«ТАРЫХТЫ ТАНГАНЫҢ, ТАМЫРСЫЗ КАЛГАНЫҢ»

  • 19.02.2019
  • 0

Лейлек районунун Казыев Кожояр атындагы орто мектебинин жогорку класстын окуучуларын кыргыз тили жана адабияты мугалими Жеңишбек Абдиназаров райондук «Аймак таануу жана тарых» музейине сабак аркылуу саякатка алып барды.

"ТАРЫХТЫ ТАНГАНЫҢ, ТАМЫРСЫЗ КАЛГАНЫҢ"

Саякаттын максаты — кыргыз адабиятында өтүлгөн Ч.Айтматовдун өмүрү, чыгармачылыгында жана «Саманчынын жолу» повестинде Улуу Ата Мекендик согуштун, «Кандуу жылдар» романында 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн тарыхтагы ордун жеткирүү. Кыргыз адабиятында чагылдырылышын баса белгилөө жана тарых менен байланышын аныктоо, тактоо.

"ТАРЫХТЫ ТАНГАНЫҢ, ТАМЫРСЫЗ КАЛГАНЫҢ"

Лейлек райондук маданият бөлүмүнө караштуу Музейлер комплексинин улук-илимий кызматкери Нишангүл Сулайманова саякатка барган окуучуларга музейди кыдыртып, кенен маалымат берди. Окуучулар жакшы ой-пикир менен кайтышты. Кийинкисинде И.Раззаковдун жана Самат Садыков атындагы «Даңк» музейине келебиз деп максат коюшту.

Г.А., «КБ»

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер