5-КЛАССТАРДЫН «СЕКИРИГИ» ЖАНА ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНДАГЫ ЧАКЫРЫКТАР
- 04.06.2026
- 0
Кыргызстандын билим берүү системасы глобалдык стандарттарга шайкеш келүү жана окутуунун сапатын жогорулатуу максатында 12 жылдык билим берүүгө өттү. Бул реформанын талкуу жараткан бөлүгү — жаңы окуу жылындагы 5- жана 6-класстардын бир убакта 7-класска өтүү процесси.

Ким, кантип окуйт?
Реформанын алкагында окуучулар бир нече агымга бөлүнүп, 5-класстын окуучулары секиришет (интеграцияланган 5+6 программасы). Бул окуучулар тездетилген программа менен 5- жана 6-класстын материалдарын чогуу өздөштүрүп бүтүштү. Алар программалык боштук калтырбастан, түз эле 7-класска кадам ташташат. Азыркы 6-класстар кадимки тартипте эле өз учуру менен 7-класска өтүшөт. Ал эми 4-класстын бүтүрүүчүлөрү жаңы окуу жылында 5-класска барышат, бирок толугу менен жаңыланган 12 жылдык программанын негизинде окууну улантышат.
Кенже класстар (1-2-класстар) — буга чейин эле жаңы системага ылайыкташып баштагандыктан, реформанын нугу менен түз кетишет. Ошондой эле жогорку класстар (8-10-класстар) — реформа алардын окуу процессине тоскоолдук жаратпайт. Алар мурдагы 11 жылдык программа менен мектепти аякташат.
Негизги чакырыктар жана тобокелчиликтер
Бул өткөөл кезең мектептер үчүн бир катар уюштуруучулук жана методикалык кыйынчылыктарды алып келеринде шек жок. Анткени окуучулардын санынын кескин өсүшү (7-класстардын тыгыны). Бир убакта азыркы 5-класстар (секирик жасагандар) менен азыркы 6-класстар 7-класска баргандыктан, 7-класстын параллель класстарынын саны эки эсеге көбөйөт. Демек, класс бөлмөлөрүнүн жетишсиздиги, парта, отургучтардын тартыштыгы жана мектептердеги сменалардын көбөйүү коркунучу бар экени талашсыз.
Мугалимдердин жүктөмү жана кадр маселеси
7-класстардын көбөйүшү бул класстарга сабак берген предметтик мугалимдерге (математика, физика, химия, тарых ж.б.) болгон суроо-талапты заматта жогорулатат. Мугалимдердин сааттары ашыкча көбөйүп, чарчоо жана сапаттын төмөндөшү мүмкүн.
Окуу китептеринин тартыштыгы
7-класс үчүн басылып чыккан китептердин саны мурда бир эле агымга ылайыкталган. Эми окуучулардын саны эки эсе көп болгондуктан, китеп жетишсиздиги эң курч маселеге айланат.
Чечүү жолдору кандай?
Реформаны ийгиликтүү ишке ашыруу жана окуу процессин үзгүлтүккө учуратпоо үчүн Агартуу министрлиги жана мектеп жетекчилиги эффективдүү кадамдарды жасайт болуш керек. Мектептердеги бош бөлмөлөрдү, кабинеттерди кайра бөлүштүрүп, керек болсо убактылуу үч смендүү окутууну туура уюштуруу азыртадан пландоо, ал эми окуу китептеринин тартыштыгына келсек, санариптик китептерди (электрондук варианттарды) планшет жана телефондорго киргизүүнү тездетүү, китепкана фондун инвентаризациялоо, сааттарды мугалимдер арасында калыс бөлүштүрүү, башка класстардын (мисалы, баштапкы класстардын) мугалимдерин зарылчылыкка жараша кошумча окутуудан өткөрүп, көмөкчү катары тартуу маселелери күн тартибинде турат. 5-класстан секирик жасаган окуучулар өздөрүнөн бир жаш улуу балдар (азыркы 6-класстар) менен бир деңгээлде окушат. Алардын арасындагы атаандаштыкты жана социалдашууну мектеп психологдору көзөмөлгө алышы керек.
Соз соңу
12 жылдык билим берүүгө өтүүдөгү 5-класстардын «секириги» — бул убактылуу, бирок өтө кылдаттыкты талап кылат. Кийинки окуу жылында 7-класстардын санынын көбөйүшү билим берүү инфраструктурасын чоң сыноодон өткөрөт. Эгерде уюштуруу иштери, китеп менен камсыздоо жана мугалимдердин потенциалын туура бөлүштүрүү өз убагында чечилсе, бул реформа Кыргызстандын билим берүүсүн эл аралык деңгээлге чыгарууга ташталган чоң кадам болот.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер