САБАТТУУ АДИСТЕР БОЛБОСО, ӨЛКӨ ӨНҮКПӨЙТ

  • 05.07.2019
  • 0

Дүйнөнүн 14 мамлекетине медициналык кадрларды даярдаган С.Тентишев атындагы Азиялык медицина институту өзүнүн 10 жылдык юбилейин белгиледи.

САБАТТУУ АДИСТЕР БОЛБОСО, ӨЛКӨ ӨНҮКПӨЙТ

Бир караганда аз убакыттай көрүнгөнү менен ушул мезгил аралыгында эл аралык аренаны ээлеш үчүн институттун жамааты эбегейсиз зор эмгек жумшады. АзМИнин азыркы рейтинги боюнча, болочок дарыгерлерди даярдаган жогорку окуу жайдын негиздөөчүсү Эркин Тентишевдин биздин республикада билимди экспорттоо жөнүндөгү бийик максаты орундалды десек болот.

 

Алдыўкы агартуучулар Ардак грамота алышты

САБАТТУУ АДИСТЕР БОЛБОСО, ӨЛКӨ ӨНҮКПӨЙТ

САБАТТУУ АДИСТЕР БОЛБОСО, ӨЛКӨ ӨНҮКПӨЙТ

Юбилейге тушташ ачылган административдик имараттын лента кесүү салтанатынан соў келген меймандар жыйындар залына чогулушту.

Өлкө президенти С.Жээнбековдун атынан 10 жылдык юбилейи менен куттуктаганы келген КР президентинин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев президенттин куттуктоосун айтып, төмөнкүлөргө токтолду: “Азиялык медицина институту 2004-жылы түзүлгөндөн берки аз убакыттын ичинде бир топ татаал жолду басып өттү. Бүгүнкү күндө дарылоо иши жана стоматология багытындагы медициналык бул жогорку окуу жайы заманбап материалдык-техникалык шаймандар менен жабдылган, анын натыйжасында медициналык кызматкерлерди даярдоодо чет өлкөлүк эў алдыўкы катардагы окуу жайлардан кем калбайт. Эркин Тентишевге мындай окуу жайды ачуу  идеясы ал Пакистан Ислам Республикасында генералдык консул болуп иштеп жүргөндө келсе керек деп ойлойбуз.

Билим берүүөнүгүүнүн жана өркүндөп өсүүнүн эў маанилүү куралынын бири. Сабаттуу, жогорку профессионалдуу адистер болбосо, экономикалык туруктуу бакубат мамлекет курууга мүмкүн эмес. Билим гана ар кайсы жердеги ар түрдүү этноско, маданиятка ээ адамдардын башын кошо алат. Биз бүгүн ушуну ушул окуу жайдан көрүп күбө болуудабыз. Индия жана Пакистандан келип ушул окуу жайдан билим алган студенттер жыл сайын өз мамлекеттериндеги Жогорку медициналык кеўеште эксперттик экзамен тапшырып жатышканы биз үчүн өтө кубанычтуу. Ал эми 2017-жылы бүткүл дүйнө боюнча бүтүрүүчүлөр арасында жүргүзүлгөн рейтинг боюнча Индиядан келип билим алып кеткен бүтүрүүчүлөргө алдыўкы үч орун ыйгарылган” — деди А.Кененбаев.

КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Кудайберди Кожобеков министрдин атынан юбилей ээлерин куттуктап, АзМИ аз убакыт аралыгында ийгиликтүү алдыўкы окуу жай катары өзүн көрсөтө алгандыгын, аны былтыр “Эднет” көз карандысыз агенттиги жүргүзгөн  аккредитациянын жыйынтыгында тастыкташкандыгын белгилеп өттү. К.Кожобеков куттуктоо сөзүнөн соў, Эркин Тентишевге жана башка окуу жайдын алдыўкы кызматкерлерине Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамоталарын тапшырды.

Ардак грамота алгандардын бири медицина илимдеринин кандидаты Жениш Токталиев өмүрүнүн 50 жылга чукулун медицинага арнады. АзМИ ачылгандан бери ушул окуу жайда студенттерге тери жана жугуштуу оорулар жөнүндө окутат. Биздин куттуктообузга жооп берип, көп жылдык үзүрлүү эмгеги бааланганын жашырбай, кубанычы менен бөлүштү.

 

Кыргызча “Манас” айтып, ырдаган чет элдик студенттер

САБАТТУУ АДИСТЕР БОЛБОСО, ӨЛКӨ ӨНҮКПӨЙТ

 

Юбилейге арналган салтанатка келген меймандар АзМИ жөнүндө тартылган видео-тасмага, эстрада ырчы-бийчилеринин жана студенттердин күчү менен даярдалган майрамдык концертке күбө болушту. Айрыкча чет өлкөлүк студенттердин “Манас” эпосунан үзүндө айтып, “Бишкегим”, “Кыргызстаным” деген ырларды кыргызча созултуп сонун ырдап беришкени, кайсы эл болсо да, каалоосу күч болсо тилди оўой эле үйрөнүүгө мүмкүн экендигин далилдеди.

Ачылгандан бери АзМИден 200дөн ашык бүтүрүүчү аяктаган. Учурда бүтүрүүчүлөрү Кыргызстан, Казакстан, Россияда гана эмес, дүйнөнүн Пакистан, Индия, Нигерия, Непал, Афганистан, Малайзия, Бангладеш, Ливан, Сомали, Египет сыяктуу жалпысынан 14 мамлекетте иштеп, дүйнө элинин саламаттыгын сактоодо өз салымдарын кошуп келатышат.

Аймактарды өнүктүрүү жылында Ысык-Ата районундагы Кант шаарынан орун алган жогорку окуу жайдын негиздөөчүсү, «Солто» коомунун төрагасы Эркин Тентишев Чүй облусунун казынасына 1 миллиарддан ашык түз инвестиция алып келип, облустун тургундары үчүн 300дөн ашык жумушчу орун түзгөнгө түрткү берген.

 

Коррупция жок жогорку окуу жайы

САБАТТУУ АДИСТЕР БОЛБОСО, ӨЛКӨ ӨНҮКПӨЙТ

АзМИ башка окуу жайлардан мыкты түзүлгөн материалдык-техникалык базасы менен айырмаланат. Тынымсыз изденүү жана жаўылануу жолунда келаткан медициналык окуу жайы окуу процессинде ийгиликтерге жетишүү үчүн жаўы инновациялык технологияларды үзгүлтүксүз ишке ашырып турат. Билим сапатын жакшыртууга жана коррупцияга каршы күрөшүүдөгү аракеттери үчүн АзМИге “Өлкөбүздөгү коррупциясы жок окуу жай” деген сертификат тапшырылган. Мындай наамды ал КР Билим берүү жана илим министрлигинин жана “Эднет” көз карандысыз агенттигинин чечими менен алган.

Чет элден келген студенттердин окуусуна талаптагыдай шарт түзүү максатында Бишкекте АзМИнин медициналык борбору, беш кабаттуу жаўы окуу корпусу, адамдын анатомиясын жана физиологиясын үйрөнүү үчүн муляж жана фантомдор менен жабдылган симуляциялык борбору бар. Андан тышкары, студенттердин жашоосуна жарашыктуу шарттары менен жабдылган алты жатаканасы, кызматкерлер жана студенттердин эс алуусуна көгүлтүр көлдүн жээгиндеги өзүнүн пансионаты курулган.

АзМИде эмгектенген 116 педагогдун ичинде 11 илимдин доктору, 13 илимдин кандидаты бар.

Юбилей ээлерин куттуктаганы келишкендердин катарында Пакистан Ислам Республикасынын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Файсан Нияз Иври, КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин статс-катчысы К.Шадыханов, АзМИнин алгачкы ректору, КР УИА академиги, профессор М.Мамытов, КРСУнун кафедра башчысы, профессор Н.Касиев, “Солто” коомунун өкүлдөрү ж.б. болушту.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер