КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ КӨЗДӨГӨН БИЙИКТИК

  • 04.02.2019
  • 0

КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ КӨЗДӨГӨН БИЙИКТИК

Кыргыз билим берүү академиясы республикабыздагы бирден-бир педагогикалык илимий багытта иш алып барган мекеме болуп эсептелет. Бул жерде окуу китебинен тартып окутуунун ар кандай усулдук ыкмалары, программалары, стандарттары иштелип чыгат. Компетенттүү адистер тарабынан иштелип чыккан ар кандай предметтер экспертизадан өткөрүлүп, пайдаланууга расмий сунуш берилет. Мектепке байланышкан окуулуктардын апробацияларына катыша алат. Мына ушундай билим берүүнүн кеңири масштабын караган академия кийинки жылдарда өз миссиясын толук кандуу аткарып келе жатабы деген талылуу суроо билим тармагын талдоочулардын талаш  обьектисине айланып келет.   Ушундан улам Академия заманбап билим берүүнүн авангарды боло алабы, билим берүү тармагында жүргүзүлүп жаткан реформалардын ишке ашышына таасири кандай  деген чалкеш суроолор ушул жумада аталган мекемеде болуп өткөн талкуунун негизги темасы болду. Талкууга белгилүү окумуштуулар катышып, өз сунуштарын айтышты. Талкуунун башталышында КББАнын жаңы президенти Алмазбек Токтомаметов аталаган мекеменин ишмердигин жакшыртуу, реформалоо, оптималдаштыруу боюнча кеңири баяндама жасады.                

 Мезгил жүгүн көтөрө билели

Жаңы жетекчи КББАнын уставына өзгөртүүлөрдү киргизүүдөн баштап мекеменин максаттарын, милдеттерин жана аткаруучу иштерин  тактоо, андагы штаттарды оптимизациялоо, КББАнын кызматкерлеринин дареметин арттыруу жана алардын ишмердигине талаптарды күчөтүү, «Окуу-усулдук комплекстин теориясы жана практикасы» лабораториясын жана редакциялык кеңешти түзүү,  окутуунун жана тарбиялоонун теориясы жана методикасы боюнча диссертациялык кеңешти КББАнын алдында ачуу, КББАнын кызматкерлери жана каалоочулар үчүн билим берүүнүн заманбап темалары боюнча ай сайын болуучу семинарды өткөрүү, КББАнын кызматкерлеринин дараметин арттыруу боюнча тренингдерди өткөрүү, кызматкерлерди шыктандыруу жана сыйлоо, КББАнын ар бир кызматкеринин портфолиосун түзүү, КББАнын илимий кызматкерлеринин Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун мугалимдеринин, директорлорунун орун басарларынын ай сайын болуучу семинарларына катышуусу жана алар менен кызматташуу, мугалимдерге билим берүүнүн заманбап темалары боюнча тренингдерди өткөрүү, КББАнын кызматкерлерине пилоттук мектептерди бекитип берүү, мугалимдер өткөргөн ачык сабактарды, тренингдерди топтомо принцип менен мугалимдердин адистигин жогорулатуу курстары катары эсептөө, мугалимдерди демилгелүүлүккө шыктандыруу, билим берүүнүн заманбап темалары боюнча вебинарларды өткөрүү,   мугалимдердин жана мектептердин алдыңкы тажрыйбаларын жалпылоо жана жайылтуу, КББАнын кызматкерлеринин изилдөөлөрүнө жана отчетторуна талаптарды күчөтүү, тарбиялоо боюнча класс жетекчилердин иштерин күчөтүү, этнопедагогикага басым жасоо, жаш окумуштуулардын иштерин активдештирүү, билим берүү системасындагы тенденцияларга системалуу талдоо жүргүзүү, КББАнын түзүмүнө баштапкы жана ортоңку кесиптик билим берүүнү кошуу туурасында кеп кылды.

-КББАнын кызматкерлерине  компетенттүүлүк жана ыкчамдык жетишпей жатат. Бул илимде жүргөндөрдүн баарына тиешелүү көрүнүш. Мындан арылып, лидерлик жана ар дайым маалыматка ээ болуу, натыйжалуу иштөөнү камсыз кылышыбыз керек,- деди А.Токтомаметов.  Андан ары ал сөзүндө      электрондук окуу-усулдук комплекстерди жана материалдарды иштеп чыгуу боюнча Бишкектеги №5 УКГ   менен кызматташуу жолго коюлуп жатканына, адистерди даярдоо багытында ЖОЖдор менен, анын ичинде И.Арабаев атындагы КМУ менен алака түзүү, эл аралык деңгээлде кызматташууда  Беларусь Республикасынын Улуттук билим берүү институту менен  меморандум түзүү, республикалык жана эл аралык билим берүү уюмдары, донорлор жана долбоорлор менен кызматташууну күчөтүү, билим берүү саясатын аныктоого, стратегиялык, ченемдик документтерди иштеп чыгууга, КР орто мектептик билим берүүнүн мамлекеттик стандартын, анын концепциясын иштеп чыгууга, базистик окуу планына, анын концепциясын иштеп чыгууга катышуу белгиленип жатканын айтты.

Баяндамачы ошондой эле искусствого жана дене маданиятына сааттарды көбөйтүү, заманбап темалар боюнча изилдөөлөрдү өткөрүү, PISAга даярдоо, билим берүү уюмдарын аккредитациялоо, мугалимдерди аттестациялоо, эксперименталдык аянтча түзүү, инновациялык мектептер,  санариптештирүүнүн жаңы концепциясын иштеп чыгуу,  «электрондук окуу» маселесин колго алып, алгач «Адам жана коом» боюнча электрондук окуу китептин үлгүсүн даярдоо,    КББАнын илимий китепканасын санариптештирүү, КББАнын сайтын жаңылоо, мониторинг жана көзөмөл системасын түзүү, кайтарым байланышты камсыз кылуу, Кыргызстанда педагогика илимин жалпы жетекчиликке алуу,  каржылоону жакшыртуу, акы алынуучу кызматтарды көрсөтүү, маркетолог кызматын киргизүү, илим фонду, республикалык жана эл аралык долбоорлор менен кызматташуу, КББАнын (окуу программалары, окуу, усулдук материалдар ж.б.) жана тапшырыкчылардын продукцияларын чыгаруу, басмалар үчүн өткөрүлгөн окуу-усулдук комплекстер боюнча КР Билим берүү жана илим министрлигинин тендерлерине катышуу, ОУКтардын авторлорун окутуу, предметтик стандарттарды, окуу программаларды иштеп чыгуучуларды окутуу, облустук институттардын, борборлордун, райББлардын кызматкерлерин, усулкааналардын усулчуларын окутуу, мугалимдерди, ата-энелерди окутуу, аспиранттарды, докторанттарды жана изденүүчүлөрдү изилдөө ишмердигин жүргүзгөнгө окутуу, окутуунун жаңы технологиялары боюнча мастер-класстарды өткөрүү, жаңы муундагы ОУКтардын негизинде компотенттүүлүктөрдү калыптандыруу боюнча тренингдерди өткөрүү, педагогикалык кызматкерлердин адистигин жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун (зарылчылыкка жараша) кызматкерлерин окутуу, соцпедагогдорду, кошумча билим берүү боюнча, инклюзивдик билим берүү, психология боюнча жана класс жетекчиликке, билим берүү уюмдарын аккредитациялоо, мугалимдерди аттестациялоо боюнча окутуу, окуу, усулдук материалдарды экспертизалоо, телевидениелер аркылуу («Илим_билим», «Санат», «Билим» ж.б.) «КББАнын саатын» берүү, И.Арабаев ат. КМУ, «Кут билим» газити жана облустук институттар, борборлору жана райББ, райусулкааналар менен кызматташтыкта «Билим кербенин» өткөрүү багытындагы иштер пландалып жатканын айтты.

КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ КӨЗДӨГӨН БИЙИКТИК

Билимдин мазмунун ким түзөт?

-Пландалып жаткан ишиңиздерди колдойм. Менин айтаарым, Академия эң алды өзүнүн негизги аткара турган миссиясын тактап алуусу парз. Билим берүүнү модернизациалоодо сиздер локомотив боло аласыздарбы? Кеп ошондо. Бүгүнкү шартта билим жолунда жетишүүчү эмес, алдыга озуучу позицияда болушубуз шарт. Эгерде биз билимдин катарында калсак, алдыга озо албасак өнүгө албайбыз.  Билимдин чокусунда жүрүш үчүн бардык жаңы технологиялар, методикалык усулдар иштеши керек. Билим берүү академиясынын колунан ушундай иш келет деп ишенем, -деди экс-министр И.Болжурова. Ал өз сунуштарын академияга кагаз жүзүндө да жазып жөнөтөрүн убада кылды. Дагы бир экс-министр А.Какеев билим берүүдө натыйжалуу иштөөгө умтулуу керек дейт.

-Мисалы профессор А.Акматалиев Айтматовду ачууда жүздөгөн китептерди чыгарыптыр. Анын ар тараптуулугу башка сөз. Биз окумуштуу Акматалиевдин эмгегине таңкалдык. КББАнын да педагогикадагы иши ушундай өлчөөсүз чоң болушу кажет. Экинчиден, далилденген билимди окуталы. Балдарды адам кылып тарбиялай турган этнопедагогика керек. Ошону сиздер сунуш кылып, жаратмандык кыласыздар го деген ишенимим бар. Болбосо, мына жакшы билим алган менен адам болуу жагы өксүп, мурдагы премьер-министр баш болуп өкмөт мүчөлөрү камалып жатышат. Мында  педагогиканын да салымы, өксүгү бардыр, ойлонуп көрсөк болчудай, — деди. Окумуштуу Э.Мамбетакунов КББАны Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте эриш-аркак иш алып барууну, илимдин кайтарымдуулугун арттырууну, билим берүүнүн философиясын туура түшүнүү зарылдыгы келип чыккандыгын айтса, белгилүү коомдук ишмер Ж.Каниметов академия билим берүүнүн мазмунун аныктаган  мекеме болушу керек дейт.

— Окутуунун стандарттары, программалары, усулдары мына ушул жерден чечилиши оң. Академия өз укугуна ээ болуп, билимдин негизги маселелерин чечкенге жөндөмдүү уюмга айланышы зарыл. Мисалы, азыркы учурда так илимдер боюнча айтсак, ЖОЖдордо бул багыттагы адистик толбой жатат. Анан кайдан инженер, химик, физик чыгат. Кайдан экономика өнүгөт. Окуу китептеринин да сапаты ушул жерден аныкталууга тийиш. Бул жерде иштегендердин эмгек акылары да жогору болбосо, сиздер белгилеген пландар ишке ашышы өтө кыйын ,-деди Ж.Каниметов.

Борбордук Азия университетинин окутуучусу М.Каримов академияда аналитикалык борбор ачылып, ал жерде сырттан таңууланган көрүнүштөр изилдөөгө алынышын, чет өлкөлүк долбоорлор менен иштеген тренерлер көп тил билүү керектигин айтты.

-Биз долбоорлор менен иштегенде тренинг өткөргөн адистердин көпчүлүгү орус тилдүү болушууда. Ал эми айылдан келген мугалимдер орусча билсе да уялып сүйлөшпөйт. Ошондуктан тренинг өткөн адистер кыргыз, орус, англис тилдерин билүүсү шарт, -дейт ал. Андан ары М.Каримов Билим берүү академиясы өз ишмердигинде “Кут билим” газетасы менен тыгыз иштешүүнү сунуш кылды.

-“Кут Билим” газетасы бүт мектептерге барат. Мугалимдердин сүйүктүү гезити. Мен “Сапаттуу билим” долбоорунда иштеп турганда ушул гезит аркылуу мугалимдерге тегиз жетип, ишибиз ийгиликтүү болду. Ошондуктан  “Кут Билим” аркылуу бир топ иштерди алдыга жылдыруу керек,- деди М.Каримов.

Окумуштуу А.Алибеков академияга азыркы окуучуларды изилдөөнү сунуш кылды.

-Биз эскиче жүргөндү, эскиче окутканды токтотолу. Азыркы балдар такыр башкача. Анын канчасы мигранттардын балдары экендигин билбейбиз. Ошондуктан балдардын психологиясына карап тарбиялоонун багытын өзгөртүшүбүз парз. Педагогиканын жаңы бирдиктүү терминологиясын да ушул жерден түзсөк болчудай. Себеби, азыр баары чаржайыт болууда. -деди А.Алимбеков.

Окумуштуу Ж.Байсалов окуу китептеринин сапатына көп көңүл буруу керектигин, так илимдер боюнча окуулуктарды жакшы жаза албасак, Россиянын орус тилиндеги эң алдыңкы китептерин мыкты которуп сунуштоо жагын ойлонуп көрүү керектигин белгиледи.

-Илгери Сталин окуу китебин жазган кишиге каалашынча чоң калем акы коюп берчү дейт. Начар жазса аттырып салчу экен. Окуу китебин жазууну оңой  көргөндү токтотолу. Китептердин сапатына жооп бере турган бирден -бир мекеме-ушул академия болууга тийиш. Москва билим берүү академиясы эң күчтүү академиялардын бири. Биз ошолор менен мамиле түзсөк, ошолордун тажрыйбасын колдонсок жакшы болор эле,-  дейт Ж.Байсалов.

Академиянын мурдагы жетекчиси А.Мамытов буга чейин мекеменин аткарып келген иштери жөнүндө кыскача маалымат берип, бул тармакта бүгүнкү күн менен иштебей, эртеңки күндү, келечекти ойлоп иштейли, анын кемчилигин издебей, келечегин издейли деген сунушун айтты. А.Мамытов аталган мекеменин илимий курамынын дареметин өстүрүү багытында иш алып бара турганын жаңы жетекчи өз сөзүндө билдирип, ага ыракмат айтты.

Тегерек үстөлдүн аягында КББАнын президенти А.Токтомаметов сөз алып, билим берүү тармагы эң чоң тармак экендигин, ошондуктан бул системаны оңдоодо билим берүүнүн бардык субьектилери бир жакадан баш чыгарып, ынтымакта иштөө керектигин, талаш-тартыштар боло берерин, ал эми кеңешип чечилген ишти аткаруу зарылдыгын түшүнүү максатка ылайык экенин унутпоону, экинчиден, билим берүү жана илим министрлиги менен биргелешип иштеп, аларга таяныч болуп, бири-бирибизге жардамчы, көмөкчү болууну өзүнчө идеологияга айлантуу зарылдыгы келип чыкканын баса белгиледи.

Майрамбек Токторов,

“Кут билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер