БИЛИМ ЭКСПОРТУ: САН ЖАНА САПАТ    

  • 03.10.2019
  • 0

Кыргызстандан билим алууну каалаган чет мамлекеттиктердин саны жылдан жылга көбөйүүдө. Мындан үч жыл мурун алардын саны 12 миң болсо, былтыркы окуу жылында 20 миңге чукулдады. Быйыл болсо чет мамлекеттиктерди кабыл алуу аягына чыга элек.

 

БИЛИМ ЭКСПОРТУ: САН ЖАНА САПАТ    

Билим экспорту боюнча алдыңкы бештикте турган окуу жайлар

Билим берүү жана илим министрлигинин 2018-2019-окуу жылындагы маалыматына таянсак, Кыргызстандын 56 жогорку окуу жайында жалпы 19683 чет мамлекеттик студент билим алат (быйылкы жаңы кабыл алынгандарды кошпогондо). Алардын эң көбү Ош мамлекеттик университетинде (3743 студент). Андан кийинки орунда Бишкектеги Кыргызстан эл аралык университетинин Медициналык жогорку мектеби турат. Бул окуу жайда жалпы 3543 чет элдик студент бар. Эки жарым миңге чукул студенти менен С.Тентишев атындагы Азиялык медицина институту болсо үчүнчү орунда турат. Андан кийинки алдыңкылардын катарын Кыргыз-Орус Славян университети (1780) жана Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы (1242) толуктайт.

 

Педагогикалык адистикти тандагандар дагы арбын

Медициналык адистиктен кийинки орунда педагогикалык адистик турат. Лидер болуп эсептелген ОшМУга быйыл тапшыргандардын 1408 медициналык факультетти тандаса, калган 900 педагогикалык адистикке, 185 орус филологиясына, 185 математика, информатика, 202 биология, химия, география, 281 бизнес жана менеджмент адистигине тапшырган.

Бишкек гуманитардык универси-тетинде окуган студенттердин көпчүлүгү тил үйрөнүү үчүн келишет. Алар негизинен орус, кытай тили, япон, түрк, кыргыз тилдерин үйрөнүш үчүн лингвистика факультетин тандашат.

 

Кайсы адистик алдыда?

Чет мамлекеттик жарандардын көпчүлүгү Кыргызстанга медициналык билим алуу үчүн келишет. Ушул тапта (быйылкы кабыл алууну кошпогондо) жыйырма миңге жакын чет өлкөлүктөрдүн он миңден ашыгы медициналык окуу жайларда, же болбосо медициналык факультеттерде билим алышууда. Негизи республикада жалпы 12 окуу жайда жогорку медициналык билим берилет. Анын бирөө (Эл аралык жогорку медицина мектеби) жалаң чет мамлекеттик жарандарды окутат. Учурда бул окуу жайда 14 мамлекеттен келген 3000ге жакын студент бар. Төрт окуу жай: Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы, Кыргыз-Орус Славян университети, Ош жана Жалал-Абад мамлекеттик университеттери мамлекеттик, дагы экөө мамлекеттик-жеке менчик (Эл аралык университеттин Медицина жогорку мектеби, Ататүрк-Ала-Тоо университети), калганы менчик болуп саналат.

Бул окуу жайларга кабыл алуу, түзүлгөн шарт, окууга болгон төлөм да ар башка. Мисалы, С.Тентишев атындагы Азиялык медицина институту Индиядан, Пакистандан келе турган абитуриенттерди өздөрү барып экзамен аркылуу тандап алышат. Бир жылдык окуу төлөмү болсо 3000 АКШ доллары. Студенттер жатакана, үч маал тамагы менен камсыздалат. 1-курстун студенттери үчүн атайын транспорт уюштурулган. 1-4-курста окуган студенттердин бардыгына планшет берилет.

Ош мамлекеттик университетинин медициналык факультетинде болсо окуу төлөмү 90 000 сомду түзөт. Студенттер үчүн атайын жатакана бар.

Ал эми Кыргыз эл аралык университетинин Медициналык жогорку мектеби Индия менен Пакистандан абитуриенттерди топтоп бере турган ири компаниялар менен иштешет.

Медициналык эмес багыттагы окуу жайлар чет мамлекеттен келген студенттерге бардык шарты менен жатакана берет. Мисалы, Бишкек мамлекеттик университетинин жатаканаларында атайын чет мамлекеттиктер үчүн бөлүнгөн бөлмөлөр бар. Жатаканага муктаж болгондор ошол жактан жатып окушат. Бул университетте окуу төлөмдүн орточ суммасы 43-45 миң сомду түзөт.

 

Чет мамлекеттик студенттердин чыгымдары жана Кыргызстандын ички дүң продукциясына кошкон салымы (2012-жылдагы маалымат).

 

ЧыгымдарАКШ долларыИДП кошкон салымы
Билим алуу8,141,3005,698,910
Жашаганга7,086,0223,968,172
Коммуналдык төлөмдөр2,267,5271,020,387
Тамак-аш7,086,0221,700,645
Байланыш1,417,204708,602
Китептер жана башка билим берүүчү материалдар283,44156,688
Виза жана катталуу144,77486,865
Башка чыгымдар4,401,2901,870,710
Баардыгы29,827,58015,110,979

 

Кайсы мамлекеттен көп келет?

БИЛИМ ЭКСПОРТУ: САН ЖАНА САПАТ    

Чет мамлекеттик студенттердин дээрлик басымдуу бөлүгүн борбор азиялыктар түзөт. Мисалы, билим алып жаткан 19683 студенттин 8799 индиялыктар болсо, 2283 казакстандыктар, 1989 тажикстандыктар, 1797 өзбекстандыктар. Россия, Корея, Кытай, Түркия-дан келгендердин дагы саны арбын. Медициналык окуу жайларда негизинен Индиядан жана Пакистандан келгендер билим алышат. Алыскы Германия, Египет, Бразилиядан дагы Кыргызстандын жогорку окуу жайларын тандагандар бар. Мисалы, К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде окуган 400 чет мамлекеттиктин көбү Кытайдан келсе, 42 Түркиядан, алтоо Кореядан, бирөө Египеттен, дагы бири Германиядан, Мароккодон, Араб Эмиратынан келген. Быйыл болсо дагы 70 кытайлык жаран келип, учурда Эл аралык билим берүү борборунда тил үйрөнүп жатышат. Алар бул борбордон орус, кыргыз тилдерин үйрөнүп, адаптация болуп алгандан кийин каалаган факультетине кабыл алынышат.

 

Быйылкы кабыл алуу

Ош мамлекеттик университети быйыл үч жарым миңге чукул чет элдик жаран кабыл алды. Бул акыркы эсеп эмес. Себеби учурда Пакистандан жана Индиядан келген абитуриенттерди кабыл алуу аягына чыга элек. Бишкек гуманитардык университетин болсо Кытайдан келген 70 студент тандап алды. Бул окуу жайда дагы кабыл алуу аяктай элегине байланыштуу бул сан дагы көбөйүшү мүмкүн. Азиялык медицина институту дарылоо иши адистигине 500 студент кабыл алды.

 

Экспорттон түшкөн киреше

Билим экспорту жогорку окуу жайлардын гана негизги булагы болбостон, мамлекеттин экономикасынын өсүшүнө дагы олуттуу салым кошкон тармак. Борбордук Азия университетинин ага илимий кызматкери, эксперт Нурбек Жеңиш 2012-жылы жасаган баяндамасында чет мамлекеттик студенттер жылына отуз миллионго жакын акча короторун, он беш миллион сомдон ашыгы мамлекеттин капчыгына түшөрүн тастыктаган. Билим берүү жана илим министрлиги болсо 2016-жылы 12 миң чет мамлекеттик студенттен жылына сегиз миллион АКШ доллары түшөрүн маалымдаган. Азыр болсо студенттердин саны жыйырма миңге чукулдады. Демек, бул сандар дагы эки эсе көбөйдү дегенди түшүндүрөт.

 

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер