КЫРГЫЗСТАН – РОССИЯ: ЖОГОРКУ БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНДАГЫ КЫЗМАТТАШТЫКТЫН ЖАҢЫ ГОРИЗОНТТОРУ

  • 29.03.2019
  • 0

27-мартта Бишкекте өткөн Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын ректорлорунун Биринчи форумунун экинчи бөлүгү Бишкек гуманитардык университетинде уланып, «Орус тили  Россия Кыргызстандын илимий билим берүү  интеграциясынын негизи», «Табигый илимий жана гуманитардык  жаатындагы кыргыз-россия кызматташтыгы», “Экономиканы модернизациялоо  шарттарында кадр даярдоодо жаңы мамилелер» аттуу үч сессиялык блокто эки мамлекеттин ортосундагы билим берүү кызматташтыгы талкууланды.

КЫРГЫЗСТАН – РОССИЯ: ЖОГОРКУ БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНДАГЫ КЫЗМАТТАШТЫКТЫН ЖАҢЫ ГОРИЗОНТТОРУ

Иш-чарада евразиялык билим берүү чөйрөсүн түзүү жана күчөтүү, жогорку билим берүүдө кызматташтык горизонтторун кеңейтүү, өзгөчө Кыргызстандын жана Россиянын илим жана билим берүү интеграциясынын негиздерине, гуманитардык жана табигый илимдер тармагында кызматташууга, билим берүүдө жаңы ыкмаларга көңүл бурулду. Билим берүүнүн бардык деңгээлдери боюнча биргелешкен билим берүү программаларын иштеп чыгуу, бакалавр деңгээлинде 2+2, магистратура деңгээлинде 1+1 схемасы боюнча кош диплом долбоорун ишке ашыруу, профессордук-окутуучулук курамдын кесиптик чеберчилигин стажировка, илимий конференциялар, форумдар аркылуу жогорулатуу, эл аралык долбоорлорго катышуу, эл аралык академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү сыяктуу бир катар маселелер талкууланды. Катышуучулар тарабынан ЖОЖдордун базасында биргелешкен инновациялык борборлорду, билим берүү кластерлерди, технопарктарды түзүү жана башка долбоорлорду ишке ашыруу боюнча да бир катар сунуштар түшүп, орус тилинде дүйнөлүк илимий басылма түзүү боюнча дагы маселе каралды. Санариптик технологиялар боюнча биргелешкен билим берүү программаларын түзүү, бул жаатта илимий, илимий-педагогикалык адистердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу боюнча институт түзүү зарылдыгы дагы айтылды.

 

КЫРГЫЗСТАН – РОССИЯ: ЖОГОРКУ БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНДАГЫ КЫЗМАТТАШТЫКТЫН ЖАҢЫ ГОРИЗОНТТОРУ

Сессиялык блоктор иштеп жаткан кезде КР билим берүү жана илим министри Г.Кудайбердиева Россиянын илим жана жогорку билим министри М.Котюков менен жолугушуп, илим жана жогорку билим берүү жаатында эки тараптуу кызматташуу багыттарын талкуулашты. Анда тармактык университеттердин, биргелешкен жогорку окуу жайлардын санын көбөйтүү, евразиялык мейкиндикте билим берүү жана илимий-техникалык   кызматташтык маселелерине басым жасалды.

 

КЫРГЫЗСТАН – РОССИЯ: ЖОГОРКУ БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНДАГЫ КЫЗМАТТАШТЫКТЫН ЖАҢЫ ГОРИЗОНТТОРУ

Окуу жайлардын ректорлору сексенге жакын эки тараптуу кызматташуу боюнча документтерге кол коюшту.

КЫРГЫЗСТАН – РОССИЯ: ЖОГОРКУ БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНДАГЫ КЫЗМАТТАШТЫКТЫН ЖАҢЫ ГОРИЗОНТТОРУ

Россиядан келген делегацияны Бишкек гуманитардык университети жогорку деңгээлде тосуп алды. Конокторду тосууга болгон даярдык университеттин босогосун аттаганда эле көрүнүп турду. Алгач конокторду университеттин алдында кыргыздын улуттук аспаптарынан турган ансамбль, бийчилер чакан концерт менен күтүп алышты. Имаратка кире бериштеги фонтанга төгүлгөн роза гүлүнүн желекчелери дагы келген конокторду суктандырбай койгон жок. Ар бир секция, келишимдерге кол коюла турган бөлмөлөр дагы жогорку деңгээлде техникалык жактан камсыздалган.

КЫРГЫЗСТАН – РОССИЯ: ЖОГОРКУ БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНДАГЫ КЫЗМАТТАШТЫКТЫН ЖАҢЫ ГОРИЗОНТТОРУ

КЫРГЫЗСТАН – РОССИЯ: ЖОГОРКУ БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНДАГЫ КЫЗМАТТАШТЫКТЫН ЖАҢЫ ГОРИЗОНТТОРУ

 

Жыйынтыктоочу жыйында министр Г.Кудайбердиева, КР Жогорку окуу жайларынын ассоциациясынын төрагасы А.Мусаев, РФ илим жана жогорку билим берүү министри М.Котюков жана Россиянын ректорлорунун кеңешинин төрагасы, Москва мамлекеттик университетинин ректору В.Садовничий сөз сүйлөп, акырында резолюция кабыл алынды.

КЫРГЫЗСТАН – РОССИЯ: ЖОГОРКУ БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНДАГЫ КЫЗМАТТАШТЫКТЫН ЖАҢЫ ГОРИЗОНТТОРУ

Иш-чаранын соңунда конокторго кыргыз маданиятын даңазалаган чакан концерт тартууланды.

КЫРГЫЗСТАН – РОССИЯ: ЖОГОРКУ БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНДАГЫ КЫЗМАТТАШТЫКТЫН ЖАҢЫ ГОРИЗОНТТОРУ

 

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”  

Бөлүшүү

Комментарийлер