ЭЛМИРБЕК – ЭЛДИК ӨНӨРДҮН ЭНЦИКЛОПЕДИЯСЫ ЭЛЕ

Кыргыз – кылым карыткан тарыхын ыр менен айткан, ыр менен төрөлүп, ыр менен узаган, сөз өнөрүн аздек туткан, өнөр сүйгөн калк. Ошондон улам элибиз «өнөр улук, өнөр ыйык, өнөр өлбөйт» деп, өнөргө өзгөчө аяр мамиле жасаган. Өнөр адамдары ар дайым карапайым калкка жакын, кадыр-баркка ээ, элге сөзү өтүмдүү инсандар болуп келген. Кудай Таала өзгөчө талант берген мындай өнөрпоздордун кайталангыс касиети – ар бир инсандын мекенчил сезимин козгоп, жан дүйнөсүнө жарык тартуулап, жүрөгүнүн түпкүрүнөн орун тапкан. Буга өздөрү бул дүйнө менен кош айтышып кетсе да, аттары тарыхта алтын тамгалар менен жазылып, артында калган баалуу мурастары экинчи өмүрүн улантып, тирүүсүндө калтырып кеткен эмгеги көөнөрбөй, улам кийинки муундар үчүн да эбегейсиз зор кызмат өтөп жаткан канчалаган залкар таланттардын баскан жолу мисал боло алат. Ошондуктан элибиз: «Өнөрлүүнүн өзү өлсө да, сөзү өлбөйт», – деп келишкен. Мындай түбөлүк тирүү бойдон калган залкарлар ар бир доордон табылып келген, табыла берери талашсыз. «Баатырды мезгил жаратат» демекчи, канчалык ааламдашуу доору, өнүккөн заман, компьютерлешкен кылым дегенибиз менен ошол бабадан калган баалуу из, баалуу мурас жоголгон жок. Тескерисинче, жаңыча нукта, жаңыча багытта өз ишин улантты. Дегеним, кептин нугун биздин доордун залкарына бургум келди.
«Манас» эпосунда «Бүгүн көргөн, эртең жок, Ушундай экен дүйнө бок» делинет. Анын сыңары, дегеле чыныгы таланттардын өмүрү кыска болору айныксыз чындык белем. Буга издесек тарых барактарында мисалдар арбын. Майдалап токтолуп отурбайлы. Дал ошондой залкарлардын бири – биздин замандын алп акыны Элмирбек Иманалиев да чыгармачылыгынын бышып жетилип турган маалында күтүүсүз жерден жалпы элди сыздатып кете берди. Элмирбек аз, бирок саз жашады.

…. Эл сүйбөгөн бийликтин

Жоголгонун көргөмүн.

Эл сүйлөгөн өнөрдүн,

Жоголгонун көрбөдүм… – деп, элдик өнөрдүн түбөлүктүүлүгүн айтып келген Элмирбек акын дүйнө салганда, тогуз жаштагы баладан токсондогу карыга чейин кан жутуп аза күтүп, жамы журт жоктоду. Бу да болсо, элдик өнөрдүн ар бир кыргыздын кан-жанына сиңген баалуулук экенин, өнөрдүн күчү жан дүйнөбүзгө канчалык деңгээлде таасир берерин далилдеди өңдөнөт.

Мүмкүн бул, Элмирбек агабыз өнөрү менен элдин эсине кыттай уюп, жүрөктөрдүн толтосунан түнөк тапкан, төгөрөгү төп келген чыныгы залкар талант болгондугунан чыгар. Элибиз Элмирбектен ажыраганда анын көп кырдуу талантына дагы тереңден үңүлүп карап, өнөрүн жакындан билген замандаштарынын көпчүлүгү «Азыркынын Токтогулу эле» деген баасын беришти. Бул – таасын баа, бийик наам. Муну мен да кош колдоп кубаттайм.
Кудай Таалам Элмирбек агабызга тоо булбулу Токтогулдун өнөрүн, ыр дүйнөсүн толук бойдон тулку-боюна сиңирип, чыпчыргасын коротпой өткөрүп бергендей туюлат. Эки башка доордо жашап, бирин-бири көрбөгөн залкарлардын чыгармачылыгындагы мындай окшоштук, жалпылык жөн жерден болбосо керек. Дегеним, биринчиден, Элмирбек Иманалиев кезинде Ала-Тоону жердеген өнөрпоздордун ат байлар казыгына айланган Токтогулдун өнөр мектебинин ордосу болгон Кетмен-Төбөдө туулуп, бала кезинен ыр- күү, жомокторго жакын өсүп (5 жашында комуз кармап, «Манас» айткан), көптү көргөн аксакалдардан, улуулардан уккан-билгени акылга зирек жаш таланттын көкүрөгүндө толуп, акыры ошол көрөңгө кайнап чыгып, көп кырдуу талант катары калыптануусуна негиз салды. Экинчиден, акындар чыгармачылыгындагы УСТАТ-ШАКИРТТИК байланыш аркылуу алып карасак, Элмирбек тоо булбулу Токтогулдун өнөр мектебинен сабак алган чөбөрө шакирт.
Кезегинде Коргоол:

«… Торгоюм Током барында,

Томпоюп жүрдүм жанында.

Он жети жыл ээрчидим,

Оозунда ырдан телчидим,

Оймоктой бала чагымда», – деп, Токтогулдун жанында ата-баладай ээрчишип жүрүп өнөрүн үйрөнгөнүн сыймыктануу менен бир нече ирет эскерген.

Ал эми Коргоолду устат туткан Тууганбай Абдиев эң алгач Коргоолго:

«Өзүмдүн атым Тууганбай,

Өйүзгү Ничке жерденмин.

Өңүңүздү көрсөм деп,

Өзүңүзгө келгемин.

Алайын деп үйрөтсө,

Акындыктын өрнөгүн», – деп учурашып, батасын алып, өнөрүн үйрөнгөн. Тууганбай ата өзү да ар дайым «устатым Коргоол» деп эскерер эле.

Ал эми Тууганбай Абдиевге Элмирбек 13 жашында жолугуп,

«Арыбаган буудандай,

Аманбы, атам Тууганбай?

Ооруп турат тамагым,

Муз жегемби, билбеймин,

Муунуп турам бул кандай?», – деп учурашкан экен.

Тууганбай Абдиев тестиер баланын оозунан өзүнө кайра суроо салгандай чыйрак чыккан ыр саптарды укканда, көктөн издегенин жерден тапкандай маңдайы жарыла сүйүнө батасын берип, шаарга чакыртып алат. Ошондон тартып Залкар акын жаш баланы үйүнө жаткырып, аталык да, устаттык да милдетти аткарып, бар өнөрүн, тарбиясын берип, бир нече жыл бою ээрчишип жүрүп устат-шакирт өнөрканасынын салттуу бийик үлгүсүн көргөзүштү. Жогоруда чөбөрө шакирт дегенимдин себеби ушул, тактап айтканда, Токтогулдан Коргоолго, Коргоолдон Тууганбайга, Тууганбайдан Элмирбекке калган бул жол.

Албетте, Токтогул атабыздын тарыхын баарыбыз эле аксакалдардан, улуу инсандардан, устаттарыбыздан угуп, китептен окуп, радио-теле аркылуу таанып-билдик. Ал эми мындан айырмаланып, Элмирбек агабызды көпчүлүгүбүз замандашы катары көрүп-билип, өзгөчө өнөр адамдары жанында кошо жүрдүк. Жеке өзүмө келе турган болсом, ага-ини катары өнөрдө чогуу болуп, ташкындаган көп кырдуу талантына бир нече ирет күбө болуп, ал тургай өнөрүн өрнөк тутуп жүргөнүмдөн уламбы, агабыздын чыгармачылыгын жакындан билет элем.

Эми кайрадан «Элмирбек – азыркы доордун Токтогулу эле» деген элдин баасына келели. Токтогул ким? Токтогул – канчалаган залкар акындарга устаттык кылган, кезегинде аккан сууну эле жети күн тынбай айткан, жер таянбас акын Жеңижок атабыз да өнөрүн жогору баалаган залкар талант. Так ушул Токтогулдун өнөр бейнесиндеги Кудай берген жети өзгөчөлүк, нарк, парасат Элмирбек агабызда да бар эле! Оюмду бекемдеш үчүн эки акындын ар тармактуу өнөрлөрүн салыштырып, ар бирине кыскача токтолуп өтөйүн:

 

Эпос-дастандарды чебер ырдаган айтуучу

Бул жаатта агабыз толук ачылбай, сыр сандыктай бекип, ушул өнөрдүн классикалык үлгүсүн өзү менен кошо алып кете берди. Айрыкча, «Аксаткын менен Кулмырза», «Курманбек», «Гүлгаакы» дастандарын ийине жеткире керемет аткарып жүргөнүнө күбөмүн. Өзгөчө эргигенде дастандагы салттуу кайрыктарга чектелбестен, өздүк ыкмасы менен импровизациялап, вариациялап, жаңы боёктор менен шөкөттөп, буркан-шаркан түшүп аткарчу. Айта кетсек, «Курманбек» эпосунун 500 жылдыгына карата өткөрүлгөн дастанчылардын республикалык кароо-сынагында да баш байгеге татыган жайы бар. Ушул жаатта өзү менен да сүйлөшүп, ушул дастандарды атайын «Улуу Мурас» долбоорунун алкагында жаздыралы деген максаттарыбыз, пландарыбыз бар эле. Ажал алып кетип, ал да ишке ашпай кала берди. Ошол эле учурда Элмирбек ага «Манас» айтканда, жөн киши тургай, манасчылар өзүбүз суктанчубуз. Балким, манасчылык өнөргө сүңгүп киргенде, алдына ат салдырбаган залкар манасчы чыкмак беле деп ойлоп кетем.

Ал эми ушул эле жаатта Токтогул акын да чендебеген из салып кеткен. Дегеним, Калык Акиев, Алымкул Үсөнбаев, Коргоол Досуев сыяктуу ал кишинин эң жакын шакирттеринин айтуусунда жазылып алынган эпос-дастандар Токтогулдан калган мурастар экенин ар бири өздөрүнүн эскерүүлөрүндө: «Бул дастандарды Токтогулдан үйрөндүм», – деп айтып кетишкени бизге белгилүү. Демек, Токтогул дастанчы да болгон десек жаңылбайбыз. Ал тургай, адабият изилдөөчү, акын Омор Сооронов кол жазмалар фондундагы материалдарга таянып, Токтогулдун «Манастан» да үзүндүлөрдү айтып жүргөнүн «Биз билген жана биз биле элек Токтогул» [5] аттуу китепте бир нече далилдүү мисалдар менен келтирген. Токтогулдун өнөр бейнесиндеги өзгөчөлүктөр көпчүлүккө белгилүү болгондуктан мындан аркыларында кыскача гана токтолуу жетиштүү деп эсептейм.

 

Сөз жүйөсүн келтире сүйлөгөн, тарыхты терең билген акылман, капилеттен сөз тапкан чабыты кенен, ою терең акын 

Элмирбек Иманалиев кыргыз-казак акындарынын көпчүлүгү менен өнөр жарышына түшүп, мыкты айтышкер акын экенин көргөзө алды. Айтыштарынын мазмунунда камтылган терең философиялык ойлору, балбан сөздөрү эл купулуна толуп турчу. Өнөктөшү орой тийишип жатса да, бетке чаап  катуу айтпай, сөздүн ичине сөз катып, терең ойго оролгон курч жоопту ийкемдүү ыкма менен жеткирер эле. Кыргыз тургай, казак туугандардын да тарыхын мыкты билген интеллектуалдык денгээли күчтүү, капилеттен сөз тапкан өзгөчө адам болчу. Маселен, Астанада өткөн бир айтыштагы казак акыны Даулет Керейдин: «Коркуп турган жөнүң бар, Коркпо калпагыңды тартып албайм» деген тариздеги мыскылына Элмирбек акын:

«Бир боорум карматпагын шайтаныңды,

Билбегем мындай сөздү айтарыңды.

Сен эмес, Кытай тартып алалбаган,

Башымда ушул турган калпагымды», – деп, тарыхты эсине салып, акылмандык менен таасын жооп кайтарган.

Санай берсек, мындай мисалдар абдан көп. Акылы терең, интеллектуалдык деңгээли бийик инсан болгонун ушундан билсек болот, элдик оозеки чыгармачылыктын бардык жанрларын, залкар өнөрпоздордун тарыхын, ал тургай, казак калкынын да көркөм өнөрү, өнөрпоздору тууралуу терең билгени элдик өнөрдүн тирүү энциклопедиясы экенин айгиленеп турчу.

Ал эми Токтогул да даанышмандыгы менен акындыгы жуурулушкан улуу устат болгонун «Барпынын Токтогулга алгачкы жолушуусу» аттуу бир гана айтышын мисалга тартсак жетиштүү болот.

Жоктоо, терме-насаат, ашыктык арман ырларды, обондорду, накыл сөздөрдү калтырган көп кырдуу жаратман

Бул багытта ар бирине өз-өзүнчө кенен токтолуп өтсөк болот эле. Сөзүбүз өтө узарып кетпес үчүн жалпылап беришке туура келди.

Элмирбек агабыз элдик кошок, арман ырлардын негизинде обонун жаңыча иштеп чыгып, Айтикени жоктогон Чоңдунун, Жеңижокту жоктогон Токтогулдун, Алымкулду жоктогон Ысмайылдын салттуу жолун уланткан, Төлөгөн Касымбеков, Байдылда Сарногоев, Апсамат Масалиев, Чыңгыз Айтматов өңдүү улуу инсандардын өрнөктүү өмүрүн чагылдырган эскерүү-жоктоо ырлары, «Аманат» баштаган автордук термелери, ар таңда жакын санаалаштарына жөнөткөн накыл сөздөрү, кайрыктары кулактан кирип бойду алган «Жан секет», «Аруузатым», «Булбулум» өңдүү ашыктык арман ырлары XXI кылымдагы  жаратмандыктын классикалык үлгүсү болуп калды.

Ал эми Токтогулга келсек, оозеки салттагы профессионалдык өнөрдүн бардык жанрларынын жаратманы болгон экени белгилүү.

 

Адамдарды  арбап алган өзгөчө аткаруучу жана эл ичинде Булбул деген атакка татыган мукам үндүн ээси

Элмирбек байкебиздин аткаруучулук өзгөчөлүгү дастандарды да, өзүнүн обондуу ырларын да ырдаганда даана байкалар эле. Айтыштардан да «Акбакай», «Чоң кербез» күүлөрүнүн обонуна салып төккөнү, ал тургай казак туугандардын домбурасын ийине жеткире черткени көпчүлүктүн эсинде болсо керек. Булбул таңшык мукам үнү, аткаруучулук чеберчилиги менен элди арбап турчу.

Ал эми комуз күүлөрүндө чымчыктын сайраганына чейин туураган, күн-түндөп талбай ырдаган өнөрүнөн улам эл Токтогулга «Тоо булбулу» деген наам берген.

 

Устаттын улуулугун даңазалоочу, УСТАТ-ШАКИРТ өнөрканасын улантуучу

Ар дайым ырларында залкарлардын аттарын даңазалап, эмгектерин эстеп, чыгармаларына жан киргизе аткарган. Өзү көрүп, өнөрүн алып калган устаттарын «Ашыкем, Эстекем, Тукам, Замкем» деп элге жар салып жүрүп өттү. Ал эми шакирт тарбиялоодо бардык өнөр ээлерине үлгү болорлук иштерди жасады. Адегенде «Айтыш» коомдук фондуна жогоруда санаган залкарларга шакирт катары келип, андан соң жетекчиси катары иштеп, акыркы он жылда «Айтыш» фондуна келген көптөгөн жаш акындарга устаттык кылып, өнөр үйрөтүп, акын болуп калып таанылышына, чоң сахнага чыгышына өз салымын кошту. Ал тургай, «Төкмө келсе төр бошот» аттуу долбоор аркылуу теле көрсөтүүлөрдү, концерттерди уюштуруп, Асылбек, Болот, Акматбек, Изат, Мундузбек сыяктуу акындардын муунун тарбиялап чыгарды. «Айтыш» фондундагы балдардан тышкары канчалаган өнөр адамдары залкар акындын талантына таасирленип, атайын барып жолугуп, сынынан өтүп, устат тутуп жүргөндөрү канча. Жалпылап айтканда, өзүнүн устат-шакирт өнөрканасын түптөй алды.

Тоо булбулу Токтогулдун даңкын алыстан уккан өнөргө дилгир жаш таланттардын дээрлик көпчүлүгү Ала-Тоонун ар аймагынан издеп келип, батасын алып, өнөрүн үйрөнүп, жолун ачтырып кетишчү экен. Ал кишинин таалимин алган Эшмамбет, Барпы, Калык, Алымкул, Коргоол, Атай, Шекербек сыяктуу өнөр адамдары Токтогулдун УЛУУ УСТАТ экендигин айгинелейт. Керек болсо, элдик өнөрдө устатка болгон мамилени да Токтогулдан үйрөнсөк болот. Кезегинде «Жеңижок бар жерде ыр ырдабайм, Ниязалы бар жерде комуз чертпейм» деп, устаттарына улуу урмат көргөзгөнү кандай гана керемет өрнөк.

 

Эч кимдин көңүлүн оорутпаган бийик адамгерчиликтүү, жөнөкөй, сыпайы, дипломат инсан

Элмирбек агабыз бир да адам менен үнүн катуу чыгарып урушпаган сыпайы, кандай гана жагдай болбосун кыйын кырдаалдан чыга билген дипломат, атак-даңкка ээ болуп, элдин алкышына арзып турганда да баш айланткан мактоолорго манчыркап кетпеген жөнөкөй, ар дайым жүрөгүндө ыр, жүзүндө нур жашаган алтын адам эле. Жөнөкөйлүгүн ушундан билсе болот, бир ирет кыргыз-казак акындарынын эл аралык айтышында баш байге тапшырылып жатканда «Айтыш – акыйнек эмес, бул – эки акындын улуу баарлашуусу», – деп, казактын залкар акыны Мукагали Макатаевдин:

«Мен кантип акынмын деп айталамын?

Мен жөн гана өткөндү кайталадым.

Казактын күпө кийген кара өлөңүн,

Чепкен жаап кайра өзүнө кайтарамын», –деген ырын айтуу менен «Биз жаңы эч нерсе жараткан жокпуз, элдин мурасын элге берип жатабыз» деген ойду туюнтуп, ар дайым эл алдында өзүнүн жөнөкөй, сыпайы мүнөзүн көргөзүп  келген.

Токтогул акын да шакирттерине ат мингизип, тон жаап, карызынан куткарып, улуу-кичүү дебей адам көңүлүн калтырбаган инсан болгондуктан, бардык өнөрпоздор устат тутуп, аны пааналашкан. Барпынын алгач Жеңижокко жолугуп, андан соң Токтогул менен жолуккан окуясынан толук кабардар адамдар муну толук түшүнөт. 1928-жылы Фрунзеге музыка таануучу Александр Затаевичтин чакыруусу менен келген Токтогул комузчу Карамолдо Орозовду кара күүлөрдөн черттирип уккан соң, «Күү силерде, ыр бизде экен», – дегени Токтогулдун чыны менен  ак пейил, жөнөкөй, сыпайы адам экенин тастыктап турат. Болбосо, «Тогуз кайрык», «Миң кыял» баштаган бир нече айтым күүлөрдү, кол ойнотмо күүлөрдү жараткан залкар комузчу Токтогул өзүнөн тогуз жаш кичүү Карамолдого минтип айтпайт эле.

 

Журт, Улут, Тил, Дил тагдырын жеке тагдырынан жогору коюп, эл мүдөөсүн ырдап жүрүп өткөн мекенчил

Акындар чыгармачылыгынын тарыхында эл үчүн Токтогулдай азап тарткан, элдин үнүн Токтогулдай ырдагандар чанда. Жеке тагдырынан эл тагдырын бийик коюп, калыстыктан тайбай элдин таламын талашып, элдин башына түшкөн мүшкүлдү жүрөгүнөн өткөрүп, бийлик төбөлдөрүнүн, бай-манаптардын адилетсиздигин ашкерелеп ырдап, анын айынан сүргүнгө да айдалып, ден соолугунан, үй-бүлөсүнөн ажырап, аябай кордук көргөнү баарыбызга маалым.

Элмирбек агабызды түйшөлткөн эң башкы көйгөй да – эл тарткан азап, эл көргөн кордук, коомдогу адилетсиздик, элди тоноп байыган жемкор, жегичтер болду. «Жер жарылса, акындын жүрөгүнөн өтөт» демекчи, жогоруда санап өткөн көйгөйлөргө акын катары тынчсызданып, жүрөгү канап, адилетсиз бийликке, элди ойлобогон төбөлдөргө бир нече ирет кайрылуу жасады. Бул теманы маалымат каражаттарына берген маектеринде да, айтыштарында да, терме-санат ырларында да, кала берсе, Айтматовду жоктогон кошогунда да кан какшап баса белгилеп, эл үчүн кайгырып жүрүп оо дүйнөгө кете берди. Эми ушундан кийин эл башындагылар сабак алып, эл жегичтер жоголуп, башчылардын ниети оңолуп, элибиздин жаркын келечегине ак кызмат кылар бекен?..

Кеп соңунда айтарым, биз сөз кылган Токтогул менен Элмирбек – эки башка доордо жашаганы менен чыгармачылык өңүттөн алып караганда, Кудай Таалам бирдей өнөр берген, максатташ, эл жүрөгүнөн бирдей түнөк тапкан өнөрү эгиз залкарлар. Мындай бир кылымда бир жаралчу улуу адамдар (Токтогул 1864-жылы туулса, Элмирбек 1978-жылы туулган) эл үчүн жашап, элдин жүрөгүндө түбөлүк калат тура. Жаткан жериңиз жайлуу болсун, заманыбыздын залкары, азыркынын Токтогулу атка конгон, Элмирбек ага!

Баса, залкар инсандын атын, мурасын түбөлүк калтыруу, кийинки муундарга жеткирүү үчүн Элмирбек агабыздын чыгармачылыгы, өмүр таржымалы «Адабият», «Музыка» сабактарынын программасына киргизилип, мектептерде окутулса ашыкча болбос эле деген сунушумду билим берүү тармагына жооптуу жетекчилерге бергим келди.

Самат КӨЧӨРБАЕВ, манасчы,

Б. Бейшеналиева атындагы КММИУнин

салттык музыка жана фольклор

кафедрасынын башчысы 

Комментарии

Комментариев пока нет

Оставить комментарий