АЯЛЗАТЫНАН ЧЫККАН АЛГАЧКЫ МАНАСЧЫ

  • 22.11.2022
  • 0

КР Билим берүүсүнүн мыктысы, насаатчы математик мугалим Зууракан Сыдыкова 1971-жылы мурдагы Пржевальск, азыркы Каракол шаарындагы мамлекеттик педагогикалык институтунун математика факультетин аяктагандан бери билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенип келатат. Каракол шаарындагы №5 мектептин насаатчы математика мугалими Зууракан Акимкановнанын башка кесиптештеринен өзгөчөлөнгөн бир өнөрү бар.

АЯЛЗАТЫНАН ЧЫККАН АЛГАЧКЫ МАНАСЧЫ

Акимкан комузчунун өнөрлүү балдары

Зууракан Сыдыкованы жердештери “Манасчы математик мугалим” катары жакшы билет. Айрыкча, ушул жайда элдин сүймөнчүгүнө айланган кыз-жигиттин “Сармерден” оюн-зоок теле көрсөтүүсүнө катышкандан бери анын күйөрмандары мурдагыдан да көбөйдү десек болот. Чындыгында Зууракан Сыдыкова Кыргызстандагы аялзатынан чыккан алгачкы жана азырынча жалгыз манасчы деп расмий таанылган.

Зууракан Акимкановнанын манас айтып калганы да бекеринен эмес. Ал өнөр түптөп, өнөр аздектеген Түп районунун Талды-Суу айылында көп балалуу үй-бүлөдө тарбияланып өскөн. Көптөгөн жооптуу кызматтарда, анын ичинде мектепте мугалим болуп иштеген атасы Акимкан Сыдыков элге-журтка эмгеги сиңген, кыргыздын залкар күүлөрүн чебер аткарган чоң комузчу катары күүлөрү кыргыз радиосунун алтын казынасында сакталган таанымал адам эле. Анын согушта дайынсыз жоголгон таякесине арнаган “Алмакун” деген күүсүн Казакстандын “Отрар-Сазы” деген үлкөн оркестри иштеп чыгып, аткарып жүрөт. Энеси Сыдыкова Ракыя 12 баланы тарбиялаган үй кожойкеси болчу. Экөө балдарынын баарына жогорку билим берип, билимдүү гана эмес, улуттук каада-салтты, айрыкча, өнөрдү сүйүп баалаганга басым жасап, шык-жөндөмдөрүн өркүндөтүүгө далалаттанчу.

АЯЛЗАТЫНАН ЧЫККАН АЛГАЧКЫ МАНАСЧЫ

“Аккан арыктан суу агат” демекчи, уулу Муканаалы Сыдыков өзү аскер дарыгери болсо да, комуз черткен, “Жорго салыш” симфониялык күүсү, “Эне нуру”, “Алыкулдай сүйүп калдым” деген обондору менен элге кеңири таанылган комузчу, обончу болсо, дагы бир баласы кесиби боюнча технолог Акматкалый Сыдыков эстрада сүйүүчүлөргө “Кош жылдыз”, “Асылым”, “Кызыл гүл”, “Мырза жигит”, “Той ыры” ж.б. баш-аягы отуздан ашык обондору менен жакшы тааныш.

— Атамдын мугалим, экономист, бухгалтер жана зоотехник деген төрт диплому болгон. Апам экөө “Окугула, билимдүү адам алдыга озот” — деп, ар тараптан жардам берип, уул-кыздарын эле эмес, келиндерин да окутуп, небере-чөбөрөлөрүнө чейин жогорку билим алышына кам көрдү. Атам жарыктык, төрт билиминин ичинен мугалимдик кесипти өтө жогору тутар эле. Ошондон уламбы, кыздарынан мен, сиңдим Дамира, Гүлшара мугалимдик кесипти окудук. “Атын атаса, куту сүйүнөт” демекчи, баарынын тең атын атап кетпесем болбос. Жеңем Асыл орус тили жана адабиятынан мугалим, иним Бейшембек аялы Гүлай экөө тең математик, дагы бир иним Ишембек математик, аялы  Шарипа тарыхчы, иним Бегималы да математик. Калгандары — бухгалтер, технолог, экономист. Улуу жеңем Камиля – бухгалтер, иним Касымакун келинчеги Турган экөө тең технолог, Бегаалы – математик, жубайы Нурбүбү – экономист, Нураалы – механик, аялы Каным – экономист, Кенжекан менен Кенжебек — экономист-бухгалтер. Бир туугандарымдын баарынын кесиби мына ушундай ар түрдүү болгону менен баары бирдей комуз чертет. Ушунун баары ата-энебиздин уюткулуу тарбиясы, сыймыгы деп билем, — дейт Зуура эже.

АЯЛЗАТЫНАН ЧЫККАН АЛГАЧКЫ МАНАСЧЫ

Ушул бир туугандарынын ичинен жараткандын амири менен эркектерге берилчү манас айтуу өнөрү Зуура эжеге оогону да табияттын биз али аңдап биле элек сыры болсо керек. Аны убагында башкалар түгүл, өзү да көпкө чейин баалап-билбей жүрдү.

— Манас айтуу да өзүнчө жоопкерчилиги, азабы күчтүү өзгөчө касиеттүү өнөр болот экен, аны мойнума алуу да оңой болгон жок. Эс тартканы түнү бою ар түрдүү түштөр кирип уктатчу эмес. Мындай көрүнүштөр турмушка чыккандан кийин күчөдү, өзгөчө үйгө коноктор келип, арак ичилген түнү кыйналып чыкчумун. Ошонун айынан ажырашып да кеттим. Мойнума алгандан кийин ата-энем ырым-жырымдарын жасап, элден бата алган. Эсимде, күз мезгили эле, менден кийинки иним кыздуу болуп, атамдар жентек берип жаткан. Туугандар келип, атам комуз чертип, үйдө кирди-чыкты адамдар көп эле. Бир маалда мен өзүмдү башкача сезип, бир орунга олтура албай кыйнала баштадым. Кандайдыр бир үн кулагыма “эшикке чык” – деп буйрук бергендей болду. Эшикке сырткы кийимимди кийбей чыгыптырмын, эт бышып жаткан очокко барганымды бир билем, ошол бойдон эс-учумду жоготуптурмун. Кийин атамдын айтып бергенине караганда, денем муздап калганга чейин эсиме келбей жатыптырмын. Ошондо атам мени көтөрүп алып ары-бери баса берген экен, бир маалда эсине келип “актык-актык” деп ак чүпүрөктү чекеме байлап “айт, айт” дегенде, мен манас айтып баштаптырмын… Эс-учумду жоготкон маалда көргөн түшүм али күнчө эсимде. Мени Сыдык чоң атам жетелеп жүрөт. Мен аны көргөн эмесмин, ал атам алты жашында каза болгон экен, бирок сүрөттөөм боюнча чоң атама окшоштурду. Сыдык чоң атам мени колумдан жетелеп, экөөбүз тоо аралап бараттык. Аңгыча сол жагы караңгы, оң жагы жап-жарык күн тийип турган жерге келдик. Алдыбыздан чоң боз үй көрүндү. Боз үйдүн босогосунда эки жагында эки желдет турат, колдорунда найза. Биз барып токтогондо, адегенде киргизбей койду. Анан уруксат берди окшойт, атам ичине киргенден тарта жүгүнө баштады. Өзүм ичимден эле тиги ортодо жамбаштап жаткан Манас, жанындагылары Бакай ата, Алмамбет, Чубак, Сыргак экен деп божомолдоп атам. Биринен бири сүрдүү, айбаттуу. Чоң атам: “Ушул менин небере кызым, манас айта албай жүрөт. Уруксат сураганы келдим, уруксат бергиле…” — деди. Аңгыча Бакай ата ордунан тура калып: “Айтат, айтат, айтат” деп үч жолу бекем-бекем айтты. Чоң атам ыраазы болуп ийилип, арты менен акырын жылып чыгып кеттик. Биз Манастын өргөөсүнө барган экенбиз деп билдим. Ошондон кийин манас айта баштадым, — деп эскерет.

“Сармерденге” катышкан манасчы математик

Зууракан эженин турмушунда башкалар түшүнө бербеген мындай сырдуу көрүнүштөр көп эле кайталанды. Азыркыча айтканда, илхамы келгенде күнбү, түнбү, үйдөбү же сырттабы, айтор, бир маалда өзүнүн да акыл-эркине баш ийбеген бир күч орошон болуп оргуштап келер эле. Шартка жараша Манасты оозеки айтпай, көбүнчө кагазга түшүрүп, жазып алып жүрдү. Кээде мектепте сабак өтүп олтурганда да, көзүнө ар нерселер көрүнүп, эстен танып калчу. Ошол кезде түшүнө үйүр-үйүр жылкылар, зоот кийинген аскерлер кирер эле. Ал мезгил коммунисттик идеология күчтүү, атеизм үстөмдүк кылып турган учур болгондуктан, мындай рух дүйнө, өзгөчө касиеттер жөнүндө түшүнүк да жок эле.

АЯЛЗАТЫНАН ЧЫККАН АЛГАЧКЫ МАНАСЧЫ

— Мени ушул жайда Түп району менен Лейлек районунун өнөрлүү жаштары катышкан “Сармерденге” чакырып калды. Негизи бул оюн жаштардыкы эмеспи, биздин райондо дагы бир манасчы бар эле, экөөбүздү айттырып көрүп, жашым улгайганыма карабай, мен өтүп калдым. Филармониянын чоң залында болгон “Сармерденде” мен Жолой менен Кошойдун күрөшүн айттым. Тилекке каршы, убакыт тартыштыгына байланыштуу кыскартууга туура келди.

Эми чындыгында “Манас” эпосуна эле эмес, башка эпосторго, элдик чыгармаларга, түшүнүү менен астейдил мамиле жасашыбыз керек. Кийинки жаштарга үйрөтүүдө да өзүнчө даярданып, терең түшүнүп, анан оозго алууга тийишпиз деп ойлойм. Балким кээ бири менин жогорудагы көргөн түштөрүмдү фантазия же дагы башка деп ой жорушу мүмкүн. Манастын руху, духу тирүү, ал өзгөчө касиети менен унутулбай, ооздон-оозго көчүп жүрүп олтурганы да жөн жерден эмес. Андыктан, кийинки жаштарга, деги эле Манас атабызды оозангандарга бул темага өзгөчө этият мамиле жасагыла дегим келет, — дейт Зуура эже жаштарга кайрылып.

АЯЛЗАТЫНАН ЧЫККАН АЛГАЧКЫ МАНАСЧЫ

2014-жылы республикалык “Манас” жаштар ордосу Зууракан Сыдыкованын варианты боюнча манас таануучу, ф.и.к. Жылдыз Орозобекованын жалпы редакциясы астында “Чоң казат” жана “Көкөтөйдүн ашын” жарыкка чыгарган. Азыркы күндө анын айтуусунда “Манас” эпосунан тогуз калың дептер кол жазма түрүндө сакталып турат. “Манас” эпосунан тышкары ал “Жаныш-Байыш” кенже эпосун да өзүнүн вариантында кагазга түшүргөн.

Зууракан Акимкановна учурда өзү сүйгөн мугалимдик кесипте балдарга математикадан сабак берүү менен бирге, касиет даарыган манасчы катары сый-урматка татып, эмгек жамаатында да кадыр-баркы жогору педагогдордун сап башында турат. “Кесибинин мыкты адиси”, “Устат мугалим”, “КР билим берүүсүнүн мыктысы” төш белгиси жана башка көптөгөн ардак грамоталары, сыйлыктары анын ак эмгегинин айкын күбөсү.

 

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер