ЭНЕЛЕРДЕН ЭСТҮҮ КЕП

  • 06.05.2020
  • 0

ЭНЕЛЕРДЕН ЭСТҮҮ КЕП

5-майда ОшМУнун доценти Бактыгүл БАЙТИКОВА жана окутуучу Бермет ЗАКИРОВАнын биргелешкен демилгеси менен “Энелерден эстүү кеп” деген темада вебинар болуп өттү. Иш-чаранын негизги уюштуруучусу Бермет Закирова бул талкууну Гапыр МАДАМИНОВдун тарбия жөнүндөгү вебинарына катышкандан кийин даярдай баштаганын айтат:

— Биз, энелер, өзүбүздү тарбиялоодо, балдарды тарбиялоодо абдан көп мүчүлүштүктөрдү кетирет экенбиз. Мен Гапыр Мадаминовдун, Алмазбек Токтомаметовдун, Дүйшөн Шаматовдун жана бир катар тарбия жаатындагы инсандардын кебин уккандан кийин, бизге көп тарбиялык насаат жетпегендигин байкадым. Бул нерсе коомдо жарадай  өрчүп бараткандыгы абдан өкүнүчтүү. Бир ай ичинде эле канчалаган балдарыбыздын суицидге, аялдардын, балдардын зордук-зомбулукка кабылышы тарбиябыздын жоктугунан турбайбы…

Демек, тарбия, адеп-ахлак деген сапаттарга көп маани бербей калыппыз. Гапыр Мадаминов агай бул маселеде абдан маанилүү сунуштарды айтты. Анын ою боюнча ар бир үй-бүлөдө, ар бир чөйрөдө, кызматта тарбия нускамалары болуш керек, ошондой эле ар бир адам тарбиясынын жакшы жагын көрсөтө билсе гана коом оңолот.

Милиционер кесиптик милдетин адеп чегинде, адамдарды опузалабай, үнүн көтөрбөй сүйлөсө, ага жооп берген жарандар да өз милдеттерин билип, тарбиясын сактаса эле, коомдо оңолуу болот. Эми мен бул жерде бир гана милицияны мисал келтирдим, агай мындай мисалдардын көбүн айтты. Ошондуктан бул вебинарды уюштуруп, оюмду калкка жеткизгим келди.

ЭНЕЛЕРДЕН ЭСТҮҮ КЕП

Вебинарга балдарын мыкты тарбиялаган баатыр энелерди, психологдорду, белгилүү жеке ишкерлерди, КРдин ЖКнын депутаты, Аялдар кеңешинин төрайымы Айнуру Алтыбаеваны, Аялдардын “Мутакалим” прогрессивдүү коомдук бирикмесинин башчысы Фронтбек кызы Жамалды, “Кадырбек ата” кайрымдуулук фондунун жетекчиси Суусаркан Шекееваны ж.б. чакырдык. Ар бир катышуучунун оюн угуп, эмнеден кемчилик кетип жаткандыгын талкууладык. Мындай вебинарларды дагы көп уюштуруу тууралуу сунуштар түштү. Психологдорго абдан көп кайрылуулар болду. Ал эми Айнуру Алтыбаева зордук-зомбулук, “Энелер мектебин” уюштуруу  маселесин Жогорку Кеңеште көтөрүп чыгарын айтты.

Албетте, тарыхыбызда тастыкталып келгендей, эне тарбиясы коомду тарбиялоо менен барабар. Андыктан, учурда ушундай талкуулар, ойлор абдан маанилүү. Коомдогу аялдарга жакшы жагынан таасир эте алсак, анда балдарыбыздын келечегине да таасирибиз чоң болот.

Бактыгүл Байтикова, “Кут Билимдин” сырт кабарчысы

Бөлүшүү

Комментарийлер