ЭСКИЧИЛ МЕНЕН ЖАҢЫЧЫЛ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН КАГЫЛЫШУУСУ
- 26.05.2026
- 0
Кыргызстандын билим берүү системасы ири өзгөрүүлөрдүн жана кызуу коомдук талкуулардын чордонунда турат. 2025-2026-окуу жылында мектептердин 12 жылдык билим берүү тутумуна өтүшү коомдо карама-каршылыктуу пикирлерди жаратты. Бул толкун атүгүл агартуу министри Догдуркүл Кендирбаеванын кызматтан кетишин талап кылган петициялардын пайда болушу менен коштолду. Бул маселенин тегерегиндеги негизги аргументтерди, коомдук пикирди жана реформанын бир жылдык алгачкы жыйынтыктарын талдап көрөлү.

Петиция жана ата-энелердин дооматтары
Change.org платформасында жарандар тарабынан демилгеленген петицияда (учурда 250дөй гана кол топтолгон) министрдин саясатына карата бир нече дооматтар айтылган. Алардын негизгилери — мектептерде заманбап окуу куралдарынын, техниканын жана квалификациялуу мугалимдердин жетишсиздиги, гимназиялардын макамынын жоюлушу менен тажрыйбалуу педагогдордун кошумча акылары кесилип, айлыктарынын төмөндөшү жана 12 жылдык системага ылайыкталган жаңы китептердин жана иш дептерлердин салмагынын оору, тапшырмалары татаал жана тили түшүнүксүз экендиги. Ошондой эле сапатсыз басылган иш дептерлерин кайра мектепке тапшыруу талабы социалдык тармактарда да кескин сынга кабылган. Эгерде министр жаман иштеп жаткан болсо, анда 250 эмес 250 миңден ашык кол бат эле топтолмок. Анда ар бир дооматка токтололу.

Түп-тамырынан бери өзгөргөн билим берүү. Артка жол жок!
Бул реформанын негизги максаты — балдарга кургак маалымат берүү эмес, аларды сынчыл ой жүгүртүүгө, өз алдынча чечим кабыл алууга, командада иштөөгө жана турмуштук көндүмдөргө үйрөтүү. Бул — советтик эски шаблондордон чыгып, улуттук кызыкчылыкты коргогон жаңы заманбап модель.
Реформанын алкагында бүтүндөй окуу процесси модернизацияланууда. Ириде жаңы Мамлекеттик билим берүү стандарты кабыл алынып, 38 предметтик стандарт жаңыртылды. Азыркы окуу материалдары — бул жөн гана китеп эмес, окуучунун китебин, иш дептерин жана мугалим үчүн усулдук колдонмону камтыган толук кандуу окуу-методикалык комплекстер (ОМК) болуп саналат.

2025-2026-окуу жылында бул жаңы комплекстер менен 1-, 2-, 5- жана 7-класстар окушту. Ошондой эле россиялык жана сингапурдук өнөктөштөр менен биргеликте орус тили, адабияты жана STEM (так жана табигый илимдер) багыттары боюнча окуу китептери адаптацияланып, мектептерге жеткирилди.

2025-жылы окуу китептерин басып чыгарууга мамлекет тарабынан 744 миллион сом бөлүндү. Бул — Кыргызстандын тарыхындагы эң жогорку көрсөткүч. Бул каражатка 3-, 9-класстар үчүн англис тили, ошондой эле башталгыч жана орто класстар үчүн математика жана табигый илимдер боюнча китептер басылды. Кыргыз жана орус тилдериндеги китептердин толук топтомун 2028-жылга чейин толугу менен жаңылап бүтүрүү пландалууда.
Санариптештирүү жана мугалимдерди даярдоо
Реформа кагазда гана калбастан, санариптик формат менен бекемделүүдө. Бардык жаңы китептер http://kitep.edu.kg/ порталында электрондук түрдө жеткиликтүү жана «Санарип Кампа» платформасына интеграцияланган. Аталган платформада мугалимдер үчүн методикалар, календардык-техникалык пландар ачык жайгаштырылган. Ошондой эле педагогдорду жаңы системага даярдоо максатында 16 миң мугалим STEM багыты боюнча атайын окуудан өттү. 40 миңден ашык мугалим башка предметтер боюнча квалификациясын жогорулатты.

Жакында өткөн Ата-энелер форумунда министр Д. Кендирбаева коомчулук көтөргөн маселелер бар экенин моюнга алып, китептердин салмагын жеңилдетүү үчүн аларды чейректерге же жарым жылдыктарга бөлүп чыгаруу пландалып жатканын билдирди. Анан каяктагы окуу китептери жетишпейт? Далилсиз доомат.
Ал эми гимназия макамдары боюнча — 2028-жылга чейин өлкөдөгү бардык мектептер бирдей стандарттагы орто мектептерге айланат. Учурда мөөнөтү бүткөн 11 мектептин гана макамы алынган. Кадр маселесинде болсо өлкө боюнча 900гө чукул мугалим (негизинен орус тили, англис тили жана так илимдер боюнча) жетишпей турганы жашыруун эмес.

Сындын негизсиздиги жана ата-энелердин жоопкерчилиги
Реформаны колдогон эксперттердин жана педагогдордун дагы бир аргументи — критиканын объективдүү изилдөөлөргө таянбагандыгында. “Сынчынын сынаар өтүгү майрык” дегендей, «билим берүү системасы кыйрап жатат, сазга барып батып калды…» дегендер жазаардан мурда сапаттык мониторинг же конкреттүү статистикалык талдоо жүргүзүшсө болмок. Аларда жазгандарын тастыктаган бир дагы фактынын көрбөйсүң. Сын айткандардын көбү мектептин ички абалын билбегендер экени көрүнүп турат.
«Мугалимдердин акыбалы начар» дегендерге, акыркы жылдары мамлекет тарабынан мугалимдердин айлыгы бир эмес, эки жолу сезилерлик көтөрүлдү. Эми кезек алардын коомдук ордун жана кадыр-баркын көтөрүү боюнча чоң иштер жасалып жатат. Эң башкысы Z жана Альфа муундары эскиче жашагысы келбейт, алар такыр башкача ойлонушат. Илгерки ыкмалар аларга кызыксыз. Ата-энелер өздөрү балдарынын тарбиясына жана окуусуна жоопкерчилик албай, баарын мамлекетке оодарып койгон жаман адат таап алышты. Албетте, ар бир жаңы жасалып жаткан иш бат эле коомго сиңип кетпейт. Иш бар жерде кемчилик болбой койбойт. Болгону балдардын келечегин ойлойлу!
Чечкиндүү реформаторду колдоо
Реформа кыр ашып бараткан учурда министрдин ордуна кызыккандар, т.а. “даяр ашка саламчы көп” дегендей, министрдин креслосуна ыктап жаткандар билим берүүгө тиешеси жок адамдарды жалдап, жаздырып жаткандары мамлекеттин жүргүзүп жаткан саясатына каршы чыккандар эмей эмне?!

Министр айым негизи адвокаттарга деле муктаж эмес. Догдуркүл Шаршеевна билим берүү тармагын ийне-жибине чейин билген жетекчи, ал жөнөкөй мугалимден баштап бардык тепкичтерди өтүп, министрлик кызматты аркалап келаткан көрөгөч, даанышман, принципалдуу инсан. Ошондуктан ал кайсы гана иш-чара болбосун кагаз карабай так жана ирээттүү сүйлөйт.
12 жылдыкка даярданып өтүү керек болчу деген сынчыларга далил катары бир нече мисал келтирип кетейин. Анын үстүнө 12 жылдыкка өтүү процесси тээ 2010-жылы эле башталган.
“Алтын Казык” программасынын алкагында билим берүү реформасы туура жолдо баратканын, министр айымдын көрөгөчтүгүн белгилеп, ыраазычылыктарын билдирген мугалимдер аз эмес. Айрымдардын пикирине көңүл буруп көрөлү. Алсак, Нарын районундагы Жусуп Иманалиев атындагы жалпы билим берүү мектебинин биология мугалими Эльмира Жумаеванын айтуусунда, “Алтын Казык” мамлекеттик программанын негизги максаты — сапаттуу билим берүүнү камсыз кылуу, окуучулардын жөндөмүн өнүктүрүү жана эл аралык деңгээлге ылайык билим системасын түзүү болуп саналат. “Алтын Казык” программасы ар бир окуучунун жөндөмүн ачуу, компетенцияга негизделген билим берүү, окуу практикага, долбоордук ишке жана жашоо көндүмдөрүнө негизделген.

— «Алтын Казык» – бул 11 жылдык системанын модернизациясы, 12 жылдык окуу мөөнөтү, STEM багыты, инновациялык методика жана практикалык көндүмдөр менен айырмаланат. “Алтын Казык” программасынын алкагында окуучуларга билим берип жатам, Z муундагы окуучулардын санариптүүлүгү жогору болгондуктан олимпиадага даярдоодо жакшы муүмкүнчүлүктөр бар. Ар дайым чыгармачылык изденүү менен окуучуларга жеткиликтүү билим берүүдө “Алтын Казык” программасы колдоо көрсөтөт, аны өз ишимде пайдаланам. “Алтын Казык” – бул Кыргызстандын билим берүү тармагындагы ири реформанын негизги кыймылдаткычы, — дейт элеттик мугалим.
Ал эми Аксы районундагы Ж.Мамытбеков атындагы №10 жалпы орто билим берүү мектебинин химия мугалими Жээнбүбү Надырбекова 12 жылдык билим берүү модели терең жана кеңири билим алуу мүмкүнчүлүгүн сунуштоо менен билим берүү системасына болгон талапты өзгөрткөнүн белгилейт.

— Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги 12 жылдык билим берүү реформасын ишке ашыруу үчүн мамлекеттик деңгээлде колдоо көрсөтүп, STEM багытындагы предметтик мугалимдерди ноутбук менен камсыздап, жоопкерчиликти жогорулатты. Бул терең билим берүүдө эффективдүү сабак өтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Азыр окуучулар теманы жаттоо эмес, окуп түшүнүп, талдоого катышуу зарылчылыгы сабактын интерактивдүүлүгүнө түрткү болду. Жасалма интеллект билим берүү процессинде биздеги мүмкүнчүлүктү күчөттү, сабак көргөзмө куралдарга байыды, бул учурга чейин сабактын көргөзмөлүүлүгү үчүн көп түйшүк тартканбыз. Учурда Ж.Мамытбеков атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде күндөлүк сабактын планын химия жана биология предметтеринин мугалимдери 3С+1Е модели менен жазууну колго алышкан. Себеби окутуу усулдарын учурдун талабына ылайыкташтырып, билим берүүнүн активдүү моделине таянуу керек. 3С+1Е модели менен күндөлүк сабактын планын жазууда мугалим изденет, билимдин жеткиликтүүлүгү, толуктуулугу үчүн интерактивдүү ыкманы колдонот. Окуучулар топтук талкууларга, анализдөөгө, тыянак чыгарууга катышат, мындай аракеттер 12 жылдык билим берүүнү ишке ашырууда чоң мааниге ээ. Жасалма интеллект менен окуучулар иш алып барууда жоопкерчилигин, турмушта керектүү көндүмдөрүн өнүктүрө алышат, бул азыркы учурдагы билим алуунун артыкчылыгы болсо, өткөн окуу жылдарында даяр маалыматты жаттоо гана болгон. Андыктан азыр окуучу окуп, түшүнүп, түшүнүгүн айтып, талкууга катыша алса, күтүлүүчү натыйжа ишке ашып, окуучу окуп, кыялына жеткен болот. Окуучулардын эс-акылын, ойлонуусун өнүктүрүп, кошумча адабияттар, жасалма интеллект менен иштөөсүн активдештирип, химия предметине болгон кызыгуусун арттырсак,12 жылдык билим берүүнү ишке ашыруудагы алгачкы ийгиликтер болуп эсептелет. Сынчыл ой жүгүртүү, чыгармачыл көндүмдөрдү калыптандырып, өнүктүрүү багытында бүгүнкү өтүп жаткан сабагыбызда Jigsaw, Think-Pair-Share, Gallery Walk, Round Robin, Pair Work (Пазл ыкмасы, ойлон — жуп бол — бөлүш, галерея боюнча жүрүү, кезектешүү ыкмасы, топтук иш) ыкмалары терең орун алды. Бул ыкмаларды колдонуудан окуучулардын функционалдык сабаттуулугу жогорулап, алган билимдин турмуштагы маанисине мисал келтире алышат. Кембридж системасын, Сингапур методикасын мугалим терең өздөштүрүү менен сабакта колдонсок, билим сапатын жогорулатууга салым кошкон болобуз. Сапаттуу билим болсо, окуучу келечекте атаандаштыкка туруштук бера алат, алган билимин жашоодо натыйжалуу пайдалана алат. Д.Кендирбаеванын көрөгөчтүгү, системаны жакшы түшүнгөнү менен баарыбызды туура жолдо алып баратканына терең ыраазычылык билдиребиз, — дейт ардагер мугалим.
Ошондой эле Жумгал районундагы Жусуп Сары уулу атындагы жалпы билим берүү мектебинин башталгыч классынын мугалим Гульзар Сариева мугалим катары реформанын жакшы жактарын белгилейт.

— Азыркы программалар заманбап, окутуу мазмуну балдардын жаш өзгөчөлүгүнө ылайыкталган. Башталгыч класстарда чыгармачылыкка, логикага, критикалык ой жүгүртүүгө багытталган сабактар көбөйдү. Китептер кызыктуу, жеткиликтүү, заман талабына ылайык келүүдө. Эң негизгиси, 12 жылдык билим берүү системасы баланын өнүгүүсүнө кеңири мүмкүнчүлүк берет экен. Окуучу акырындык менен билим алып, татаалдашкан темаларды жаш курагына ылайык өздөштүрүүдө. Бул өз кезегинде баланын окууга болгон кызыгуусун арттырып, психологиялык басымды азайтат, — деди мугалим.
Дүйнөлүк стандартка өтүүгө каршы болгон тышкы күчтөр эмеспи?
Ошентип, коомдо Догдуркүл Кендирбаеваны чечкиндүү реформатор катары коргогон тараптар абдан күчтүү экенин көрсө болот. Дагы бир мисал, белгилүү коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев бул отставка талаптарынын артында Кыргызстандын дүйнөлүк билим берүү стандартына өтүшүн каалабаган тышкы күчтөрдүн кызыкчылыгы болушу мүмкүн экенин ишарат кылат. Ал эми ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев Д.Кендирбаеванын эл аралык форумдарда кагаз карабай, заманбап жана жогорку интеллектуалдык деңгээлде өлкө намысын коргой алган саналуу жетекчилердин бири экенин баса белгилейт: «Билим берүү — бул “нейрохирургиялык” татаал система, аны эмоция же саясий лозунгдар менен эмес, терең акыл жана ырааттуулук менен гана дарылоого болот. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин кыйраган Жапония эң оболу мугалимдин кадыр-баркын министрдин айлыгы, дипломаттын кол тийбестиги жана Императордун сыйы менен көтөргөн. Биз дагы “Кетсин!” деген лозунг менен жашай бербей, мугалимдин Арын, Намысын көтөрүшүбүз керек. Биз Жасалма интеллект башкарган улут эмес, Жасалма интеллектти башкарган улутка айланууга тийишпиз».
Реформанын бир жылдык жыйынтыгы кандай?
Билим берүү реформасынын толук үзүрүн 10-15 жылдан кийин гана көрөрүбүз бышык. Бирок алгачкы жыйынтыктарды аныктоо максатында Кыргыз билим берүү академиясы (КББА) 2025-2026-окуу жылынын биринчи жарым жылдыгында атайын изилдөө жүргүздү.

Изилдөө эки этапта өттү. Республика боюнча 12 жылдык моделге өткөн класстарда сабак берген 8200 мугалим анонимдүү сурамжылоого катышып, жаңы стандарттарды колдонуудагы кыйынчылыктары менен бөлүштү. КББАнын адистери мектеп администрацияларына алдын ала эскертпестен, Бишкек шаарындагы 32 мектептин 210 сабагына түздөн-түз катышып, реалдуу абалга баа беришти.

Учурда КББА бул сурамжылоо менен байкоолордун жыйынтыктарын системалаштырып, 12 жылдык мектеп тутумун мындан ары өркүндөтүү боюнча атайын аналитикалык отчет даярдоодо. Кийинки окуу жылында бул системага 3- жана 8-класстар да кошулат жана алардын мугалимдерине жыл бою түзүлгөн чат-тайпалар аркылуу үзгүлтүксүз усулдук колдоо көрсөтүлүп турмакчы.
Сөз соңу
Агартуу министринин айланасындагы кырдаал — бул жөн гана бир аткаминердин тагдыры эмес, бул Кыргызстандын эскичил билим берүү тутуму менен жаңы доордун кагылышуусу. Эксперттердин пикиринде, популисттик петицияларга алдырбай, улуттук билим берүү коопсуздугун коргоо — башкы орунга чыгышы керек. Ошол эле учурда, ата-энелер да бардык жоопкерчиликти мамлекетке оодарбай, бала тарбиясына көңүл буруусу зарыл. Реформаны токтотууга жол жок, бирок биринчи жылдын жыйынтыгында айтылган техникалык каталарды (китептердин салмагы, иш дептерлердин сапаты) ыкчам түрдө оңдоо өкмөттүн башкы милдети бойдон калууда.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер