ЭКИ ДООРДУН АКЫНЫ

  • 16.07.2018
  • 0

ЭКИ ДООРДУН АКЫНЫ

Июль айынын алтысында Нарын районунун Жан-Булак айыл аймагынын Жан-Булак айылында алгачкы жазма акын, агартуучу Абылкасым Жутакеевдин 130 жылдыгы белгиленди. Мааракеге өлкөнүн жети аймагынан, Бишкек, Ош шаарларынан, ошондой эле  Өзбек Республикасынан дагы акындын талантын баалагандар келишкен. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Чыныбай Турсунбеков, Алмаз Батырбеков, Жылдыз Мусабекова,  Нарын областтык ыйгарымдуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева, Нарын районун акими Семетей Черикчиев, экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев, тарыхчы, жазуучу Чоюн Өмүралиев, НМУнун доценти Гүлжамал Эсеналиева катышышып, каалоо–тилектерин  айтышты. Акындын кайталангыс таланты, оор турмушу жөнүндө чоң талкуу жүрдү. Айрыкча Ч. Турсунбековдун мазмундуу баяндамасы катышуучуларды толкундатпай койгон жок.

НМУнун профессору, философия илимдеринин кандидаты Сыдык Иманалиев “Абылкасым Жутакеевдин чыгармачылыгындагы эл тагдыры, жаңы доордун чагылдырылышы” деген темада илимий доклад жасады. А. Жутакеевдин ырларынын уйкаштыгы, мааниси, кулакка жагымдуулугу менен адамды бат эле өзүнө тартып алуу касиетине ээ экендигин ар адабиятчы жакшы түшүнөт. Акын азыркы кыргыз поэзиясынын жер пайын түптөөчүлөрдүн эң ириси. А.Жутакеев эки доордун акыны деп айтылат. Анткени эски жана жаңы доорду ташка тамга баскандай ырга салды.

ЭКИ ДООРДУН АКЫНЫ

Абылкасым Жутакеев  Нарын аймагынын  Жан-Булак деген жеринде  1888-жылы кедей-дыйкандын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Атасы Жутакей Моңолдор уруусунун Куусөөк уругунун Саркашкасынан болот. Энеси Уулча жомокчу, кошокчу киши болуптур. Акын жаштайынан эле зээндүү, тирикарак болгондуктан эл арасында  жамактап ырдап жүрүп, кийин молдодон кат тааныган соң ырларын  кагаз бетине  түшүрөт. Абылкасым төрт жашынан энесинен айрылат.  Энеден эрте калган акын эненин баркын өтө эрте түшүнүп, эненин балага болгон мээримин, сүйүүсүн, кызматын өтө жогору баалаган. Аны төмөнкү ырда байкайбыз:

Ойноок элем, тентек элем, эселек

Анда жашым эрезеге жете элек

Өз оюмду берчү эмесмин кишиге

Эрте кетем кармаймын деп көпөлөк,

Кардым ачса кайра келем бозоруп,

Эптеп-септеп өз үйүмдү төтөлөп.

Кайда жүрдүң, кагылайын балам деп

Кайран энем каймак берип бөпөлөп.

Кой каралдым, көп оюнчу болбо деп

Колдон кармап нары-бери жетелеп.

Көп жумушту бүтүргөнсүп ал күнү,

Комузчу элем койколоктоп эркелеп

Карысам да кайран энем кадырын

Кадимкидей азыр ойдон кете элек

Каардуу ажал колун сунуп туруптур,

Ким билиптир, өлөөрүңдү эртелеп.

Куу ажалга такыр айла жок экен,

Кала бергем, кейип ыйлап темселеп.

Көп өтпөй атасынан да айрылган Абылкасым үчүн оор күндөр башталган. Бул күндөрүн  «Жетимдик» деген  ырында төмөндөгүдөй баяндайт :

Таштап кеттиң ата-эне

Жаш балапан кезимде

Кайрылган киши жок болуп

Кайгылуу мендей жетимге

Көйнөгүм жок жылаңач

Куур тонум этимде.

1916-жылдагы Үркүндө Абылкасым да Кытай жергесине туш болот. Бул жердеги кыргыздардын көргөн азап-тозогу акынды кайдыгер калтырбайт. Аны акын “Кайран эл” деген ырында төмөндөгүдөй ырга салган:

Мингичи жок жөө жүрүп,

Арык болду кайран эл.

Бутундагы кийгени,

Чарык болду кайран эл.

Кызыл өңү бозоруп,

Карып болду кайран эл.

Кытайдан кайтып келгенден кийин Октябрь революциясы улуу акынды тосуп алды. Жетимчилик башка нукка бурулду. Акын жаңы заманды ырга салды. “Эркин-Тоо” деген дастаны жаралып:

Эриккенде жазаармын,

“Эркин-Тоо” деген казалым.

Эркин-Тоону жердеген,

Эл үчүн арнап жазамын.

Эзилген кыргыз баласы,

Эми ачылды базарың.

Мээнетиң кетпейт бекерге,

Эмгектенип жашагын, – деп жар салды.

1920-жылы акын Алма-Атада мугалимдерди даярдоо боюнча алты айлык курсту бүтүрөт да, андан кийин айылында 1923-жылга чейин окутуучулук кесибин аркалаган. 1923-жылы Нарын уездиндеги “Союз кошчу” уюмунун төрагалыгына дайындалат. Кийин жаңы уюшулган Ат-Башыдагы Ак-Жар колхозунун башкармасынын төрагасы болуп иштеген. Абылкасым Жутакеевдин бир уул, эки кызы болгон. Уулу Союз, ал эми кыздары Разыя, Төлөнбүбү.

Таланттуу акын Абылкасым Жутакеев узакка созулган оорудан кийин 1931-жылы жарык дүйнө менен кош айтышкан.

ЭКИ ДООРДУН АКЫНЫ

Эгемберди УСУПОВ

Бөлүшүү

Комментарийлер