ЧЕПТЕН ЭРДИН КҮЧҮ БЕК

  • 22.08.2023
  • 0
ЧЕПТЕН ЭРДИН КҮЧҮ БЕК

Зылал Исканова,

Баткен облусунун Лейлек районундагы “Лайли” башталгыч мектебинин мугалими

Предмет: Адабий окуу

Класс: 3- класс

Сабактын темасы: “Чептен эрдин күчү бек”

Сабактын тиби: жаңы билимди өздөштүрүү

Сабакта колдонулуучу стратегиялар:  “Сократтын семинары”, “Окуган чыгармага пикир жазуу”

Сабакта керектелүүчү каражаттар: окуу китеби, телевизор, аудио апарат,  алдын ала даярдалган “Окуган чыгармага пикир жазуу ” барагы,  топтордун аты жазылган барактар, стикерлер, маркер.

Сабактын максаттары:

Билим берүүчүлүк:  окуучулар “Чептен эрдин күчү бек” деген теманы жакшы түшүнүп алышат жана ушул чыгармага пикир жаза алышат.

Өнүктүрүүчүлүк:  окуучулардын окуяга жеке пикири пайда болуу менен бирге, каармандар жана аларга болгон  көз караштарын оозеки жана жазуу жүзүндө эркин билдире алышат. Чыгармачылык ой жүгүртүүсү, жазуусу өнүгөт.

Тарбия берүүчүлүк: кабарлашып иштөө көндүмдөрү калыптанат. Кабыл алынган эрежеге ылайык иш-аракет жасоого үйрөнүшөт.

Сабактын  жүрүшү:

  1. Уюштуруу жана мотивация

Мугалим:

— Саламатсыңарбы, менин сүйүктүү окуучуларым! Маанайыңар кандай? Бүгүнкү сабакка даярсыңарбы? Анда эмесе баарыбыз сабакка көңүл коюп, жаңы теманы жакшы түшүнүү үчүн жагымдуу маанай түзүп алалы.Баарыбыз өзүбүзгө дем күч берүүчү сөздөрдү айтабыз. Мугалим окуучуларды өзүнүн артынан кайталоосун суранат.

“Мен акылдуумун” –деп айтып оң колубузду өйдөгө көтөрүп башыбызды 3 ирет сылайбыз.

“Мен күчтүүмүн” -деп эки колу менен күчтүүнү туурашат.

Мен сулуумун” -деп эки колу менен бетин кармап жылмайышат.

Мен эң жакшы окуймун”- деп   бармагын жакшы деген мааниде көрсөтүшөт.

— Жаңы теманы баштаганга чейин өткөн сабагыбызда 9-Май Жеңиш күнү ыры болгон эле. Кана айткылачы: Өз элин -жерин сүйүү деген эмне? Эмне үчүн бул майрамды белгилейт экенбиз? (Окуучулар суроого жооп беришет).

  1. Окуу маселелерин формулировкалоо жана окуу ишмердүүлүгүн аныктоо

Мугалим:

  • “Эр жигит эл четинде, жоо бетинде” деген макалды кандай түшүнөсүңөр? (Окуучулар суроого жооп беришет).
  • Бүгүнкү сабакка көңүл коюп, активдүү катышсаңар Мекенибизди көздүн карегиндей сактоо ар бирибиздин милдетибиз экенин түшүнүп аласыңар. Мен бул суроолорду бекеринен берген жокмун бүгүн биз силер менен өтө турган темабыз өзүнүн эли үчүн жанын берүүгө даяр болгон бала жөнүндөгү уламыш болмокчу. Анын темасы: “Чептен эрдин күчү бек”, автору Жоомарт Бөкөнбаев.

 

Ал кыргыз элинин белгилүү акыны, котормочусу Улуу Ата Мекендик согушка катышып жеңишке жетүүгө өз салымын кошкон инсан.

  1. Жаңы өздɵштүрүлгɵн материалды түшүндүрүү

Мугалим:

— Мен силерге бүгүнкү чыгарманы өзүм көркөм окуп берейин, силер кунт коюп угуп тургула.

Текст:Байыркы бир заманда эркин жашап жаткан эл болуптур. Ар жылы жоо каптап келип, мал-мүлкүн талап кетчү экен. Эл чогулуп дубал курушат, канчалык бекем курса да, дубал кулап токтобой көчө бериптир. Ошондо токсондон ашкан бир карыя келип:

     — Бир тирүү кишини көмбөсөңөр, дубалыңар көчө берет- дейт. Аны уккан бир жаш бала келип: “Мени көмгүлө, элдин керегине жарасам арманым жок”-деп дубалдын түбүнө келет.

— Жалгыз уулумду көмбөгүлө! Карыган апаңды кууратып балам, бул кылганың кандай?- деп жалынып жалбарат апасы. Анда уулу:

  — Мени эл үчүн төрөдүм,элдин керегине жара дебедиң беле… Мен ансыз ак сүтүңдү актай албаймын!-дейт. Ошондо энеси уулунун айтканын угуп, анын акылдуу сөзүнө макул болуп, уулу менен кучакта- шып коштошот.

  Турган эл баланы көмө башташат. Топурак, кум анын алкымына жеткенде, баягы карыя пайда болот да:

    -Токтогула!-деп жарыя айтат. – Бул баланы көмбөгүлө,эл үчүн жанын берүүгө даяр ушундай эр жүрөк уулдарыңар, акылман энелер болсо, ылайдан  курулган чептин кереги эмне? А көрөкчө, балдарыңарды ушундай тарбиялап, той кылып , жыргап жашай бергиле.

Ошентип, бул элдин уулдары эр-азамат өсүп, энелери акылман болуп, бүгүнкү күнгө чейин эркин жашап келатыптыр».

Мугалим:

  • Текст боюнча сүрөттөрдү ирээти менен таап, аларды айтып бергиле.

ЧЕПТЕН ЭРДИН КҮЧҮ БЕКЧЕПТЕН ЭРДИН КҮЧҮ БЕКЧЕПТЕН ЭРДИН КҮЧҮ БЕК

Мугалим:

  • Эми “Миң уккандан бир көргөн артык”- демекчи бул окуган кызыктуу чыгарманы сыналгыдан (телевизордон) өз көзүбүз менен көрүп,  кенен түшүнүп алалы.

(Мугалим алдын ала темага байланыштуу  даярдап коюлган 5 мүнөттүк  видео роликти коюп берет).https://youtu.be/Q-FYAL7keaY  (Окуучулар телевизордон “Чептен эрдин күчү  бек” деген жомокту көңүл коюп көрүшөт).

  1. Физкультминутка

Мугалим:

  • Азыр баарыбыз ордубуздан туруп музыканын коштоосунда физминутка жасап алалы андан соң сабакты улантабыз. (Аудио аппараттан  “Кара жорго” ыры коюлат. Окуучулар ордуларында турган боюнча баары  бийлешет).
  1. Алынган билимдерди колдонуу жана бекемдөө

Мугалим:

  • Эми балдар бүгүнкү өткөн теманы Сократтын семинары стратегиясы аркылуу кенен талкуулайбыз. Балдар көк баракта “Билимдүү” жана сары баракта “Акылдуу” деп жазылган стикерлер бар,силер өз каалооңор  менен  тандап алгыла, тандаганыңар  боюнча 2 топко бөлүнүп аласыңар. Алгач “Акылдуулар” (сары түстө) ортодо коюлган отургучка олтуруп бири- бириңер менен азыркы өткөн темабыз боюнча суроо-берип талкуулайсынар.Талкууга 4 мунот берилет.
  • Ал эми “Билимдүүлөр” алардын сыртында таалкууга байкоо жүргүзүсүнөр.

Талкуу бүткөн соң силер “Акылдуулар” талкууга кандай катышты, кимдин суроосу жакты, ким активдүү катышты, кимге активдүү болуш керек  сунуш бересиңер, оюнарды айтасынар. 3 мүнөт талкуудан кийин “Билимдүүлөр” кайтарым байланыш беришет.

БилимдүүлөрАкылдуулар

Андан соң орун алмашып байкоо жүргүзгөндөр ортого талкууга катышып, акылдуулар тобу билимдүүлөрдүн талкуусуна байкоо жүргүзүшөт. Талкууга жакшы катышкан окуучуларды  айтып өтүшөт, бири-бирине баа беришет.

Ортодогу талкууга катышкан окуучулар болжолдуу төмөнкүдөй суроолорду беришет:

  • Дубалы бузула берген элге карыя эмне деп айтты?
  • Бала эмне үчүн тирүүлөй дубал түбүнө көмүлүүгө даяр эле?
  • Апасы ыйлаганда бала апасына кандай маанилүү сөздөрдү айтты?
  • Окуянын акыры эмне менен аяктады?

Мугалим  байкоочулардын  тынчтыкты сактап ортодогу ар бир катышуучунун берген суроолоруна жана жоопторуна көңүл буруп, ал эми ортодогу талкууга катышуучу окуучуларды активдүү болууга чакырат.

  1. Рефлексия

Мугалим:

  • Мынаке балдар, бүгүнкү чыгармага түшүндүңөрбү?
  • Бүгүнкү сабак силерге жактыбы?
  • Бул чыгармада эң баалуу нерсе эмне болду?
  • Силерге кайсы каарман көбүрөөк таасир калтырды? (Окуучулар суроого жооп беришет).
  • Ушундай суроолорго окуган чыгармага пикир жазуу менен билип алалы. Ар бир окуучуга төмөнкүдөй барак таркатылат.
       “Окуган чыгармага пикир жазуу”    Окуучунун аты-жөнү:_________________

Чыгарманын автору:__________________

___________________________________

Чыгарма сага кандай таасир калтырды?

____________________________________________________________________________________________________________

Өзгөчө сага кайсы каарман жакты ? Эмне үчүн?_______________________________________________________________________________________________________

____________________________________

Чыгармада эң баалуу нерсе эмне болду? Сен эмнени түшүндүң?________________

____________________________________

________________________________________________________________________

 

Мугалим чыгармага пикир жазууда кыйналган окуучуларга багыт берип, сөздөрүн иретке келтирүүгө жардам берип турат.

Окуучулар “Окуган чыгармага пикир жазуу” барагына кандай ой-пикирлерди жазган болсо ортодо окуп беришет жана  жазган барагын мугалимге тапшырышат.

  1. Сабакты жыйынтыктоо

Мугалим:

  • Бүгүнкү чыгармадагы бала өзүнүн эли –жери үчүн тирүүлөй көмүлүүгө даяр болду. А силердин эли-жерибиз үчүн кылган эң жакшы салымыңар бул-билим алуу! Азыр мыкты билим алсаңар, келечекте элибиздин Мекенибиздин керегени жараган инсандардан болуп чоңоесуңар!
  • Баарыңар азаматсыңар бүгүнкү сабакка эң жакшы катыштыңар. Чыгарма боюнча суроолоруңар барбы? Сабак баарыңарга пайдалуу болду деп ойлойм. Ошондой болсо да сабакка кимдер эң активдүү катышты баалап алалы. Үй тапшырмасын аткарган, суроолорго жооп берген, Сократтын семинары талкуусунда суроолорду берип, өзү да жооп берген окуучулар “эң жакшы” деген баага татыктуу болушат.
  1. Үй тапшырма

Мугалим:

  • Үйгө тапшырма окуу китебиңерден чептен эрдин күчү бек деген чыгарманы кайталап окуп, Эр жигит, туулган жер, Мекен жөнүндө макал-лакаптардан өзүңөр изденип таап жаттап келесиңер.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер