ЭТНИКАЛЫК КЫРГЫЗДАР ЖОЖДОРДО АКЫСЫЗ БИЛИМ АЛА АЛАТ. ДОКУМЕНТТЕРДИ КАБЫЛ АЛУУ БАШТАЛДЫ

  • 13.08.2020
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстандын ЖОЖдорунда акысыз билим алуу үчүн бюджеттик орундарга сынак башталганын маалымдайт.

Конкурска Тажикстан, Өзбекстан, Түркия, Казакстан жана Кытай Эл Республикасынын жарандары болгон этникалык кыргыздар катыша алышат.

Сынакка катышуу үчүн талапкерлер төмөндөгү документтерди тапшырышы зарыл:

  • Министрдин орун басарынын атына арыз (формасын жүктөп алыңыз)
  • Анкета (формасын жүктөп алыңыз)
  • Паспорттун же туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү (талапкер паспорт ала элек болгон учурда), нотариалдык күбөлөндүрүлүп, орус же кыргыз тилине которулган.
  • Алган билими тууралуу документинин (аттестаттын же дипломунун) көчүрмөсү, орус же кыргыз тилине которулуп, нотариалдык күбөлөндүрүлгөн болушу керек.
  • Билиминин деңгээли тууралуу маалымкат (Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинен алынат).
  • Үй-бүлөсүнүн курамы тууралуу маалымкат.
  • Академиялык тармакта жетишкендигин тастыктоочу сертификаттар, грамоталар, дипломдор.
  • Орус же кыргыз тилинде жазылган мотивациялык эссе – Кыргызстандын аймагында турган этникалык кыргыздар үчүн гана (формасын жүктөп алыңыз).
  • 086-у формасындагы медициналык маалымкат.
  • ВИЧ/СПИДдин жоктугу тууралуу медициналык маалымкат.
  • 3х4 см өлчөмдөгү 6 даана сүрөт.

Кыргызстандын аймагында турган, жарандыгы чет өлкөлүк этникалык кыргыздардын документтерин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2020-жылдын 10-сентябрына чейин кабыл алат.

Кыргызстанда турган,  жарандыгы чет өлкөлүк этникалык кыргыздар үчүн каралган ЖОЖдордун жана багыттардын тизмеси (жүктөп алыңыз).

Документтер күн сайын саат 14:00дөн баштап 17:30га чейин гана Билим берүү жана илим министрлигине кагаз түрүндө тапшырылат.

Дареги: Бишкек ш., К.Тыныстанов көч., 257, Эл аралык кызматташтык жана инвестицияларды тартуу бөлүмү, тел.: +996 312 621519.

Ошондой эле, документтерди электрондук түрдө төмөнкү дарекке жөнөтсө болот: [email protected]

Көңүл буруңуздар! Толук эмес жана кабыл алуу мөөнөтү өтүп кеткенден кийин жөнөтүлгөн документтер каралбайт!

Тажикистан, Өзбекстан жана Кытай Эл Республикасынын аймагында турган этникалык кыргыздардын документтерин кабыл алуу иштерин аталган өлкөлөрдө жайгашкан Кыргыз Республикасынын Элчиликтери жүргүзөт.

  • КРнын Өзбекстан Республикасындагы Элчилиги

Документтер 2020-жылдын 15-сентябрына чейин кабыл алынат.

Кабыл алуу убактысы – 14:00дөн баштап, 16:00гө чейин.

Кошумча маалыматтар үчүн Ташкент ш., Мирзо-Улугбек району, Ниёзбек йули көч. 6-проезд, 30-үй. Тел.: +998 712374796, +998 909009214, электрондук дареги: [email protected].

  • КРнын Тажикстан Республикасындагы Элчилиги

Документтерди кабыл алуу мөөнөтү – 2020-жылдын 5-сентябрына чейин.

Кошумча маалыматтар үчүн Душанбе ш., С.Носиров көч., 56 «А» үй. Тел.: +992 887782223, электрондук дареги: [email protected].

  • КРнын Кытай Эл Республикасындагы Элчилиги

Пекин ш., 10/11 King’s Villas 18, Xiaoyun Road, 100016, тел.: +86 0106468 1297, электрондук дареги: [email protected].

КРнын Түркия Республикасындагы Элчилиги

Документтер 2020-жылдын 10-сентябрына чейин кабы алынат.

Кошумча маалыматтар үчүн Анкара ш., Turan Gunes Bulvari, Galip Erdem caddesi 25, Yildiz/Oran, Ankara 06450. Тел.: +90 312 4913506, +90 312 4913507, электрондук дареги: [email protected].

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

АНКЕТА

1.Өлкөсү 
2.Аты-жөнү 
3.Туулган күнү 
4.Туулан жери 
5.Кыргызстандагы үй дареги, байланыш телефону  
6. Жарандыгы боюнча үй дареги 
7.Тилдерди билүү 
8.Билим берүү документи (аты, алган датасы) 
8.Негизги сабактар боюнча баалары  
10.Тандалган багыты жана жогорку окуу жайдын аты 
 

Колу __________________­­­­­­­­­­­­­­­­­                                                   Датасы __________________

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим Министринин орун басары Н.К.Омуровго, абитуриент, ________ Республикасынын атуулу _________________________(аты-жөнү),

____________________________ (Кыргыз Республикасындагы байланыш телефону)

А Р Ы З

Мага, Кыргыз Республикасынын ___________________________________________                                                                          (жогорку окуу жайынын аты/адистиги)_________________________________­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­____________________________________________ адистиги боюнча кирүү сынагына катышууга уруксат берүүңүздү суранам.

Мен дистанттык түрүндө окууга техникалык мүмкүнчүлүктөрүм бар экендигин жана даярдыгымды тастыктайм.

Талап кылынган тийиштүү документтер арызга кошо тиркелди.

Арыз ээси ____________________________________   ____________________________

(аты-жөнү)                                                 (кол тамгасы)

2020-жылдын _____ _____________

 

МОТИВАЦИЯЛЫК КАТ

  1. Аты-жөнүӊүздү жана туулган күнүӊүздү белгилеп, өзүӊүз жөнүндө кыскача маалымдаӊыз.
  2. Бүткөн окуу жайыӊыз жөнүндө айтып бериӊиз (кайсы мектепти же колледжди бүтүрдүӊүз?).
  3. Өзүӊүздүн максаттарыӊыз жана келечектеги пландарыӊыз тууралуу айтып бериӊиз.
  4. Тандаган жогорку окуу жайыӊызды жана адистикти белгилеп, эмне себептен тандаганыӊызды жазыӊыз.

Жогорудагы суроолорго ирети менен жана толук жооп бериӊиз. Мотивациялык кат жалпысынан 2 барактан ашпашы керек

 

Перечень вузов и специальностей для приема этнических кыргызов-граждан иностранных государств, находящихся на территории Кыргызской Республики

на 2020-2021 учебный год

Вузы ШифрСпециальности Колво мест
Кыргызский национальный университет им. Ж. Баласагына (3)550300Филологическое образование (кыргызский, английский языки)1
531000Филология (русский язык)2
Кыргызский государственный университет им.И.Арабаева (6)550300Филологическое образование (кыргызский, русский, иностранный языки)3
550300Филологическое образование (Профиль Манасоведение)2
550100Естественно-научное образование (химия, биология, география)1
Бишкекский государственный университет им. Х. Карасаева (1)550300Филологическое образование (кыргызский, русский, английский языки)1
Кыргызская государственная медицинская академия им. И. Ахунбаева (4)560001Лечебное дело2
560002Педиатрия2
Кыргызский аграрный университет им. К. Скрябина (2)610001Ветеринария1
610300Агроинженерия1
Ошский государственный университет (5)550100Естественно-научное образование (химия, биология, география)2
550300Филологическое образование (кыргызский, русский, английский языки)3
Ошский технологический университет (1)750500Строительство1
Ошский гуманитарно- педагогический институт (2)550100Естественно-научное образование2
Кыргызско-Узбекский университет (1)550300Филологическое образование (кыргызский, русский, английский языки)1
Всего:25

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер