ААЛАМГА ЖОЛ АЙЫЛДАН БАШТАЛАТ

  • 10.03.2020
  • 0

Ат-Башы райондук К.Кожоев атындагы балдарга билим берүү  борборунун ачылганына он сегиз жылдын жүзү болду. Учурда борбордо өз ишин мыкты билген 15 мугалим эмгектенет жана 15 ийрим иштеп, 347 окуучу тарбияланат.

ААЛАМГА ЖОЛ АЙЫЛДАН БАШТАЛАТ

Ат-Башы райондук К.Кожоев атындагы балдарга билим берүү борборунун директору, билим берүүнүн мыктысы Жыпаркүл Усубалиеванын айтымында, борбор калаадан бир кыйла алыс жайгашкан Ат-Башы району таланттарга бай, касиеттүү, алтын чөйчөктүү жер.

ААЛАМГА ЖОЛ АЙЫЛДАН БАШТАЛАТ

— Ошол таланттардын баары билим уяларында — мектептерде татыктуу тарбия, билим алып чыгып, элге таанылган. Маселен, мектепте негизинен окуучулар предметтик сабактарды окуганы барышат. Союз учурунда ар бир мектепте ар кандай ийримдер үзгүлтүксүз иштеп, окуучулардын ар нерсеге болгон шык-жөндөмүн таасирин тийгизип келген. Бирок союздун тарашы менен мындай жакшы көрүнүштөр солгундап кеткенин эч ким танбайт. Буга ошо кездеги мугалимдердин айлыгынын аздыгы, кошумча сабакта окуу куралдарынын жетишсиздиги, ал үчүн каражаттардын аз деңгээлинде, толук кандуу каралбай калгандыгы, ушунун кесепетинен балдарга окуудан сыркары ар кандай ийримдердин иштебей калгандыгы менен түшүндүрүүгө болот. Бирок бул маселени жандандырууга республикада түзүлгөн «Мээрим» фондусу өз учурунда маани берип, жер-жерлерде балдарга билим берүү борборлорун ачкан. Мындай борбор Ат-Башы районунда 2002-жылы 6-июлда уюшулган, — дейт борбордун директору.

ААЛАМГА ЖОЛ АЙЫЛДАН БАШТАЛАТ

Борбордун негизги максаты — балдарга мектептен сырткары кошумча билим берүү, же тактап айтканда алардын ар нерсеге болгон шык-жөндөмүн арттыруу, ошого жараша жол көрсөтүп, таалим-тарбия берүү болуп саналат. Бүгүнкү күндө борбордо өз ишин мыкты билген15 мугалим эмгектенет, 15 ийримде 347 бала тарбияланууда. Гуманитардык багытта англис, кытай тилдери окутулат. Техникалык багытта компьютердик-сабаттуулукка үйрөтүү, жаш техник ийримдери бар. Көркөм-чыгармачылык багыт боюнча «Нур-бейне» — актердук чеберчиликке тарбиялоо, бий, көркөм сүрөт, кол өнөрчүлүк, Манас урпактары (манас айтуу өнөрүн үйрөнүү) жана риторика, жаш эколог ийримдери иш алып барат. Мындан сырткары ата-энелердин каалоо-сунуштары менен логопедия ийрими уюшулган. Бул ийримде тил жана сүйлөө жагынан өксүк балдар тарбияланат.

ААЛАМГА ЖОЛ АЙЫЛДАН БАШТАЛАТ

ААЛАМГА ЖОЛ АЙЫЛДАН БАШТАЛАТ

— Борбор ачылгандан бери анда иштеген мугалимдер көптөгөн таланттуу балдарга таалим-тарбия берип, келечек багытын аныктап таап бергенге жана кесип тандап алууга мыкты жардамдарын бере алышты. Мектептерден келген айрым окуучулар көпчүлүктүн арасында тартынып, шык-жөндөмдөрүн жашырып жүрүшкөн болсо билим борборуна келгени өз жөндөмдөрү эмнеде, кайсы багытта экендигин аныктап алганга кеңири мүмкүнчүлүк алышты. Борбордун эмгек жамааты өздөрүнүн материалдык-техникалык базасын жакшыртууда аракеттерди көрүп, ар кандай эл аралык уюмдарга долбоор жазып, алар менен байланыш түзүп келишет. Маселен, 2018-жылы Кыргызстандагы Япония элчилигинин «Чөптүн тамыры жана адамзат коопсуздугу» долбоору аркылуу жалпы суммасы (өздүк салымды кошкондо) 939 миң сомдук эмеректерди алганга жетиштик  (парта, стул, стол, шкаф, доска, кийим тигүүчү машина ж.б), — дейт Ж.Усубалиева.

ААЛАМГА ЖОЛ АЙЫЛДАН БАШТАЛАТ

ААЛАМГА ЖОЛ АЙЫЛДАН БАШТАЛАТ

Биргелешкен аракет, ынтымак, биримдик дайыма өз үзүрүн берет эмеспи. Борбор жаңы уюшулса да 2003-жылы облустагы райондордун ичинен «Мыкты билим берүү борбору» деп табылып, баш байге — түстүү телевизор менен сыйланган. Кийики жылы «Жаш таланттардын» облустук кароо-сынагында биринчи орунду ээлеп, ал ийгилиги музыкалык центр менен бааланган.

ААЛАМГА ЖОЛ АЙЫЛДАН БАШТАЛАТ

ААЛАМГА ЖОЛ АЙЫЛДАН БАШТАЛАТ

Борбордогу мугалимдердин талыкпаган эмгектери, татыктуу берген билим, тарбиясы окуучулардын шык-жөндөмдөрүнүн артылышына негиз түзүп жаткандыгы анык. Ошон үчүн борбордун, айрыкча, сүрөт, кол өнөрчүлүк, бий жана жаш техник ийримдеринин окуучулары райондук, облустук жана республикалык кароо-сынактарда дайыма ийгиликтерге жетишип келишүүдө. Маселен, кол өнөрчү ийриминин катышуучулары 2014-жылы республикада өткөн «Кийиз керемети» кароо-сынагында эң мыкты деп табылып, гран-прини жеңип алып, компьютер менен сыйланышкан. Ал эми бий ийрими 2016-2017-2018-жылдары удаасы менен «Мен кыргызстандык экендигие сыймыктанам» аттуу райондук, облустук кароо-сынакта жеңүүчү болуп, республикага жолдомо алып, байгелүү алдыңкы орундарды алып келишет. Башка ийримдегилердин да жетишкендиктери арбын. Негизинен эле борбордун эмгек жамаатынын жараткан жемиштүү иштери билгендерди дайыма кубандырып келет.

ААЛАМГА ЖОЛ АЙЫЛДАН БАШТАЛАТ

2017-жылы райондо «Жылдын мыкты билим берүү борбору» деп табылып,сыйлыкка ээ болгон. 2016-жылы борбор Кыргызстандагы ЮНЕСКОнун алгачкы клубуна мүчө болуп кабыл алынган.  Ат-Башы райондук билим берүү борборуна Бишкектеги «Балажан» окуу-усулдук борбору методикалык жактан жана башка маселелерди чечүүдө ар дайым ар тарптан жардам, колдоолорду көрсөтүп  келатат.

— Азыркы кезде окуучулардын көбү мобилдик телефондорго азгырылып, китеп окуудан, ар кандай ийримдерге катышуудан алыстап бараткандай сезилүүдө. Билим берүү борбору ушундай терс көрүнүштөрдөн арылууга, көп нерсени үйрөтүүгө эң зарыл, пайдалуу мектептен сырткаркы мекеме экендиги талашсыз. Борбордун ишине ата-энелер да кызыгып, ыраазычылыктарын билдиришүүдө. Эгерде ушундай билим берүү борборлору райондун борборунан алыс жайгашкан айылдарда ачылса окуучулардын келечеги үчүн абдан пайдалуу болоор эле, — дейт борбордун жетекчиси.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер