12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ: ОКУУ КИТЕПТЕРИН ЖАҢЫЛОО ЖАНА САНАРИПТИК ТРАНСФОРМАЦИЯ
- 13.05.2026
- 0
Кыргыз Республикасы 12 жылдык билим берүү моделине өтүү процессин активдүү баштап, билим берүү мазмунун жаңылоо, жаңы муундагы окуу китептерин даярдоо жана мектептерди заманбап окуу-методикалык комплекстер менен камсыз кылуу багытында ири реформаларды ишке ашырууда. Бул иштер Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан системалуу саясаттын алкагында жүзөгө ашырылып, негизги аткаруучу мекемелердин бири катары Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу «Окуу китеби» басма үйү» мамлекеттик мекемеси активдүү иш алып барды.

Өлкөнүн бардык аймактарындагы мектептерге жаңы муундагы окуу китептери жеткирилип, миллиондогон окуучулар үчүн заманбап билим алууга шарт түзүлдү. Окуу китептерин даярдоо, адаптациялоо, экспертизадан өткөрүү жана басып чыгаруу иштери этап-этабы менен жүргүзүлүп, билим берүү системасын жаңылоодогу маанилүү кадамдардын бири болду.
Англис тили предмети боюнча 3–9-класстар үчүн жалпысынан 1 миллион 917 миң 570 нуска окуу китеби басылып чыкты. Жаңы окуу-методикалык комплекстер окуучулардын тил үйрөнүүгө болгон кызыгуусун арттырууга, практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана дүйнөлүк билим берүү стандарттарына шайкеш билим алууга багытталды.
Математика предмети боюнча 1-, 2-, 5- жана 7-класстар үчүн жалпысынан 1 миллион 236 миң 830 нуска окуу китеби жарык көрүп, республикадагы мектептерге жеткирилди. Учурда 3-класстар үчүн «Математика» окуу китеби 348 миң нускада «Учкун» ачык акционердик коому тарабынан басылып чыгууда. Ошондой эле 4-, 6-, 8- жана 9-класстар үчүн «Математика» жана «Табигый илимдер» предметтери боюнча окуу-методикалык комплекстерди адаптациялоо жана экспертизадан өткөрүү иштери уланууда.

Табигый илимдер предмети боюнча 1 миллион 236 миң 830 нуска окуу китеби даярдалып, мектептерге таратылды. Өзгөчө 5-класс үчүн иштелип чыккан окуу китеби жашыл экономика принциптерине ылайык адаптацияланып, пилоттук мектептерде апробациядан өткөрүлгөнү менен айырмаланды. Бул жаңы билим берүү моделинин алкагында окуучулардын экологиялык аң-сезимин жана илимий ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө багытталган маанилүү кадамдардын бири болуп калды.
Россия Федерациясынын «Просвещение» ачык акционердик коому менен биргеликте 1-, 2-, 5- жана 7-класстар үчүн орус тили, орус тили жана окуу боюнча окуу-методикалык комплекстер адаптацияланып, экспертизадан өткөрүлдү. Аталган окуу китептери Россия Федерациясында басылып чыгып, учурда Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу «Окуу китеби» басма үйү» мамлекеттик мекемеси аркылуу республиканын жалпы билим берүү уюмдарына жеткирилди.
Мындан тышкары «Ордо Букс» жоопкерчилиги чектелген коому менен биргеликте окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн билим берүү уюмдарынын биринчи классынын окуучулары үчүн жаңыланган «Алиппе» окуу китеби 90 миң 380 нускада басылып чыгып, республика боюнча мектептерге таратылууда. Бул китеп баланын эне тил менен болгон алгачкы таанышуусун бекемдеп, улуттук баалуулуктарды калыптандырууда өзгөчө мааниге ээ болууда.
Жалпысынан «Окуу китеби» басма үйү тарабынан 4 миллиондон ашуун окуу китеби жана окуу-методикалык комплекстер даярдалып, өлкө мектептерине жеткирилди. Бул акыркы жылдардагы эң ири китеп чыгаруу иштеринин бири болуп, билим берүү системасын жаңылоодогу маанилүү кадам катары бааланууда.
Мекеме салттуу басма ишмердүүлүгү менен катар санариптик билим берүү багытындагы иштерди да активдүү жүргүзүүдө. Бүгүнкү күндө https://kitep.edu.kg/ платформасында 11 жылдык жана 12 жылдык билим берүү программалары үчүн жалпы 252 окуу китеби жайгаштырылган. Анын ичинде 11 жылдык окуу программасы үчүн 168 электрондук окуу куралы жеткиликтүү, анын 100ү кыргыз тилдүү, 68и орус тилдүү мектептер үчүн жайгаштырылган. Ал эми 12 жылдык окутуу программасы үчүн 84 электрондук материал, анын ичинде мугалимдер үчүн колдонмолор, окуучулар үчүн иш дептерлери жана окуу китептери жүктөлгөн.

Мындан тышкары, 12 жылдык программага ылайык англис тили предмети боюнча аудиофайлдар платформага жайгаштырылып, мугалимдер жана окуучулар үчүн жеткиликтүү болду. Бул окуучулардын тилдик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана сабактарды интерактивдүү форматта өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.
Сайт ишке киргенден бери платформага 28 миллиондон ашуун кирүү катталган, ал эми колдонуучулардын күнүмдүк орточо саны 109 миңге жетүүдө. Бул санариптик билим берүү ресурстарына болгон суроо-талаптын өсүп жатканын жана электрондук окуу материалдарынын билим берүү процессиндеги ролу күчөп жатканын көрсөтөт.
2026-жылдын 29–30-апрель күндөрү өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын китепкана кызматкерлеринин жана басма иши адистеринин III форуму билим берүү тармагындагы маанилүү окуялардын бири болду. Форумдун жүрүшүндө жаңы окуу китептеринин сапаты, санариптик трансформация, билим берүү мазмунун жаңылоо жана мектептерди окуу адабияттары менен камсыз кылуудагы көйгөйлөр кеңири талкууланды. Басма иши адистери, мугалимдер, эксперттер жана билим берүү тармагынын өкүлдөрү тарабынан бир катар сунуштар айтылып, билим берүү системасын өркүндөтүүгө багытталган демилгелер көтөрүлдү.
Форумдун жыйынтыгында атайын резолюция кабыл алынып, анда окуу китептеринин сапатын жогорулатуу, авторлорду колдоо, санариптик билим берүү ресурстарын өнүктүрүү, эл аралык тажрыйбаларды натыйжалуу адаптациялоо жана мектептерди окуу-методикалык комплекстер менен өз убагында камсыз кылуу боюнча негизги багыттар белгиленди.
Бүгүнкү күндө жаңы окуу китеби — жөн гана басылып чыккан материал эмес. Ал өлкөнүн келечегине салынган инвестиция, билимдүү, атаандаштыкка жөндөмдүү жана заман талабына жооп берген жаңы муунду тарбиялоого багытталган чоң жоопкерчилик болуп калды.
Комментарийлер