УСТАТ ЖӨНҮНДӨ УЧКАЙ КЕП

Дээринде жөнөкөйлүк, кичи пейилдик, кечиримдүүлүк мүнөзү, эмгекчилдиги тарыхчылык таасын таланты жана уюштуруучулук менен жаратуучулук сапаты бар көптөгөн замандаштарыбыздын сүйүктүү окутуучусу, илим жолундагы ондогон шакирттердин устаты, белгилүү окумуштуу Ташманбет Кененсариев 70 жаш кутман куракка толуп олтурат.

Жан дүйнөсү илим менен жуурулушкан устатыбыз учурда да кыргыз тарыхынын актуалдуу маселелерин жаңы методологиялык өңүттө изилдеп, тарыхтын ачыла элек барактарын алып чыгып, коомдук жашообуздун олуттуу маселелерине сереп салып, илимий иш чараларды уюштурууга белсене киришип, басыгын өзгөртпөй илим менен алпурушуп келе жаткандыгы маалым.

Көптөгөн шакирттери кеңеш сурап,

Келатат артыңызда жолуң улап.

Жараткан Сизге берсин дем күч кубат

Кут болсун кут төгүлгөн

кутман курак

Кутман курагыңыз кут болсун Ташин агай!

Ташманбет Кененсариевдин бардык илимий эмгектери 350дөн ашуун. Анын ичинде 17 монография, 3 окуу китеби (авторлоштор менен), 18 окуу жана окуу-усулдук куралдары жана 300дөн ашуун илимий макалалары бар. Анын «Кыргызстандын Орусияга каратылышы», «Кыргызстандын XIX кылымдын 50-70-жылдарындагы саясий өнүгүүсү», «Кокон хандыгы жана кыргыздар», «Искак Асан уулу Полотхан», «Алымкул аталык», «Культурогенез кыргызского народа», «Экономическая политика царского правительства в Кыргызстане во 2-й половине XIX-начале XX вв.», «Менин мамлекетим, Моя страна, My State», “Мамыр баатыр”, “Алымкул Амир Лашкар” жана башка монографиялары, Кыргызстандын тарыхы боюнча окуу колдонмолору кыргыз, орус, өзбек, кытай, иран тилдеринде жарык көргөн. Эл аралык 6 симпозиумдун, 2 түрк конгрессинин, 22 эл аралык илимий конференция жана семинарлардын катышуучусу.

Агай илимий-педагогикалык ишмердүүлүктөрүндөгү жетишкендиктери үчүн КР Билим жана илим министрлигинин “Ардак Грамотасы” (1999), “Элге билим берүүнүн мыктысы” (1999) төш белгиси, Борбордук Азия Элдик Академиясынын академиги (2000), Англияда (Кембридж) жайгашкан Эл аралык биографиялык Борбор ыйгаруучу «2005-жылдын Эң мыкты педагогу» деген наам, 2008-жылы “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер” (2008), “КР профсоюздар уюмунун мыктысы” (2009), “ЖАМУнун ардактуу профессору” (2010), “ОшМУнун эмгек сиңирген ишмери” (2014), Мамлекеттик “Даңк” медалынын ээси (2016), Казахстандын, Кыргызстандын тарыхчылар жамааттарынын Сый медалдары (2016-2017) ж.б. татыктуу болгон.

Илимий педагогикалык ишмер-дүүлүктүн, жетекчилик кызматтардын ысык суугуна чыдап сыймыктуу наам даражаларга жетүүнүн артында канчалаган эмгек, аракет жаткандыгы айтпаса да белгилүү.

Устатыбыз Ташин агай 1949- жылдын 5-сентябрында Кыргыз Республикасынын Ош областынын (азыркы Жалал-Абад) Жаңы-Жол (азыркы Аксы) районундагы Кара-Суу айылында туулган. Эмгек жолун 1968-жылы Жалал-Абад педагогикалык окуу жайын бүтүрүп, Жаңы-Жол районундагы Абдыкалык атындагы 8 жылдык мектепте мугалимдиктен баштаган. Ал учурда агай окуган аталган окуу жайда окуп калуу бактысы ар кимдин бактысына жазыла бербеген. Республиканын ар кайсы булун-бурчунан чыныгы илим билимге кызыккан улан-кыздар гана окууга кабыл алынып, айрым жогорку окуу жайларына салыштырганда да татыктуу билим берилгендигин адилеттик үчүн белгилеп койгонубуз туура болот.

Аскердик милдетин өтөп келгенден кийин, 1970-1973-жылдарда, аталган мектепте окутуучу болуп иштеп, 1973-жылы Фрунзедеги Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетине кирип, аны 1978-жылы артыкчылык диплому менен аяктаган. 1978-1979-жылдары Москвада М.В.Ломоносов атындагы университеттин тарых факультетинде үйрөнчүк-мугалим (стажер-преподаватель), 1980-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинде окутуучу, 1981-1984-жылдарда Москвадагы М.В.Ломоносов атындагы университеттин тарых факультетинде аспирантурада окуп, 1984-жылы Москва университетинде кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргоо менен 1984-1985-жылдарда Кыргыз Мамлекеттик университетинде окутуучу болуп эмгектенген.

Ошол жылдарда кайра куруу саясатынын шарданы менен Ош мамлекеттик педагогикалык институтунда бир кезде жабылып калган тарых адистиги ачылгандыгына байланыштуу министрликтин жолдомосу менен бул жакка которулуп келип, 1987-жылга чейин Ош Мамлекеттик педагогикалык институтунда улуу окутуучу, 1987-1989-жылдары ОГПИнин тарых бөлүмүнүн башчысы, 1989-1993-жылдары ОГПИнин, ОшМУнун тарых жана тарых-укук таануу факультетинин деканы болуп иштеген. Бүгүнкү күндө өлкөбүздөгү ЖОЖдордун флагманы болуп жаткан ОшМУда Тарых факультетин түптөөдө Ташин агайдын эмгеги чоң экендигин мүмкүн азыркы бүтүрүүчүлөр билишпесе да ошол учурдагы алгачкы бүтүрүүчүлөр жакшы билишет. Алар мейли илим жолунда, же мугалимдик кесипте болсун дээрлик баары биринчи декан катары агайдын ысымын сыймык менен атап келишет.

Баарыбызга маалым, кайра куруу жылдарында демократиялаштыруу жараяны жүрүп, окуу жайда андан сыртта калбаган. Компартиянын тарыхынан, идеологиясынан баш тартуу, улуттук тарыхты окутуу, тил маселеси сыяктуу маселелерде тарыхчы студенттердин алгачкы карлыгачтары өз демилегелери менен чыгышкан. Мындан улам студенттердин пикирин колдогондугу үчүн агайга жетекчилик тарабынан кысым жасалгандыгын аны студенттер коргоп калышкандыгын, апаттуу Ош коогалаңы учурунда жатаканада декан катары студенттер менен бир болгондугун күнү бүгүнкүгө чейин эскерип жүрүшөт. Бул учур агайдын да эс тутумунда калган бир жагы жооптуу, экинчи тараптан сыймыктуу учурлардын бири болгон. Бүгүнкү мезгилде агайыбыз жетектеп түптөгөн Тарых факультетинин 40 тан ашуун бүтүрүүчүсү тарых, философия, саясат таануу ж.б. багыттар боюнча илимий иштерин коргошкон. Бир топтору мамлекеттик кызматтарда иштеп келишүүдө. Ташин агай мезгил талабына ылайык факульттеттин курамында “Социалдык иштер”, “Укук таануу” адистиктерин ачуунун демилгечиси болгон. Жаңы адистиктердин окуу пландарын иштеп чыгууга, кадрдык жана материалдык-техникалык базасын чындоого салым кошкон.

Агай илимий иштерин илгерилетүү максатында 1993-1995-жылдарында ОшМУнун улуу илимий кызматкери (докторант) кызматына өткөн. 1998-жылы Бишкекте докторлук диссертациясын жактап, 1999-жылы профессор наамын алган. Мындан кийин 1999-жылдын октябрынан ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору, 2003-жылдан 2006-жылдын 3-мартына чейин 1-проректорлук кызматты аркалаган. 2006-жылдын 3-мартынан 2007-жылдын 26-июнуна чейин Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институтунун Директору, 2007-жылдын 26-июнунан Кыргыз-Россия Славян университетинин тышкы байланыштар боюнча проректору, 2008-жылдын 29-ноябрынан 2010-жылдын 10-сентябрына чейин Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору болуп иштеген. Өзүнө тагылган кызматтарда Ташин агай жоопкерчилик менен иштеди. ЖАМУда ректор болуп кыска мөөнөттө иштесе да эмгек жамаатына жаңычылдыгын жана жаратмандыгын көрсөтө алды. Шартка байланыштуу бир топ идеялары аткарылбай да калгандыгын көп эскерет.

2010-2011-жж. Кыргыз Улуттук университетинин профессору, 2012-жылдын февралынан октябрь айына чейин КР ТИМге караштуу Дипломатиялык Академиясынын 1-проректору болуп иштеп, андан кийин ал жерде профессор, 2014-жылдын 1-сентябрынан 2019-жылдын 1-июлуна чейин И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университинин Манастаануу институтунун профессору болуп эмгектенген. Учурда Кыргыз Республикасынын “Манас” жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы” мамлекеттик мекемесинде вице-президенттик макамдагы бөлүм башчы болуп эмгектенүүдө.

Жубайы Акматова Ашырайым Акматовна, Педагогика илимдеринин кандидаты, профессор. ОшМУнун Бишкектеги Арашан билим берүү институтунда кафедра башчы. Өзбек мектептери үчүн Кыргыз тилинен 1, 5, 11-класстардын окуу китептеринин автору (КР ББ Министрлигинин грифи менен). Үч кыздын атасы, 4 неберенин чоң атасы.

Ташин агайды Кыргызстандын XIX кылымдагы тарыхы, Кыргызстандын Орусияга каратылышы, Кокон хандыгынын тарыхы боюнча мыкты адистердин бири десек жаңылышпайбыз. Ошондой эле анын кыргыз тарыхынын байыркы мезгилден ушул күнгө чейинки актуалдуу маселелери, санжыралар, түрк элдеринин дүйнө цивилизациясындагы орду, соңку убактарда Манас баатырдын тарыхый чындыгы сыяктуу илимий маселелер боюнча изилдөөлөрү бар.

Азыркы мезгилге чейин Кыргызстандын Орусияга ыктыярдуу эмес басып алуу жолу менен каратылгандыгын, 1873-76-жылдардагы элдик кыймыл, 1898-жылкы Анжыян-кыргыз көтөрүлүшү кыргыз элинин азаттык кыймылдарынын бараандуу барактары экендигин, 1916-жылдагы Улуу Көтөрүлүштүн түпкү себептери Орусия тарабынан Кыргызстанды “орусташтыруу” боюнча өзөктүү максатынын айланасында жаткандыгын, Кокон хандыгы кыргыз элинин мамлекеттүүлүгүнүн бир түрү (формасы) катары кыргыз тарыхынын айрылгыс бөлүгү болгондугун тастыктап жазып келет. Ал Улуу Көч мезгилинде түрк элдери биздин эрага чейинки 1-миң жылдыктын экинчи жарымынан биздин эранын XV кылымына чейин дүйнөлүк цивилизацияга чоң салым кошкондугун, түрк жана түркө-монгол элдеринин тарыхый тажрыйбасы Евразия континентинин саясий, аскерий, руханий өнүгүүсүнө, мамлекеттик түзүлүшүнө зор таасир эткендигин далилдеген авторлордун бири.

Агайдын илимий жетекчилиги менен 14 кандидаттык диссертация жакталган, учурда илимий мектеби калыптанган (20 дан ашуун аспирант, докторант жана изденүүчүлөр). Учурда шакирттери мамлекеттик кызматтарда, Бишкектеги жогорку окуу жайларда, ЖАМУда, ОшМУда, ОГПИде жана башка университеттерде үзүрлүү эмгектенишүүдө.

Ташин агай башка окумуштуулардан илимий иш чараларды уюштурууда демилгечи жана уюштуруучу болгондугу менен айырмаланып турат. Албетте салттык илимий конференциялардын баары эле көнүмүш ыргак менен өткөрүлүп, натыйжалуулугу эске алынбай калган учурлар көп. Агай ушул сыяктуу өксүктөн арылууга аркеттенип, жаңы формаларын сунуштагандыгы, мындай иш чараларды өткөрүүдө өзүнүн жаңычылдыгы менен айырмаланат. Адатта конференцияларга ар ким өзүнүн сүйүктүү темасын бир аз өзгөртө салып деле катыша бериши көнүмүш адатка айлангандыгы белгилүү. Агай ушундай көрүнүштөрдү болтурбоого аракеттенип, көп ирет өкүнүү менен айткан жактары бар.

Агайдын демилгеси менен же уюштуруучу, жооптуу катары өткөрүлгөн илимий конференциялар, иш чаралар бир топ. Өзү белгилегендей анын сүйүктүү инсандарына айланышкан Искак Асан уулу Полотхан, Алымкул Лашкер башы, Мамыр Мерген уулунун тарых таржымалына, Орусиянын отор саясаты, Анжиян көтөрүлүшү, 1916-жылдагы көтөрүлүш ж.б. олуттуу тарыхый окуяларга арналган конференцияларды Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тарых илимин өнүктүрүү Комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына караштуу Кыргызстан элдеринин тарыхый жана маданий мурастарынын “Мурас” Фонду менен биргеликте уюштурууга көп аракеттерди жумшаган. Бул багытта Орусиянын жана коңшу мамлекеттердин архивдеринде болуп тарыхый документалдык булактардын негизинде жаңы тарыхый маалыматтарды тартуулоонун үстүндө бүгүн да иштеп келүүдө.

Ташин агай көп улуттуу Фергана өрөөнүнүн тургундарынын ортосунда ынтымак ырашкерликти бекемдөөдө да салым кошуп келүүдө. Өзбекстандык тарыхчылар менен биргеликте Алымкул Аскер башынын өмүрү жана ишмердүүлүгүнө арналган конференциялар Анжиян жана Жалал-Абад шаарларында өткөрүлдү. Эл тарыхын эш туткан устатыбыз кыргыз-өзбек окумуштууларынын кызматташтыгынын өр алуусуна көпүрө болду деп айтсак жаңылышпайбыз.

Албетте, кутман курактын ээси, белгилүү тарыхчы Ташин агай жөнүндө бир макала менен баарын чагылдыруу мүмкүн эмес. Сөз соңунда устатыбыздын өмүр жолунун урунттуу учурларына гана сереп салуу менен келе жаткан 70 жаш кутман курагын биз, окуучулары, чын ыкластан куттуктайбыз!

Сизге бекем ден соолук, бакубат жашоо, чыгармачылык жигер каалайбыз!

Урматтоо менен шакирттериңиздин атынан,

 

Э.А. АВАЗОВ, т.и.д, профессор

Ж.Б. Алымбаев,  т.и.к., доцент

Комментарии

Комментариев пока нет

Оставить комментарий