ЖУНАЙ АГАЙ БАСКАН ЖОЛ

Редакциядан: Кыргыз эл жазуучусу, Улуу Ата Мекендик согуштун ветераны, маркум Жунай Мавлянов убагында “Мугалимдер газетасында” (Азыркы “Кут Билим” газетасында) узак жылдар бою башкы редактор кызматында иштеген. Белгилүү жазуучу чыгармаларында адам турмушунун нарк-насилине арналган биркатар чыгармаларды жазып калтырып кетти. Ал өзү катышкан кан майдандуу  согуш темасын  өзгөчө ачып берген. Жунай аксакал мугалимдердин да эң сүйүктүү жазуучусу, кеңешчиси эле.    Ал агартуу тармагына зор салымын кошуп кетти. Бүгүн биз даңктуу жолду басып өткөн залкар жазуучуну 9-Май Жеңиш күнүнө карата замандаштарынын эскерүүлөрүнө орун бердик.

МЕН БИЛГЕН ЖУНАЙ

Жунай Мавляновдун областтык, республикалык гезиттерге жарыяланган ырлары аркылуу анын аты менен, анын өңүнөн мурда сырттан таанышкан элем. Анын өзү менен кийин таанышууга туура келди. 1952-жылы, мындайча айтканда, мындан жарым кылым илгери жаш жазуучулардын кезектеги республикалык кеңешмеси болуп жаткан күндөрү «Алатоо» кинотеатрынын батыш жагындагы бир орундукта жаңы эле басмадан чыгып, жаңы эле колума тийген «Чындык менен ыр» аттуу ыр китебимди барактап отурган учурумда, жаныма басып келген Жунай менен алгач жолу жүз көрүшүп, кол алышкандыгым али эсимде. Мына ошондон баштан Жунай экөөбүз тааныштыгыбызды улантып, бир-бирибизди жакшы биле баштаганбыз. Ал кезде, мен Москвадагы Максим Горький атындагы Адабият институтунун студенти элем. Каникул мезгилинде Жаңы-Жол районуна барып, анын туулган жерин көрүп келүүнү мага сунуш кылса да, түрдүү себептер менен Жунайдын ал сунушун аткара алган эмесмин. Жунай ал мезгилде каардуу согуш капысынан үзгөн өзүнүн мугалимдик кесибин Таш-Добо орто мектепбинде улантып жаткан учуру эле.

Кийинчерээк, Адабият институтун мен бүтөр 1956-жылы, Жунай Мавлянов Сулайман Абдылдаев деген жигит экөө Кисловодскийге эс алуута Москва аркылуу баратышып өргүгөн кезде, анда окуп жүргөн бизди : Мухтар Борбугуловду. Байдылда Сарногоевди жана мени көп убара болуп жүрүшүп табышып, Горький атындагы эс алуу паркында жолугушуп. айрыкча адабият. чыгармачылык жөнүндө узак маек курганыбыз унутулбай жүрөт. Ошол кездерде Жунай жазуучулукка баш оту менен биротоло кирүүгө ниеттенип жүргөн мезгили экен. Чындыгында да өзүнүн топтоп жүргөн чыгармачылык мүмкүндүктөрүн далилдеп, «Жүрөк» (1960), «Аркыт гүлдерү» (1961), «Мөл булак» (1963) аттуу ырлар жана поэмалар жыйнактарын биринин артынан бирин чыгарып, кыргыз адабиятынын босогосун акын катары аттаган. Ошол жыйнактагы бир нече ырларга музыка жазылып. азыр да эл арасында ырдалып жүрөт. Бирок, автор ыр жазуудан эмнегедир кол үзүп, 1964- жылы «Мектеп» басмасынан чыккан «Бекиш, сага эмне бол- ду?» деген повестинен кийин биротоло кара сөзгө өткөндүгүн көрөбүз. Ал адабияттын кайсыл жанрында эмгектенбесин өзүн ойчул, олуттуу, салабаттуу сүрөткер катары көрсөтө алды. Ал калеминен жаралган «Ачык асман», «Бийиктик», «Жаңы таң», «Кайрымсыз жылдар» аттуу романдары, көптөгөн повестери, аңгемелери менен кыргыз адабиятына орчундуу салым кошту. Айыл турмушунан, мугалимдердин турмушунан алып жазабы, же согуш жөнүндө жазабы, ал көзгө урунарлык, көңулдө каларлык деталдар. сүрөттөөлөрдү колдонуп чыгармаларына окурмандарды ынандыра алат, колуна алган кайсыл тема болбосун анын майын чыгара иштейт, бул анын жазуучулук чебердигинин натыйжасы. Айрыкча согушту өз көзүм менен көрүп келген мен анын согуш жөнүндөгү чыгармаларын окуганымда каардуу, кандуу согуштун коркунучтуу элестери анын калеминен апыртмасыз, бурмалоосуз тартылган түрдо көз алдыма даана келет. Мындан алда качан өткөн согуш жүрөгүмдү мыкчыйт, ошол апааттан Жунай сыяктуу курбуларым кантип аман калганына азыр да айран калам. Кандуу сынактан кажыбай өткөн майдандаш, куралдаш досума арнаган бир ырымдын аягын кийинки муундар согушту көрбөсүн деген тилек менен: «Мейли эле болуп калсак согуш көргөн, Мекендин эң акыркы адамдары» деп бүтүргөн элем. Кызыл өрттү аралап, кан-майданда согуштун азап-тозогун көргөн кара сөзчү жазуучуларыбыз Узак Абдукаимов, Исраил Сулайманов, Жунай Мавляновдор «окоп чындыгын» мындайча айтканда болгону болгондой жазып, согуштун суук үрөйүн реалдуу сүрөттөп, кыргыз адабиятындагы согуш темасын байыткандыгын баса айтышыбыз абзел. Адабиятыбыздын негизги жанрларынын бири болгон кара сөздөн омоктуу орун ээлеп, элге керек, мыкты чыгармаларды жаратканы үчүн Жунай Мав- ляновго республикабыздагы эң жогорку сыйлык Эл жазуучусу деген наам берилгендиги баарыга маалым. Жунай Мавлянов менен көп мезгилден бери карай каламдаш да, таламдаш да болуп келе жатам. Ал тажрыйбалуу педагог катары мектептеги мугалимдер жамааты менен ырааттуу иш алып барып, чоң абройго ээ болгон еыяктуу эле, Жазуучулар союзун жетектеп, ар кыл мүнөздүү, шыгы ар кыл деңгээлдеги калемгерлер менен тил табышып үзүрлүү эмгектенгени бир мекемеде иштешкен мезгилде көзүм менен көрүп күбө болдум. Көп жыл бою аны жакындан жакшы билгендиктен анын адамдык сапаттары жөнүндө айтууга акылуумун. Ар кандай кыйын маселелерди, татаал иштерди чечүүдө, ар кыл пейилдүү адамдарга өздөрүнө ылайык парасаттуулук, сабырдуулук, билгичтик менен мамиле кылып, кадимки дипломаттардан кем калышпаган, бир да жазуучуну капа кылып, таарынтканын корген эмесмин. Мындай иштөө ар кимдин колунан келе бербейт, мындай сапат ар адамда боло бербейт эмеспи.

Ал жазуучулук бай тажрыйбасынан жаш жазуучулар менен көптөн бери марттык менен бөлүшүп. алардан чыгармачылык жардамын аябай келатат. Зиректүү жаштардын бир тобуна зарыл насааттарын айтып, нускалуу кенештерин берип. аларды белгилүү жазуучулардын тобуна кошууга чейин кылган камкордук далалатын өз көзүм менен көргөнмүн. Чыгармачылык жактан жалаң жаш жазуучуларга гана эмес, мага да көмөк көрсөткөнүн эсимден чыгара элекмин. 1994-жылы «Арашан» чыгармачылык үйүндө мен «Курманжан датка» аттуу ыр менен жазган романымды кайрадан бир сыйра ре- дакциялап, басмага даярдап жаткан убагымда, Жунай ар бир кечте романдын бирден главасын окуп берип, ал өзүнүн өтө керек пикирлерин айтып, анын берген кенеши боюнча кээ бир кошумча ыр саптарын кол жазмага киргизип, оңдогонмун, романдын ойдогудай турпатына жетишине ал нускоолуу жардамын корсөткөнүнө ыраазы экенимди азыр да айткым келет.

Жунай Мавлянов өз өмүрүндө көп нерселерди көрдү, көп урунттуу окуяларга күбө болду. Ар кыл адамдардын ичинен көңүлү жактыргандары менен достошуп, сырдашып, жакшы мамиледе келатат. Ал адамдагы жакшы сапаттарды жогору баалаган инсан. Жунайдын достугу, ак ниеттүүлүгү, нукура астейдилдиги менен айырмаланып тургандыгын айткым келет. Жунай экөөбүздүн көп жылдарга созулган достугубуз менен чын ыкласымдан сыймыктанам. Ушул жерде атактуу акыныбыз Алыкулдун Ысык-Көл жөнүндөгү: «Дүйнөдө канча жолдош күтсөм дагы, бир сырдуу сендей жолдош күткөн жокмун» деген белгилүү ыр саптарын мен Жунайга адрестегеним орундуу болуп турат.

Эл агартуу майданында узак жылдар бою үзүрлүү эмгектенгендигин жогору баалап, Жунай Мавляновго эл мугалими деген наам берилсе, эл жазуучусу деген наамга тең шерик болуп, абдан жарашар эле деген ишенимдемин. Эки жогорку наам бири-бирин жерибейт эле, анын элге, мамлекетке кылган эмгеги толук бааланат эле. Жунай Мавляновдун кан майданда каармандарча согушуп, канын төгүп, калкына аман келип, педагогдук кызматта көп жылдары кажыбай эмгектенип, өтө көп жаш муунга билим берип, тарбиялап жетилткенин, адабият майданында да калемин бек кармап, не бир мыкты чыгармаларды жаратып, жогорку курак 80 ге жеткен өмүрүн баатырдыкка теңештирсе эч кандай аша чапкандык болбой, калыстык гана болот.

Сооронбай ЖУСУЕВ,

Кыргыз Эл Баатыры,Кыргыз эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик
сыйлыктын лауреаты

2003-ж.

Тынчтыкбек НУРМАНБЕТОВ

Акын, Кыргыз республикасынын маданиятына
эмгек
сиңирген ишмери

 

ТААЛИМГЕРГЕ ТААЗИМ!

Алыскы Забайкалье аскер округунан аскерий кызмат өтөп келгениме бир жылга жакындап калган. Чыгармачыл чөйрөдөн алыстабайын деген аздек оюм жүзөгө ашпай, Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин кызыл дипломунун, Ата-журттан үч миң чакырым алыста жүрүп жазган ырларымдын күнү бир тыйынга арзыбай жүргөн чагым. Биш- кектеги (андагы Фрунзедеги) чыгармачыл адам баш-баанектеп иштей турган дээрлик бардык мекемелердин босогосун аттап, алдыртан кытмыр караган, жөн-жайыңды угуп, өмүр баяның жазылган өздүк баракчанын «туулган жери» деген жерге үңүлө тигилип, ошого жараша ичтен бүтүм чыгарган жетекчи сөрөйлөрдүн айтаар жообун ичтен айттырбай билип, көңүлүм иренжип аргам куруган күндөрдү эстесем, азыр да шаабайым сууй түшөт.

Жаңылбасам 1978-жылдын 25-апрели эле. Ушул күнү кызмат издеп дагы «жортуулга» чыккамын. Анда азыркы К.Тыныстанов жана Т. Абдымдмунов атындагы көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде- «Мугалимдер газетасынын» редакциясы жана Кыргыз билим берүү институту жайгашкан эки кабат имарат бар эле. Бир тобокелге салып, «Редактор» деген жазуусу бар каалганы аяр ачып, жүзүнөн жылуу ырай төгүлгөн, ак чачтуу, чоң столдо капбаат отурган (мезгилдүү басма сөздө жарыяланган аңгеме, повесттери аркылуу студент кезден мага өңү тааныш) Жунай Мавляновго салам айтып кирип бардым. Шаша-буша жөн-жайымды айтып, биринчи ирет дидарлаштым.

Чыгармачылык чама-чаркымды тастыктаган ырларымды, макалаларымды, аскердик кызмат өтөгөн “Н”  полкунун командири кол  койгон мүнөздөмөнү, партиянын катарына кабыл алынсын деген үч сунушту окуган сон, канткен менен он сегиз жашка толуп-толбой согуш каарын сезип калган карт жоокер жазуучу да, кичине ийигип, боор толгоп, Жунай агай убактылуу кызмат бар экенин айтып, эгер ишеничин актасам, шартка жараша туруктуу иштетип калууга сөз берди.

Эми ойлосом багым бар экен. Тагдырдын жазмышы менен телегейи тегиз тең, алты дубан кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал кадырлуу адам, кара кылды как жарган калыс жетекчи, каржалбас калемгер Жунай Мавлянов менен жети жарым жыл бирге иштешип калганыма сыймыктанам.

Өмүр белесинин жетимиш бешинчи туу белин ашып, адамдын адамдыгынын, калемгердин каржалбас кайратуулугунун чыныгы үлгүсүн көрсөткөн көрөгөч инсан Жунай агайдын Жараткан көрпенделеринин чанда биринде гана болгон касиеттерин айта кетүү лаазым.

Жунай агай жандан башка жаралган мээримдүү, кайрымдуу, камкор, улуу-кичүүнү ызааттаган сылык-сыпаа жонбилги жаран. Жакшылык-жамандыкка бирдей түткөн, сабыр- дуулуктун артынан бир адам чанда бир жеткен бийиктиктердин бел белесин муюбай, каржалбай ашкан. Дегеним, ал-эл жазуучусу, Кербен мектеп-интернаттын көп жылдар бою жетектеген директору (азыр Жунай Мавлянов атындагы лицей), жазуучулар союзунун секретары, республикалык «Мугалимдер газетасын» («Кутбилим») он жети жыл бою жетектеген башкы редактор.

Жунай Мавлянов өсүп келе жаткан жаш муундардын тажрыйбалуу таалимгери катары «Ардак белгиси», Эмгек Кызыл Туу ордендери, республиканын Жогорку Кецешинин Ардак грамоталары менен сыйланган. «Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген мугалими» деген ардак наамга арзыган. Абройлуу жоокер-жазуучу «Данк» медалынын ээси.

Чыгармачылык ишке баш оту менен киришкен Жунай Мавлянов, көп миңдеген китеп окурмандарынын сүймөнчүлүгүнө ээ болгон бир топ ангеме, повесттерди, романдарды, мезгилдин күрөө тамырын кармап, доорубуздун көйгөйлүү маселелерин көтөргөн публицистикаларды жазды. Мына ошолордун ичинен «Нан», «Эне», «Чагылган», «Ачык асман» жана «Кайрымсыз жылдар» аттуу китептери Жунай агайдын чыныгы чыгармачыл жүзүн көрсөтүп, кыргыз элинин атактуу жазуучуларынын сабына кошту десек туура болот. Даңкы дабан ашкан калемгердин мыкты жазылган ангемелери, повесттери, романдары орус, казак, өзбек, латыш, тажик, татар жана башка тилдерге которулуп, коп миндеген окурмандардын адабий күлазыгына айланды.

Жунай агайды устат туткан, бийик адамгерчилигин, сылык-сыпаалыгын астейдил сыйлап алдынан кыя өтпөгөн шакирттеринин саны арбын. Алардын бири-мен. Ырасын ай- тайын: чечекейим чеч толо кубанганда да, кабыргам кайышып кайгырганда да, же бир турмуштук ар кандай жагдайларга байланыштуу тийиштүү бүтүмгө келе албай түйшөлүп турганымда да кеп-кеңеш сурап устатыма кайрылам. Акылдашам, сырдашам. Аны менен сүйлөшкөндө жан дүйнөм тазарып, коңүлүм көлдөй чалкый түшөт.

Баса, Кыргызстан жазуучулар союзунун секретары, «Мугалимдер газетасынын» башкы редактору болуп иштеп турган жылдары калеми төшөлө элек жаш акын-жазуучулар жана журналисттердин чыгармачыл баралына жетишине камкор атадай үйрүлүп түшүп, жакындан жардам берип тургандыгын жумурай журтка белгилүү болуп калышкан калеми курч журналисттер сыймыктануу менен айтып жүрүшөт.

ҮЛГҮ АЛА ТУРГАН АДАМЫМ

 Бир өмүрдө мындай адамдар кишиге көп кездеше бербейт. Болсо -бирин -экин.

Ошолордун ириси-мен үчүн Жунай Мавлянов.

Кыргыз адабиятындагы белсемдуу жазуучу, эл ардактаган педагог.

Жакшы жазуучу болуш мумкун, жакшы адам болуш кыйын деп коёт эмеспи. Жунай аке мен учун ушул эки ипостасты тең кармаган ото бараандуу писан.

Эсимде, жетимишинчи жылдары мен прозага өтө бери- лип, жаңы чыккан чыгармаларды калтырбай окуп жүргөн чагымда «Бекиш, сага эм не болду?» деген повестти окуп алып селт. эткеним. Күчтүү чыгарма болчу. Согуш каары эстен кеткис чагылдырылган. Кийин Жунай акенин өзүн көргөнүмдө кудум ошол аңгеменин кейипкери Бекиштин өзү экен деп элестеткем.

Кийинчээрек «Ачык асман» романы чыгып, Жунай акени атактуу жазуучулардын катарына кошту.

Ошол күндөн ушул күн мен Жунай акенин адамдык сапаттарын үлгү тутуп, анын калбаат мүнөзүнө, сылык-сыпаа мамилесине суктанам. Бир топ жаш кичүү болсом да кадимки достордой мамиле күтөбүз.

К. АКМАТОВ,

Кыргыз Эл Жазуучусу

 

 

Комментарии

Комментариев пока нет

Оставить комментарий