«УЛУГБЕК» – ИЛИМ ОРДОСУ

Жазуучу Зинакан Пасаңованын “Академик Текенов” даректүү баянынан үзүндү жарыялайбыз.

Чыгарманын каарманы – белгилүү физик-окумуштуу, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, техника илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы Мамлекеттик сыйлыктын, «Золотая фортуна-2003» эл аралык сыйлыгынын лауреаты Жапар Текеновдун басып өткөн өмүр жолу (1933 – 2018) – бул бир гана адамдын таржымалы эмес, бул тарых, мезгил, коомдук өнүгүү менен тыгыз байланышкан бүтүндөй доор. Ал кыргыз илимпоздорунун алгачкы муунунун өкүлү болгон. Агайдын илимий жана педагогдук ишмердиги өлкөбүздөгү 60-70-жылдары илим-билимдин өнүгүү тарыхын күзгүдөй чагылдырып турат.

Сапар башында

1957-жылдын ноябрь айы. «Фрунзе – Ташкент – Жалал-Абад» багытында жүргөн поездден түшкөн кара тору, жапалдаш бойлуу жигитти Ташкент шаары жылуу ырайы менен тосуп алды. Кеч күз болуп калса да ызгаар суук билинбей, күндүн нуру таптуу тийип, кылычын кындан сууруган кыштан али-бери кабар жоктой көрүнөт.

Беш жыл бою студенттик өмүрүн коштогон чемоданын көтөрүп, ар кимден Ядролук физика институту жайгашкан Братская көчөнү сурамжылаган Жапар көпкө жөө басты. Эки жыл мурда ачылган бул институтту эч ким билбейт экен. Анын алгачкы аспиранттарынан болсом деген тилек менен Кыргызстандан келаткан тоолук уланга кайра таңыркай тиктешет. «Ядролук» деген сөздөн кооптонгондой боюн жыйрышкандар да жок эмес. Анан кантишсин… Карапайым элдин түшүнүгүндө гезиттерде жазылып, радиодо айтылып жаткан «ядролук курал», «атом бомбасы» – жерди күм-жам жок кыла турган коркунучтуу күч. Бул коркунуч социализм менен империализм тирешип турган дүйнөнүн асманын кара тумандай каптап, «кансыз согуштун» суук илебин чачып турган учур.

Жапар тескерисинче илимдеги эң актуалдуу тема менен иштээрине жан дилинен сыймыктанып да, дилгирленип да келатты. Аны аспирантурага жиберүүнү өзү окуган Кыргыз мамлекеттик университетинин окумуштуулар кеңеши чечти. Студент кезинен илимий изденүүлөрү текке кеткен жок. Мугалимдери анын илимий ишмердикке жөндөмүн калыс баалашты. «Келечекте сенден атом энергиясы боюнча чоң окумуштуу чыгышы ажеп эмес», – деп ага ак жол каалашкан агай-эжейлеринин үмүтүн акташ керек эле.

Адегенде ал Ленинград шаарындагы Физика-техникалык институтуна жолдомо алган. «Ядролук нурлардын катуу телолорго тийгизген таасири» боюнча темасы да бекитилип, илимий жетекчиси физика-математика илимдеринин доктору М.С. Белецкийдин карамагына бармак. Бирок Орто Азиянын борбору Ташкент шаарында Ядролук институт ачылып калганына байланыштуу бул жакка калтырылды. Мындай күтүүсүз бурулушка Жапар каршы болгон жок. Кантсе да өз эли-жерине жакын, поезд менен Фрунзеге да, Жалалабадга да барууга жолу оң. Ошондой эле өзбек элинин турмуш-тиричилиги менен тааныш, жашоого да жеңил. Кандидаттык минимум экзамендерин жакшы тапшырып, эми илимий-эксперименттик иштерге киришээрине жетине албай сүйүнгөн күн жүрөгүндө унутулгус болуп сакталып калды.

Ташкенттин ысык мээри

Ташкенттин борбордук көчөлөрүндө кабат-кабат бийик имараттар көп болгону менен, чеке-белинде коргондору ылай паксадан урулган там үйлөрдүн маалелери козголбой жатат. Университетте бирге окуган досу Шалпыков Абдыкайым экөө ошондой үйлөрдүн биринде батирде турушту. Үй ээлери казак улутундагы чал-кемпир аларды өз балдарындай көрүшүп, «ой, баурларым, чай ичиңдер» деп казакча, өзбекче аралыштырып сүйлөшө жылуу мамиле жасашат. Жылдан-жылга оокат-аш да кенелип, аспиранттык стипендия жанын багууга жете баштады.

Ырас, жаңыдан ачылган институттун аспирантурасында окуу оӊой эмес эле. Материалдык-техникалык базасы түптөлө элек институтта аспиранттар жана илимий изилдөөчүлөр үчүн шарт түзүлө элек экен. Илимий тажрыйбаларды жасоого лабораториялар, аппараттар, приборлор жетишпейт. Темасы космостук нурлар менен байланышкандыктан, аларды заманбап приборлор аркылуу гана изилдөө мүмкүн. Ташкент шаарында иштешкен аттуу-баштуу бир топ жердеш илимпоздор Жапарга бул жагынан чоң жардам көрсөтүштү. Өзгөн районунун Куршаб айылында төрөлүп-өскөн, ошол учурда Ташкенттеги геология институтунун директору болуп иштеген академик Хамрабаев Ибрагим Хамрабаевичтин камкордугу менен ага институттун лабораториясынан, китепканасынан пайдаланууга жол ачылды.

Өзөктүү тема

Өзүнүн Ташкенттеги биринчи илимий жетекчиси, физика-математика илимдеринин доктору, профессор Азимов Садык Азимовичтин көмөгү менен 6 ай бою космостук нурлар боюнча иштеп жүрүп, кийин радиоактивдүү изотопторду пайдалануу маселесине ооп кетти. Бул тема боюнча илимий лабораториянын башчысы физика-математика илимдеринин кандидаты Мазитов Бурхан Салахидинович эле. Аспирантураны бүткүчө бул багытта бир топ илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп, көптөгөн илимий-практикалык конференцияларга катышып, дүйнөлүк чыгаан окумуштуулардын эмгектери менен таанышып, тереңдеп сүңгүп калганда, үчүнчү жолу темасын өзгөртүүгө туура келди.

Эми ал Өзбек ССРинин Илимдер академиясынын вице-президенти Сергей Васильевич Стародубцовдун жетекчилиги алдында радиоизотоптордун жардамы менен майда микроскоптук катуу бөлүкчөлөрдүн физика-химиялык касиеттерин изилдеп-үйрөнө баштады. С. Стародубцов радиоактивдүү изотоптор боюнча эң күчтүү адис жана чыныгы илимпоз катары Өзбекстанда гана эмес Союздун илимий чөйрөсүндө чоң кадыр-баркка ээ эле. Жетекчисинин аброю жана иштиктүү кеңештери Жапарды илгери сүрөгөн демөөр болду. С. Стародубцовго жолугуу үчүн Академияга көп келчү. Ушул жерден Ош облусунун Араван районунан болгон, ошол убакта Өзбекстандын Илимдер академиясынын президенти академик Абдуллаев Хабиб Мухамедович, Хасыл Фазилов, Хамдам Усманов, Ибрагим Хамрабаев, Сабыр Юнусов, Васил Кабулов, Убай Арипов, Ташмухамед Сарымсаков сыяктуу академиктерди көрүп, алардын ар бирине суктануу менен тиктейт. Бир чети Өзбекстанда академиктердин көп өсүп чыккандыгы, илим жагынан бир топ алдыга кеткендиги улуттук ар-намысын козгобой койгон жок. Кыргыздын уул-кыздарынын ичинен да илимдин докторлору, академиктери качан көбөйөр экен деп кыялданат.

Бул куру кыял гана эмес эле. Кыргызстандын илиминин өнүгүшүнө салым кошо тургандардын бири өзү эмеспи. Өлкөнүн илимий-техникалык прогрессинин келечеги ага да байланыштуу. Ал үчүн эптеп эле диссертация жактоону көздөбөстөн, илимди тереңдеп казууга умтулуу керек. Илимдеги башкы кыймылдаткыч күч бул илимий даражанын, курулай атак-даңктын артынан кубалоо эмес, өз ишине чыныгы кызыгуу болсо гана майнап чыгат. Көптөгөн таланттуу жаштар кандай гана болбосун дүйнөлүк ири ачылыштарды жасайм деп умтулуу менен ак ниет иштөө жөндөмдүүлүктөрүн жоготуп коюшат деп айткан устатынын сөзү дайыма жадында. Атактуу окумуштуулар менен таанышып, чөйрөсү кеңейген сайын ушинтип максаты да бийиктей берди. Эми мелжеген чеги – кандидаттык диссертациясын жактагандан кийин да илимий иштерин улантуу эле.

Мындай ойдо жүргөн бир гана ал эмес эле. Аспирантурада бирге окушкандардын да илимге катуу берилген аракеттерин байкайт. Азербайжан, каракалпак, казак, өзбек, кыргыз, түркмөн сыяктуу көп элдердин уул-кыздары бири-бирин жерүүнү, улутка бөлүнүүнү билишпей, бир үй-бүлөнүн балдарындай мамыр-жумур мамиледе жүрүшчү. Бири-бирине жан дилинен жардам берүүгө дилгирлик, жарты нанды да бөлө жешкен ынтымактык, достукка бекемдик менен өмүрлөрүн илимге арноодон өтөөр ыйык нерсе жоктой эң бактылуу учурлары эле.

“Жаш элек шайыр шаттанган”

Дили таза жаштыктын деми менен илимий иштерге да, ойноп-күлгөнгө да убакыт табышчу. Тез-тез шаарга кино көргөнү түшүшүп, же кече уюштура коюшуп, баары бирге көңүл ачышат. Мындайда Абдыкайымдын уюштургуч таланты өзгөчө көзгө көрүнөр эле. Оюн-зоокторду өткөрүүнүн устаты болуп, институттагы майрамдык кечелердин көркүн чыгаргандардын бири. Кандай гана кече болбосун сулуу кыздарсыз өтчү эмес. Алардын ичинен Жапарга жаккандары да бар. Бирок өзүн кыз аттуудан оолак кармап, токтоо жүрөт. Айылдагы абалары «апаңды карай турган келинди өзүбүз алып беребиз» деп катуу дайындаша берип кулагын бышырып койгондуктанбы, болочок түгөйү өзүнүн туулуп- өскөн жери тараптан туш болордой көңүлү ток.

Бирок теңтуштарынын ыгынан чыкпай оюн-күлкүдөн калбайт. Кээде туулган күндөрдү, же кандайдыр бир жакшылыктарды белгилөө үчүн аспиранттардын жатаканасынын бөлмөлөрүнүн бирине дасторкон жайып, тапкан-ташыгандарын ортого коюшуп, таң-атканча бийлеп-ырдап чыгып кетишет. Ичкендери колго жасалган кызыл вино. Аны институттун жанындагы сайда отурукташкан крым-татарлардан сатып алышчу. Ширин жүзүмдүн сортунан жасалган күчтүү виного эңги-деңги болуп кызып калышкан учурда да ойлорунда арамдык жок, мас болгондорун соосу үйүнө жеткирип, талаада калуу, же уруш-талаш деген болгон эмес. Анткени баарынын алдыга койгон максаттары бийик жана таза эле.

Улуулардын жөнөкөйлүгү

Алардын багына Ядролук физика институту тез эле күчтөнүп, замандын алдыңкы технологиясы менен жабдылган илимий-изилдөө лабораториялары, реактор курулуп, ишке берилди. Окумуштуулар жашай турган үйлөр, аспиранттарга жатакана салынды. Институттун аймагы илимий шаарчага айланып, «Улугбек» деген атка ээ болду. Жапар жолдоштору менен шаарчадагы жаңы курулган жатаканага жайгашты. Жашаган жери институттун жанында. Кинотеатр, кафе, ашкана, дүкөндөр сыяктуу турмуш-тиричилик үчүн керектүү жайлар да алыс эмес. Баш оту менен илимге кирише турган бардык шарттар бар. Эми катуу чамдап аракеттенбесе болбойт.

Ал мезгилде аспиранттар Москва, Ленинград, Харьков сыяктуу ири шаарлардын илим изилдөө институттарында, борборлорунда стажировкадан өтүү, атактуу окумуштуулардан окуп-үйрөнүү үчүн жана илимий конференцияларга катышуу үчүн жиберилип турулчу. Барып-келиш, жашоо каражаттары институт тарабынан төлөнөт. Советтик доордо союздук республикалардын жаш илимпоздору үчүн көрүлгөн бул өзгөчө камкордуктан Жапар Текенов да пайдаланды.

Ал аспирант кезинде эле союздук масштабдагы көптөгөн илимий конференцияларга катышып, доклад жасап такшалды. Ар бир илимий иш сапарын текке кетирбей билбегенин билүүгө, чоң окумуштуулардын таалимин алууга умтулат. СССРдин борбор шаары болгон Москвага барган сайын убактысынын көбүн Ленин атындагы атактуу китепканада өткөрөт. Күнү-түнү тирмейип олтуруп, өзүнүн темасы боюнча дүйнөлүк окумуштуулардын эмгектерин, жакталган кандидаттык, доктордук диссертацияларды окуп чыгат. О-о кийин, докторантурада жүргөндө бул китепканадан өзүнүн кандидаттык диссертациясын көрүп аябай толкунданган.

Ошондой командировкалардын биринде Москва шаарындагы Карпов атындагы физика-химия илим изилдөө институтунун профессору, Фукс Николай Альбертович, СССРдин Илимдер Академиясынын академиги Петряков Игор Васильевич менен жакындан таанышып, алардын ортосундагы устат-шакирттик сыйлуу мамиле өмүр бою үзүлбөй уланып келди. И. В. Петряков радиоактивдүү аэрозоль боюнча дүйнөгө белгилүү окумуштуу эле. Бомба жарылганда айлана-чөйрөгө таркаган аэрозолдорду, радиоактивдүү майда бөлүкчөлөрдү зыянсыздандыруу боюнча иштеп чыккан илимий теориясы, анан дагы «Петряковдун фильтри» (ФП) деген ат менен ядролук илимий тармакта белгилүү болгон иштери бул окумуштууну дүйнөгө тааныткан.

Илимдин корифейлеринин бири катары дүйнөлүк атак-даңкына карабастан И.В. Петряковдун жөнөкөйлүгүнө, кичипейил адамгерчилигине Жапар өтө таң калаар эле. Ал адамды даражасына, кызматына карап бөлбөстөн баарына бирдей жөнөкөй мамиле жасоочу. Өзүн пириндей көрүп сүрдөгөн аспирант жигитке аталык мээрим менен камкордук көрүүгө да убакыт тапчу.

Н.А. Фукс Жапар аспирантураны бүтүрүп, Кыргызстанга келип иштеп жатканында анын темасы боюнча дүйнө боюнча жарык көргөн эмгектерди почта аркылуу үзгүлтүксүз салып турду. Жаш окумуштуу ушундай улуу устаттарынын илимге кошкон салымдарынан гана эмес жеке инсандык өрнөктөрүнөн да таалим алды. Фукс менен Петряковдор энциклопедиялык билими, илимпоздорго таандык демократизми жана баладай ак көңүл мүнөзү менен жүрөгүнөн түнөк тапты.

Туулган жердин тузун актоо мүдөөсү

Жаш кезде кумир туткан адамдар да, таза сезим менен табышкан достук да көп учурда түбөлүктүү болору – жашоонун мыйзамы. Жапар өмүрүнүн ууз кезинде тапкан досторунун бири Акматбек Жаманбаев экөө өмүр бою кол үзүшкөн жок. Ал тургай кийин Ош шаарында Кыргыз Илимдер Академиясынын Түштүк борбору ачылганда ага директор болуп дайындалган А. Жаманбаев орун басарлыкка Жапарды чакырып, кызматташ катары көп жылдар да бирге иштешти. Достук жана бири-бирин баалаган жана колдогон ак ниет сезим алардын ишине да оң таасир тийгизбей койгон жок. Түштүктөгү жаратылыш ресурстарын комплекстүү изилдөө, колледж, лицей, менеджерлердин мектебин ачуу сыяктуу көптөгөн из калтырышты. Кыргыздын белгилүү окумуштуусу, техникалык илимдин Республикадагы биринчи доктору, Илимдер Академиясынын Түштүк борборунун түптөөчүсү жана анын алгачкы директору болуп иштеген, илимий чөйрөдө жана коомчулукта чоң аброй күткөн профессор Акматбек досу үчүн ар убак сыймыктанчу.

Ал экөө Жапар аспирант убагында Абдыкайым досу аркылуу таанышкан. А. Жаманбаев ал мезгилде Кыргызстандын суу чарба жана энергетика институтунда кенже илимий кызматкери болуп иштөөчү экен. Абдыкайым да Университетти бүтүргөндөн кийин бул жерге жаңыдан кенже илимий кызматкер болуп орношкон. Досуна учурашканы келген Жапар Акматбекти алгач жолу көргөндө өзү менен тең куракта деп оюна да келген эмес. Узун бою келбеттүү, таза жана жарашыктуу кийинген, маңдайы жарык жигит экен. Жаш кезинен кызматына байланыштуу партиялык, советтик жооптуу кызматкерлер менен аралашып жүрүп баскан-турганы, сүйлөгөнү жагынан бир топ өсүп калыптыр. Үй-бүлө күтүп, турмушка олуттуу караган мүнөзү да байкалып турчу. Аялы Рева Телтаева менен бир класста окугандыгына байланыштуубу, белгилүү коомдук ишмер Султан Ибраимов менен да ынак достук мамилеси бар эле. «Досумдун досу мага да дос» дегендей Жапар Султан Ибраимов менен таанышып, жакындашуусуна Акматбек себепкер болгон. Кийин С. Ибраимов Ош облусунун партиялык комитетинин биринчи катчысы болуп иштеп жүргөндө тез-тез жолугушуп, иш боюнча да, достук мамиледе да тыгыз байланышта болушту. Бул инсандардын жүрөктө калган элестери ушул күнгө чейин Жапар үчүн баа жеткис кымбат.

Илимдеги бийиктик

Жапар Текенов кандидаттык диссертациясын аспирантураны бүтүргөндөн кийин үчүнчү жылы 1962-жылы коргоду. Аспирантурада окуп жүргөн жылдары илимий иштеринин темасын жана жетекчини үч жолу өзгөртүү көп кыйындыкка турду. Диссертациясынын коргоо мөөнөтүнүн узарып кетишине да ушул себеп болду окшойт. Убакыттан уттурганына карабастан диссертациясын жогорку деңгээлде иштеп чыгып, ийгиликтүү коргоо үчүн бардык күчүн үрөдү. Жан аянбай иштегендиктен акыркы күндөрү алы куруп, башы айланып жүрөт. Бир стакан вино ичсе да көтөрө албай калчу болду. Ден соолугуна көңүл бөлүүгө чама жок. Диссертацияны жазууда орус тилин терең билбегендигинен кыйла кыйналды. Ошентсе да баштан аяк өзү жазды.. Он беш, жыйырма жылдан кийин Москва шаарындагы Ленин атындагы китепканадан өзүнүн кандидаттык диссертациясын таап, кайрадан окуп чыгат. Чындыгында орусча жармач тил менен жазылган экен. Бирок илимий жагынан салмактаганда уяла турган жөнү жоктой сезилди. Диссертациясынын үстүндө иштөөдө үч багыт боюнча бир топ эле олуттуу изилдөөлөр жүргүзүлүптүр. Биринчи, микроскопиялык майда бөлүктөрдүн жабышкактык күчүн (адгезия) өлчөй турган ыкмасын иштеп чыкты. Экинчи, аба агымынын чек кырдагы катмардагы аба агымынын ылдамдыгын өлчөө ыкмасын аныктады. Үчүнчүсү, ушуларды изилдөөдө радиоактивдүү изотопторду пайдалануу ыкмасы. Илимий жетекчиси жана оппоненттери ушул ыкмалар боюнча анын эмгегин оң баалашты.

Ак эмгектин акыбети кайткан мүнөттөрдүн ыйыктыгын баштан кечирген гана билет. Илим таланттуунун таланттуусуна гана багынат, «ийне менен кудук казгандай» кажыбас түйшүккө түтө билген өжөргө гана ийге келет. Кандидаттык диссертациясын жактагандан кийин Жапар тагдыр жолу илимге биротоло байланганына ынанды. Бирок илимдин өзү багындырар Эверест чокулары али алдыда, көз талдырып, ой-сезимин арбап алыстан көк мелжип көрүнөт. Ошол бийиктиктерге жетүү үчүн бүт өмүрүн арноо керек.

Комментарии

Комментариев пока нет

Оставить комментарий