалар бар. Элеттиктерге ошол жаңылык жете элек. Тил үйрөтүү курстарынын, ЖРТга даярдоочу курстардын дээрлик бардыгы шаарларда жайгашкан. Айыл-кыштактарда да ошолордун филиалдарын ачуу керек» дейт.
Дагы бир жарандык активист Абдугани Эшиев: «Китеп маселесин чечиш керек. Китептер ар кандай автордун атында чыгып, ата-энелер кайсынысын сатып беришти билбей, ашыкча чыгым болушту. Окуу китептерди чыгарууну иретке келтирүү керек» деп эсептейт.
Китеп көйгөйүнө көңүл буруу учурдун талабы экендигин Айтумар Шамшиева да баса белгилеп, окуу программаларын жеңилдетүүнү жана мектеп формасын улут талабында иретке келтирүүнү сунуштайт.
Ал эми ак карлуу Алай районунан Сайра Тургунбаева бийик тоолуу, шарты катаал айылдардагы мугалимдердин жашоо шарты оор деп ойлойт.
— Шаардагыларга салыштырмалуу айылдык мугалимдердин түйшүгү оор; бир эле мисал электр энергиясы тез-тез өчүп, сабакка даярданууда мугалимдин колун байлайт, — дейт ардактуу агартуучу.
Айылдык мугалим Асыл Алибекова элет жеринде окуучуларды информатика сабагын практика түрүндө өтүүдө компьютерлер жетишсиз болуп, окуучулардын теориялык билими практика жүзүндө бекемделбей каларын белгилейт.
Азат Шерматов аттуу жараныбыз мугалимдин айлыгынын аздыгынан канча жаштар чет өлкөгө мигрант болуп кетип жатышканын, мугалимдин эмгек акысы менен үй алуу, машина алуу, саякатка чыгуу такыр мүмкүн эместигин ачык айтат:
— Айылда билим өтө начардыгынан кээ бир айылдарда 9-класстан соң айылда окубай, шаардык мектептерге же колледж, лицейге кетип калып, 10-11-класстар жоюлуп кетип жатышат. Мугалимдердин көпчүлүгү сырттан окугандар, азыркы заманда күндүзгү окуган жаштардын көпчүлүгү билимди сатып алышкандар, ал эми сырттан окугандардын билими такыр эле нөл! Эмгек акынын аздыгынан эркек балдар мугалим болгусу келбей, азыр кээ бир жерде бир мектепте экиден үчтөн эле агайлар иштеп жаткан мисалдар бар. Эркек мугалим сабак берсе, мектепте тарбия жана сүр башкача болмок. Эжекелерди кээ бир эркек балдар тоготпой, маселе жаралууда.
Андан ары ал элет мектебиндеги китеп көйгөйүнө да токтолот:
— Экинчи жүрөктү өйүгөн нерсе китеп маселеси. Шаар жеринде базарга жакын эмеспи, элет жерине китеп сатып адам чанда барат. Ошон үчүн министрлик китеп менен ар бир айылды камсыз кылыш керек. Китепсиз билим берүү такыр мүмкүн эмес. Кээ бир окуучуну көзгө сайып көрсөтүп жатсаң дагы окугусу келбейт. Китептин тартыштыгы окугусу келбеген окуучу үчүн чоң шылтоо болууда.
Агартуучуларга ысмы таанымал илимпоз мекендешибиз Гүлпери Адилова элет мектебинин эң чоң көйгөйү катары мугалимдердин инновацияга карата жеке мамилесин көрсөтөт.
— Кесипкөй мугалимдердин ар биринен ар бир окуучу көз каранды. Мугалим окутуу-тарбиялоонун заманбап технологияларын колдонгонду билбесе, кайсы окуу китеби инновацияланганын талдай билбесе, анда окуучу учурга ылайыкташкан билимди ала албайт. Андыктан, мектепке мугалимдерди сапаттуу даярдоо маселеси тезинен ЖОЖдордо чечилиши керек.
Соңку пикирге да орун берсек. Сүйүмкан Жумагулова мындай деп жазат:
— Мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу үчүн билим кербени, көчмө семинар, көчмө лекция сыяктуу усулдук жардам берүүнү уюштуруу зарыл. Окуучунун билими мугалимдин берген сабагынан көз каранды экенин ар убак айтып келебиз, ошондуктан окуучунун партада убакытты текке кетирип отурушуна чекит коюп, ар бир мугалим өзүнүн үстүнөн тынымсыз иштеши керек.
Көйгөйдөн коркпогон кайраткерлер жана айылга кол сунган ишкерлер
Окуучулардын билим сапатын жогорулатуу мугалимдердин кесиптик даярдыгына түздөн-түз байланыштуу экени азыр айныксыз аксиомага айланды. Жогорку Кеңештин депутаты Эльдар Абакиров жыйында бул жаатта чогулган көйгөйлөрдүн экономикалык негиздерине дыкат токтолуп, муну чечүү көп аракетти, көп каражатты талап кыларын жашырбады.
Бирок кудайдын кулагы сүйүнсүн, элет жеринде жашаса да, изденип, коомчулукту көйгөйдү чечүүгө мобилизациялап, агартуу ишинде ийгиликке жеткен күжүрмөн агартуучулар, билим берүү мекемелери, коомдук бирикмелер бардыгы бул жыйында айкын болду.
Ат-Башы районундагы Бирлик айылынын Самудин Мырзакматов орто мектеби өздөрү иштеп тапкан акчага өз маселелерин өзү чечип, чыгармачылык менен иштеп жаткан билим берүү мекемелеринин анабашы. Жаш директор Асанов Тыныбек жетектеген бул билим ордосу аз эле жылда демөөрчүлөрдүн колдоосу аркылуу 30 түстүү телевизор сатып алып, ушунча сандагы окуу каанасын айыл ичиндеги өмүрү өрнөк инсандардын урпактарынын, балдарынын көмөгүндө жабдып, жасалгалап алышкан. Мектептин көмөкчү чарбасынын иши да мактоого татырлык. Учурда мектеп алдындагы көмөкчү чарбада 100дөн ашуун кой багылууда.
Айыл жеринде жайгашкан «Кут Билим» билим берүү мекемелери «Мектеп — окуучу — ата-эне» үчилтигин ийгиликтүү ишке ашырып жатыптыр. Мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу максатында «Кут Билим» билим берүү мекемелеринде жаш адистердин мугалимдик кесипке болгон сүйүүсүн бекемдеген «Жаш мугалим» клубу, китеп окууга кызыгуусун өөрчүткөн «Китеп сүйүүчүлөр» клубу кынтыксыз иштеп, методикалык жардам иретинде завучтун ачык сабакка катышуусу колго алынганын «Кут билим» билим берүү мекемелеринин башкы директорунун орун басары Нургазы уулу Данияр мында чогулгандарга айтып берди.
Мугалимдер институтунун директору Алмазбек Токтомаметов элет жерине кесипкөй адисти даярдап берүү ириде педагогикалык багыттагы ЖОЖдордун милдети экенин көрсөтүп, тилекке каршы азыркыга чейин ЖОЖдордо бул маселеге жетик маани берилбей келгенин өкүнүч менен белгиледи.
— ЖОЖдун окутуучулары бизден мектепте кайсыл китептер окутулат деп сурашат, студент муну окуп жүргөндө эле билиши керек эле да? Ага муну ким айтат? — деп орундуу суроо узатты докладчы.
-Былтыр бизге жыйырма жылдан бери курстан өтпөгөн мугалим окууга келди. Көрдүңүздөрбү, айрым мугалимдер кесиптик даярдыгына кандай мамиле жасашат! Өзбекстанда 33 саат менен мугалимдер жыл сайын кесиптик чеберчилигин арттырууга милдеттүү, — деди Алмазбек Даткабекович.
Астана шаарынан жыйындын ишине онлайн форматта катышкан Назарбаев университетинин профессору Дүйшөн Шаматов билим берүү жаатындагы ар кандай жаңы идеянын, долбоордун туруктуулугуна бөтөнчө маани берүүгө чакырды.
Туруктуулук маселесине келсек, кичинекей Кыргызстанда алдыдагы милдеттерди аткарууга жалпы коомчулукту мобилизациялап, бел чечпей иштеп жаткан коомдук бирикмелер жок эмес.
Мисалы, «Чырак» коомдук фонду мугалим болом деген жаштарга 8 миңден стипендия берип, студенттик аудиториядан эле окутуучулук кесипке багыттап жатат.
— Педагогика адистигинде окуган 3-4 курстун студенттерине 10 ай бою 8 миңден стипендия бердик. Кийин жети бүтүрүүчүнү айылдарга жибердик. Алайга жиберсек, кийинки жылы дагы бирди жөнөтүңүз дешти. Андан кийин дагы башкасын сурашты. Жаш адистер 17 миң сом алат экен, биз фонддун эсебинен айлыгын 35 миң сомго чыгарып бердик, — дейт «Чырак» фондунун жетекчиси Бакытбек Абдылдаев.
Элет мугалимдеринин кесиптик чеберчилигин арттырууда жана алардын ата-мекендик жана эл аралык алдыңкы тажрыйба менен таанышуусуна өлкөбүздө аракеттенген «Заманбап мугалим» долбоору, Zeen билим берүү борбору чоң салым кошууда.
Kalem лидерлер академиясынын жетекчиси Талант Ниязбековдун айтуусунда, алар өлкө боюнча 235 мугалимдин лидерлик сапаттарын өнүктүрүп, катышуучуларга Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте даярдалган сертификаттарды тапшырышкан.
Акынбек Эргешов жетектеген “Тоо Балдары” коомдук Фондунун «Китеп сааты» долбоору бийик тоолуу аймактарда бир топ алгылыктуу иштерди аткарып жатат.
— Айыл мектептерин аралап жүрүп биз эне тилиндеги тестиер балдар окуй турган китептер дээрлик жок экенине күбө болдук. Китеп окуйм деген балдар аз. Төртүнчү класста минутасына 10 сөз окугандар да бар экен, — деди «Китеп сааты» долбоорунан Насыпбек Асанбаев.
Аталган долбоор менен тыгыз байланышта иштеп жаткан Кочкор районундагы Кара-Күңгөй айылынын Аблес уулу Алайдар орто мектебинин башталгыч класстар мугалими Кармышева Нургүл долбоордун алкагындагы иш-аракеттер өз жемишин берип баштаганын кубануу менен билдирди.
— Эң башкысы, балдардын китеп окуу каалоосу өөрчүдү. Долбоор алып келген китептерди балдар калтырбай окуп жатышат, — дейт мугалим.
Жыйында ишкерлерди билим берүү тармагына тартуу жолдору да талкууга алынды.
“Билимдүү Кыргызстан” улуттук демилгесинен Гульнара Каликова Билим берүү жөнүндөгү мыйзамга киргизилген акыркы өзгөрүүлөр ишкерлерге билим берүү тармагында кооптонбой инвестиция кылууга мүмкүнчүлүк берет деген оюн айтты.
— «Менчик мектептин уставы Билим берүү жана илим министрлигинен бекитилсин, жана ал милдеттүү түрдө аккредитациядан өтсүн» деген жоболорду алып салдык, — деди Гульнара Каликова.
Учурдагы мыйзамдардарга таянып өз ишин тынымсыз жүргүзүп жаткан «Нова» мектеби (Замир Жамалиддин уулу) ишкерлерге кантип алыскы аймакка мектеп салууну үйрөткөнүн кошумчалай кетейин. Лейлек районунун Кулунду айыл аймагындагы миллион долларлык заманбап бул башталгыч мектеп — азырынча элет жеринде салынган менчик мектептердин эң алгачкысы.
А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»
·
Комментарийлер