ЧЕК АРАЛАРДЫН ЖАБЫЛЫШЫ “ИНТЕЛЛЕКТУАЛДАР” ҮЧҮН ТОСКООЛДУК ЭМЕС!

  • 10.07.2020
  • 0

2020-жылдын 1-июлунан 8июль аралыгында Билим берүү жана илим министрлиги жана «Алтын түйүн» Балдардын республикалык инженердик-техникалык академиясы «Биз — ХХI кылымдын интеллектуалдары» изилдөө жана ойлоп табуу багытындагы долбоорлордун эл аралык конкурсун өткөрүштү. Аталган конкурс 22 жылдан бери жаш техниктер менен ойлоп табуучуларды Кыргыз Республикасынан эле эмес, КМШ өлкөлөрүнөн чогултуп келе жатат.

Конкурс өткөрүлүп келе жаткан жылдар аралыгында ал өлкөбүздөгү массалык жаштар кыймылы жана техникалык жактан жөндөмдүү балдар үчүн майрам болуп калды!

— «Биз — ХХI кылымдын интеллектуалдары» эл аралык конкурсу өлкөбүздүн келечектеги абитуриенттери үчүн абдан маанилүү экендигин белгилей кетүү керек, себеби ал окуучулардын Кыргыз Республикасынын алдыңкы жогорку окуу жайларынын техникалык факультеттеринин бюджеттик бөлүмдөрүнө тапшыруу мүмкүнчүлүгүн берет. Дал ошол себептен, коронавирус пандемиясына карабай, уюштуруучулар конкурсту өткөрүүдөн баш тартуу чечимин чыгарышкан жок, тескерисинче, ага мезгилдин талабына ылайык келген жаңы эксперименталдык форматта bbb.rdita.kg. платформасында онлайн түрүндө долбоорлорду жактоону сунуш кылышты.

Бул жылы «Биз — ХХI кылымдын интеллектуалдары» конкурсуна өлкөбүздүн окуучулары менен студенттери эле эмес, Россиянын (Москва ш., Казань ш., Ростов-на-Дону ш., Санкт-Петербург ш., Снежногорск ш., Рязань ш.), Казакстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын жаш техниктери да катышты. Конкурстук долбоорлор калыстар тобунун мүчөлөрүнүн алдында жалпыга жеткиликтүү онлайн түрүндө кийинкидей номинацияларда жакталды: «Жаңы теориялык иштелмелер жана моделдер», «Приборлор, радиожабдуулар жана телекоммуникациялык системалар», «Энергия жана энергия сарамжалдоочу технологиялар», «Маалыматтык технологиялар жана программалоо», «Робототехника жана автоматташтырылган технологиялар», «Дубалга илинүүчү моделдер боюнча конкурс». Калыстар тобуна бардыгы болуп 185 изилдөөчүлүк жана ойлоп табуучулук долбоор сунуш кылынган, — дейт Ж.Бапанова.

Номинациялар боюнча судьялар коллегиясынын курамына Кыргызстандын белгилүү окумуштуулары, ЖОЖ менен “Алтын түйүн” БРИТАнын адистери кирди. Калыстар тобунун төрагасы болуп, КР УИАсынын корреспондент-мүчөсү, т.и.д., профессор Кожогулов К.Ч. болду; калыстар тобуна: Шамсутдинов М.М. — т.и.д. профессор, Б.Н. Ельцин ат. КРСУнун кафедра башчысы; Мамбетакунов У.Э. – п.и.д., профессор, КББА вице-президенти; Жабудаев Т.Ж. – т.и.к., И.Раззаков ат. КМТУнун доценти; Бримкулов У.Н. — т.и.д., КР УИАсынын корреспондент-мүчөсү, профессор; Самсалиев А.А. – т.и.к., И.Раззаков ат. КМТУнун доценти; Осмонов И.Ж. — т.и.д., К.Скрябин ат. КУАА профессору ж.б. кирди. Конкурстун жооптуу катчысы — Качкымбаева А. М. — «Алтын түйүн» БРИТАнын методисти болду.

Номинациялар боюнча онлайн режимде долбоорлорду көпчүлүктүн алдында жактоо 2020-жылдын 1-июлунан 4-июль аралыгында өттү. Ар бир номинацияга, убакыттардын бөлүштүрүлгөн тизимине ылайык, жумада бир күн бөлүнгөн. Долбоорлорду жактоо жана номинациялар боюнча судьялар коллегиясынын иши БРИТАнын YouTube-каналында айкын убакытта түз алып көрсөтүлдү. Коомдук жактоого виртуалдуу түрдө бул номинациянын бардык конкурсанттары жана бардык каалоочулар көрүүчү катары катыша алышты. Жактагандан кийин жактап жаткан конкурсантка өздөрүнүн суроолорун долбоордун темасы боюнча жалпы сүйлөшүү бөлүгүнөн бере алышты, ал эми калыстар тобу берилген суроолордун ичинен кызыктуусун конкурсантка узатышты. Судьялар коллегиясы ар бир номинация боюнча БРИТА “Алтын түйүндө” кеңешме жасап, катышуучулардын долбоорлорун жактоо учурунда виртуалдуу катышып жатты.

«Мен “Жаңы теориялык иштелмелер жана моделдер” номинациясы боюнча калыс бааны берүүгө аракет кылдым», — деп айтып отурду Шамсутдинов М.М. — профессор, Б.Н. Ельцин ат. КРСУнун кафедра башчысы. – Бул номинацияда көбүнчө катышуучулардын саны көбүрөөк болот. Кесиптештерим менен бирге бир күн ичинде 60 долбоорду талдап, аларга баа берүүгө туура келди. Алардын арасында кызыктуу иштелмелер абдан көп болду, бизди кубандырганы, конкурстун жаңы форматта уюштурулгандыгына карабай, балдардын көбү мыкты жактагандыгы жана өздөрүнүн темасын терең иштеп чыккандыгы болду. Айрыкча, алардын арасынан Книжникова Викториянын (Ысык-Көл областы, Ак-Суу району, С. Киров ат. МГ) «Суу алдындагы мейманканаПодводный отель» долбоорун; Фролов Максимдин (Бишкек ш., №9 ОК МГ, жетекчиси – Степанов С.Г.) «Лентадан жасалган конвейерЛенточный конвейер» жана Алымов Бекзаттын (Ош областы, Ноокат району, М. Нурматов ат. ОМ) «Арка-бел жана муундардын оорусун дарыялоого арналган инверсиялык столИнверсионный стол для лечения позвоночника и болезней суставов» иштелмесин баса белгилей кетким келет. Аты аталган балдар өздөрүнүн ойлоп табуучулугу жана теманы тандоонун өзгөчөлүгү менен бизди таң калтырды. Россиядан катышкан команданын жактоосу абдан жакты, балдардын ушул сыяктуу иш-чараларга катышып жүргөндүгү билинип турат. Алардын презентациясы ийкемдүү, көлөмдүү, кызыктуу жана эсте каларлык болду. Алардын долбоорлорундагы дагы бир айырмачылык – коммерциялык багытталуучулугу. Биздин балдар дагы ушул жагын өздөштүрүшү зарыл, бул алардын «БизXXI кылымдын интеллектуалдары» конкурсунда чет өлкөлүк катышуучулар менен гана эмес, башка эл аралык иш-чараларда ийгиликтүү атаандаштык жаратуу үчүн зарыл болот! Конкурстун жаңы форматы боюнча айта турган болсок, албетте, уюштуруучулар бул жаатта эбегейсиз чоң иш жасашты! Кээде жактап жаткан учурда техникалык кемчиликтер болгон учурлар да кездешти, мисалга алсак, Ысык-Көлдө катуу жааган жаан-чачындан улам интернеттин үзүлүп калуусу сыяктуу, бирок ага болбой биз бардык балдарды баштан-аяк угуп жаттык. Албетте, жакындан баарлашууга эмне жетсин, бирок дүйнө жүзүндө болуп жаткан окуяларды эске алуу менен, конкурсту өткөрүүнүн ушул сыяктуу варианты да болууга тийиш. Эми мындан ары онлайн жактоо мыкты деңгээлде болушу үчүн анын кайсы жактарын жеткире иштеп чыгуу керектигин жакшы билип алдык. Жалпысынан алганда, жаңы форматка ыраазы болдум, бирок ошентсе да, кийинки жылы аталган конкурс салттуу формада өтүп, бизге жаркын сезимдерди, жаңы таанышууларды, мындан дагы кызыктуу иштелмелер менен идеяларды тартуулайт деген үмүтүбүз чоң!».

Эл аралык конкурска сунушталган колдонууга берилүүчү долбоорлорду, макеттерди, моделдерди, web-сайттарды, өнөр жай жана пайдалуу үлгүлөрдү карап чыгып, талкуулап, калыстар тобу кийинкидей жеңүүчүлөр менен байге ээлерин аныкташты:

«Жаңы теориялык иштелмелер жана моделдер» номинациясында I орун Жаныбеков Даниил (Ысык-Көл областы, Ак-Суу району, Теплоключенка ай., Ак-Суу райондук БББ) менен Темиркулова Акылайга (Бишкек ш., БРИТА «Алтын түйүн») бөлүштүрүлдү. Экинчи даражадагы дипломдор менен Фролов Максим (Бишкек ш., №9 ОТК МГ) жана Епифанова Маргарита (Россия Федерациясы, Москва ш., П.Р. Попович ат. Инженердик-техникалык мектеп” ГБОУ) сыйланышты. Коло байге ээлери болуп Некрашевич Татьяна (Россия Федерациясы, Таганрог ш.) жана Каиль Никита (Бишкек ш., БРИТА «Алтын түйүн»).

«Приборлор, радиожабдуулар жана телекоммуникациялык системалар» номинациясында Нишанбаев Ильяс (Бишкек ш., №33 МГ) жеңүүчү аталды. II орунду Чеденова Айжамал (Бишкек ш., №9 ОТК МГ), ал эми үчүнчү орунду ээлесе, үчүнчү орунду Шустов Максим (Россия Федерациясы, Москва ш., П.Р. Попович ат. Инженердик-техникалык мектеп” ГБОУ) жана Митрофанов Тимур (Россия Федерациясы, Казань ш., «Лицей-инженер борбору» МАОУ) бөлүшүп алды.

«Энергия жана энергия сарамжалдоочу технологиялар» номинациясында I орунду Телегин Глеб (Россия Федерациясы, Снежногорск ш., МБОУ ДО ДДТ «Дриада»), II орундуОсмоналиев Кубилай (Бишкек ш., УК АФМШЛ №61), III орундуНарбеков Элдияр (Бишкек ш., №9 ОТК МГ) ээлешти.

«Маалыматтык технологиялар жана программалоо» номинациясында Сахно София (Россия Федерациясы, МАОУ №10 ОБМ) жеңип, экинчи орунду Станислав Вероника (Россия Федерациясы, Снежногорск ш.) жана Эктова Анастасия (Бишкек ш., №9 ОТК МГ), III орунду Шамшиев Ислам (Ош ш., №4 ОМ) ээледи.

«Робототехника жана автоматташтырылган технологиялар» номинациясында I орунду Хашимова Гавхарай (Бишкек ш., УК АФМШЛ №61) ээлеп, II даражадагы дипломдор менен Советканов Ринат (Бишкек ш., БРИТА «Алтын түйүн») жана Сергиенко Артем (Ысык-Көл областы, Түп району, №24 ОМ) сыйланышты, ал эми үчүнчү орунду Эсенбаева Деңиза (Бишкек ш., УК АФМШЛ №61) ээледи.

«Дубалга илинүүчү моделдер» номинациясында Сабаева Рахима (Баткен областы, Кадамжай району) жеңүүчү болду, экинчи орунду Челядник Ярослав (Ош ш., №20 ОМ), ал эми коло байгени Жеңишбек уулу Ороз (Ош областы, Араван району,Т. Бекенов ат. ОМ) ээледи.

Юниорлор лигасында I даражадагы диплом менен Мелихов Евгений (Бишкек ш., БРИТА «Алтын түйүн», II даражадагы диплом менен – Панферова Варвара (Россия Федерациясы, Рязань ш., ОГБУДО «РЦДО»), III даражадагы диплом менен Ястремский Артемий (Казакстан Республикасы, Алматы ш., НПООЦ «Бобек», «Самопознание» гимназиясы сыйланышты.

«БизXXI кылымдын интеллектуалдары» конкурсунун жеңүүчүлөрүнөн болгон Кыргыз Республикасынын мектептеринин бүтүрүүчүлөрү, КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-июнундагы №300 токтомуна ылайык, республикалык предметтик олимпиадалары менен теңештирилип, өлкөбүздүн жождорунун техникалык факультеттеринин бюджеттик бөлүмдрүнүн студенти болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Жеңүүчүлөргө дипломдор менен баалуу байгелер, ошондой эле сертификаттар почта аркылуу жөнөтүлөт.

«Мен “Маалыматтык технологиялар жана программалоо” номинациясына сунушталган долбоорлорду бааладым. Балдардын бардыгы жакшы даярдыкта жана темага олуттуу карагандыгын белгилей кетүү керек, — деп айтты Арзыбаев А.М., доцент, И.Раззаков ат. IT-департаментинин директору, – бирок баарынан дагы Шамшиев Исламдын «Голосовой помощник» долбоору (Ош ш., жетекчиси — Кадыркулов Б.) жана «Лазерное футбольное поле» Сахно Софиянын (Россия Федерациясы, МООУ СОШ) долбоорлору эсте калды. Эгерде карантин тоскоол болбогондо, аймактардан келип катыша турган командалардын көбү мындан дагы жакшы даярдыкта катышып, өз долбоорлорун жогорку деңгээлде жактап бермек деген ойдоймун. БРИТА «Алтын түйүн» биринчи жолу мындай олуттуу мүнөздөгү эл аралык конкурсту онлайн форматта өткөрдү, бул абдан жакшы саамалык, азыркы заманбап технологиялар бизге болуп көрбөгөндөй мүмкүнчүлүктөрдү берип жатат! Бирок, буга чейин Ошто жана Ысык-Көлдө өткөрүлүп келген «Биз XXI кылымдын интеллектуалдары» конкурста судьялык тажрыйбам бар, конкурс салттуу формада өткөн учурда, албетте ар бир катышуучу менен жакындан таанышып, жактап берүүсүн угуу абдан кызыктуу! Адатта, долбоорду жактагандан кийин катышуучулар кызуу талкууга кирип, суроо берип, ой-пикирлери менен бөлүшчү. Калыстар тобунун мүчөлөрү дагы бардык балдар менен баарлашып, алардын долбоорлорунун келечеги тууралуу талкуу кылышчу, өздөрүнүн таасирлери менен бөлүшчү. Албетте, онлайн формат дагы ушундай эле мүмкүнчүлүктү берет, бирок жакындан баарлашуунун өзү, балдардын эмоциялары, толкунданган, көздөрүнөн от чачкан жүздөрүн көрүп, сезүү виртуалдуу түрдө ишке ашпай калат. Кийинки, “Алтын түйүндүн” маараке жылында, баардык тоскоолдуктарды артта калтырып, Кыргызстанда катышуучулардын бардыгы менен жүз көрүшөбүз деген үмүтүбүз чоң!».

— 2020-жыл күчтүү болууга түрткү кылган көптөгөн олуттуу сыноолорго дуушар кылды. Дайым өзгөрүп турган шарттарга ыңгайлашуу менен, жаңыча иштөөгө жана жаңыча жашоого үйрөнүп келет эмеспизби. «Биз – XXI кылымдын интеллектуалдары» конкурсунун онлайн форматы бул иш-чаранын салтка айланган жыл сайын өткөрүлүшүн сактап калууну эле эмес, Кыргызстан жана КМШ өлкөлөрүнүн жаш техниктеринин көбүрөөк санына изилдөөчүлүк жана ойлоп табуучулук иштелмелерин презентациялоого шарт түздү, себеби ушул сыяктуу иш-чараларга катышуу үчүн баарында эле транспорт чыгымдарын төлөө мүмкүнчүлүгү жок эмеспи. Балким, кийинки жылы юбилейлик эксперимент катары бул конкурстун салттуу жана онлайн форматын бириктирип калабыз – убакыт көрсөтөт. Кандай болбосун, алынган тажрыйба конкурстун мындан дагы кызыктуу жана масштабдуу болуусуна мүмкүнчүлүк түзөт. Бардык катышкан балдарды жана жетекчилерди катышкандыгы үчүн, ал эми уюштуруучулар менен калыстар тобунун мүчөлөрүн – конкурстун жогорку деңгээлде өтүшү үчүн жасалган зор эмгеги үчүн ыраазычылык билдиребиз, — дейт РДИТАнын директору.

Даярдаган Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер