АКЫНДЫК ДҮЙНӨНҮН асылдыгы Билим Карагулов 90 жашта
- 15.05.2026
- 0
Кыргыз балдар адабияты менен басма сөзүнүн тарыхында өзүнчө бир доорду түзгөн инсандар бар. Алар – сөздүн кадырын билген, келечек муундун руханий дүйнөсүн сугарган нагыз таланттар. Мына ошол «алтын доордун» тирүү легендасы, белгилүү акын, коомдук ишмер Билим Карагулов бүгүн 90 жаштын төрүнө чыгып отурат.
АДАБИЯТ АЙДЫҢЫНДАГЫ ЖАҢЫ ҮН
Өткөн кылымдын орто ченинде кыргыз поэзиясына М.Жангазиев,
А.Токтомушев сыяктуу залкарлар жол салса, алардын изин басып, адабиятка жаңы дем, өзгөчө үн менен бир топ жаш таланттар кошулган. Алардын сап башында
Ж.Абдыкалыков менен Билим Карагулов бар эле. Экөө тең тагдырлаш болуп, пионердик басылмаларда такшалып, алгачкы жыйнактарын окурмандарга тартуулашкан.
Билим Карагуловдун «Мандалак» аттуу тунгуч жыйнагы жарык көргөндө, андагы ырлар мектеп окуучулары тарабынан декламация катары пафостуу обон менен жатка айтылып, балдардын оозунан түшпөгөн сүйүктүү чыгармаларына айланган. Улуу муун өкүлдөрү бүгүн да ошол «Мандалактын» мукамдуу саптарын сагыныч менен эскеришет. Бул жөн гана китеп эмес, бүтүндөй бир муундун балалык чагынын гимни эле.

БАЛДАР ДҮЙНӨСҮНҮН КЫЛДАТ СҮРӨТЧҮСҮ
Акындын чыгармачылык табияты «Мектеп» басмасында жана «Кыргызстан пионери» гезитинде иштеп жүргөндө биротоло калыптанды. Анын ырларында балалыктын тазалыгы, кызыгуусу жана тамашакөйлүгү катылган. Билим Карагуловдун таланты кыргыз чөйрөсү менен гана чектелбей, бүтүндөй союздук масштабга чыккан. Анын «Львенок и теленок», «Сколько ног у скакуна» сыяктуу китептери орус тилине которулуп, миңдеген жеткинчектердин сүйүктүү чыгармасына айланган.
Ошондой эле, ал – дүйнөлүк классиканы кыргыз окурмандарына жакындаткан чебер котормочу. Анын элпек, мукам, куудул стили бир кезде которулган Агния Бартонун “Машенька”, Самуил Маршактын “Акылдуу чычкан тууралуу жомок”, “Мышыктын үйү” аттуу жыйнактары да ушу күнгө чейин суктанарлык даражасын жогото элек. Башкача айтканда, бул алптардын чыгармалары Билим аганын калеми аркылуу кыргыз тилинде экинчи өмүрүн тапты.
МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ ЖАНА АГАРТУУЧУЛУК МИССИЯ
Билим Карагулов – калем менен мамлекеттик ишти тең кармаган сейрек инсандардын бири. Анын баскан жолуна көз чаптырсак, жооптуу кызматтардын бүтүндөй тизмегин көрөбүз. Басма комитетинин төрагасы болуп иштеп, китеп басып чыгаруу ишин жаңы деңгээлге көтөргөн. Мамлекеттик сырларды сактоо башкармалыгынын жетекчиси, Партиянын БКсынын бөлүм башчысы жана Жогорку Советтин депутаты (1980) болуп, элдин мүдөөсүн жогорку трибуналардан көтөрүп чыгып, бир канча маселенин чечилишине өбөлгө болгон.
Ардактуу эс алууга чыгар алдында «Эл агартуу» жана «Береке» журналдарын жетектеп, кыргыз агартуу тармагынын руханий уюткусун сактоого жанын үрөдү. Анын «Республиканын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» деген наамы – бул ошол талбаган эмгектин адилеттүү баасы.
Элибизде «Атына жараша заты» деген терең маанилүү кеп бар. Билим Карагулов! Билим агабыздын бүтүндөй өмүрү билимге, илимге жана агартууга арналды. Ал өзү дайыма изденүүнүн үстүндө болуп, мектептен тартып университеттин босогосуна чейин, андан ары мамлекеттик башкаруунун эң татаал тепкичтерине чейин билимдин күчү менен көтөрүлдү.
Билим, таалим-тарбия берүүчү “Кыргызстан пионери”, “Эл агартуу” газета-журналында кыйла жылдар бою жан дили менен берилип иштегендиги да жөн жерден эмес. Демек, ал кызматтык жан дилин жалаң гана маданиятка эле эмес, кыргыз билимине эмгек сиңирген инсан, ишмер. 90 жылдык юбилей тууралуу кеп-сөз алгач “Кут Билим” газетасында башталып жаткандыгы да бекеринен эмес. “Эл агартуу” журналы да эзелки баш редакторунун орун басарын урматтап, эскерип олтурат. Бул баарыбыз үчүн бирдей кубаныч.
90 жылдык торколуу тоюңуз куттуу болсун, Билим ага! Сиздин асыл дүйнөңүз кийинки муундарга жол көрсөтүүчү жарык жылдыз болуп кала бермекчи!

ПУБЛИЦИСТИКА ЖАНА ЧОҢДОР АДАБИЯТЫ
Акындык асыл дүйнөнүн ээси жалаң гана бөбөктөр ааламы менен чектелген эмес, ал арышын чоңдор адабиятына да кенен таштаган талант. “Аалам Магелландары” аттуу публицистикалык поэмасы өткөн кылымдын 70-жылдарында эл оозуна көбүрөөк алынган чыгармалардан боло алды. Ал У.Токомбаев, С.Токомбаеванын орусча котормосунда “Огонёк” журналына басылып, автор союздук деңгээлдеги престиждүү сыйлыктын лауреаты болгон. Бул – кыргыз адабияты үчүн ошол кездеги чоң жетишкендик эле.
ДАРХАН ЖОЛ
Билим Карагулов 1936-жылдын 1-майында Жумгал районунун Чаек айылында төрөлгөн. Ал 1959-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктап, кийин 1969-жылы Москва шаарындагы Жогорку партиялык мектептен билим алган.
Эмгек жолун жаштар басма сөзүнөн баштап, 1959–1972-жылдары «Кыргызстан пионери» гезитинде бөлүм башчы болуп эмгектенген. Ошондой эле «Мектеп» басмасында, «Кыргызстан коммунисти» журналында бөлүм башчы кызматтарды аркалаган. Ар кайсы жылдары партиялык органдарда, мамлекеттик мекемелерде жетекчилик кызматтарда иштеп, басма сөз жана полиграфия тармагынын өнүгүшүнө салым кошкон.

1985–1986-жылдары Басма, полиграфия жана китеп соодасы боюнча Кыргыз мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп иштеген. Андан соң «Эл агартуу» журналында редактордун орун басары, ал эми 1991–1994-жылдары «Береке» гезитинин редактору кызматын аркалаган.
Билим Карагуловдун чыгармачылык жолу да жемиштүү болгон. Анын «Мандалак» аттуу китеби 1960-жылы жарык көргөн. Ал 1980-жылы «Огонек» журналынын лауреаты аталган. Мындан тышкары, 1980–1985-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болуп шайланып, 1984-жылы Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамына татыган.
Токтосун САМУДИНОВ,
Кыргыз эл акыны
Комментарийлер