ТҮРКИЯ: БАЛДАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ – МАМЛЕКЕТТИН БАШКЫ МАКСАТЫ

(башталышы өткөн санда)

Экинчи күн. Пендиктеги акыл ордо

Бул күнү биз Пендик муниципалитетине караштуу “Таланттуу балдарды окутуу борбору” менен таанышуудан баштадык.

Бул борбор мектепке чейинки курактагы таланттуу, жөндөмдүү балдарды тандап алып, алардын кызыгуусу боюнча атайын программа менен окутуу жүргүзүлөт экен. Бизди тосуп алган мугалимдердин айтуусу боюнча, 48-69 айлык (4 жаштан жогору) балдар сабакка жумасына эки жолу келишет. Искусство, багбанчылык, шахмат, телеалып баруучу ж.б.у.с. кесиптерди эрте жаштан таанып, ар бир бала өзүнүн эмнеге жөндөмдүү экенин билип, аны өркүндөтө баштайт.

Мектепке чейинки таланттуу балдарды өнүктүрүү борбору Стамбул мэриясынын демилгеси менен башталган долбоор  экен.  Жылына мэриядан 556 миң лир бөлүнүп турат.

Вундеркинддерди  жөнөкөй балдардын арасынан таап чыгууда  жогорку окуу жайлардын мугалимдери атайын тандоо формасын иштеп чыгышкан, ошонун негизинде бала бакчаларга барып балдарды көзөмөлгө алып, алардын ичинен өтө жөндөмдүүлөрдү иргеп, борборго жөнөтүшөт.

Борборго келгенде кайрадан балдардын эмнеге шыктуу, жөндөмдүү экени Торес системасы (креативдүү баланы текшерүү тести) менен текшерилет. Бул система боюнча окутуунун төрт жолу бар экен: 1. Кичинекей балдарды окутуу. 2. Мугалимдерди окутуу. 3. Мектепке чейинки билим берүү мугалимдерин окутуу. 4. Ата-энелерди окутуу. Эгерде ушулардын бирөөсү аткарылбаса, анда балдар жакшы жыйынтык бералбайт.  Пендик районунда 750 мектепке чейинки курактагы балдар билим алышат. Анын ичинен өткөн жылы 120 баланы борборго кабыл алышса, быйыл 100 гана бала кабыл алыныптыр.

Балдарга беш багыт менен билим беришет. Биринчи ательеде – илимий жактан, экинчи ательеде – IQ деңгээлин оюн аркылуу өркүндөтүү, үчүнчү – лидерлик жана драмалык ателье (лаборатория). Бул жерде театр, оюн коюу ж.б.у.с. Төртүнчү – искусство жана чыгарма лабораториясы. Бул ательеде балдар өздөрүнүн ойлоп чыккан чыгармаларын өркүндөтүшөт. Бешинчиси – хобби. Балдар эшикке чыгып, жер менен иштешет. Помидор, бадыраң, гүл айдашат. Балдардын моторикасы жана ойлому өркүндөйт. Ушул программаны борбордун мугалимдери жазып, аны жогорку окуу жайдын окутуучуларына жөнөтүшөт. Алар программаны анализдеп, балдарды окутууга болот  деген жыйынтыкты чыгаргандан кийин гана бул программа ишке кирет. Борборду аяктагандан кийин балдар алган билимдерин башка борборлорго барып өркүндөтө беришет. Балдардын жөндөмүнүн ачылышына бардык мүмкүнчүлүктөр берилген. Бул долбоор келээрки жылы Анкарада да ачылат экен. Адистердин айтуусу боюнча ийримдер, курстар таланттуу балдардын креативдүү көз карашын жокко чыгарат.  Ал эми бул борбордо балдар кичинекей кезинен тартып өзү каалаган нерселерди өркүндөтүп  кеталат.

Пендик районунда 147 жалпы билим берүү мектеби, 47 мектепке чейинки билим берүү мекемелери иштейт. Бала бакчаларда жалпысынан 180 педагог эмгектенет, алардын айлыгы 3500 – 4000 лирди (1 лир – 18 сом) түзөт. Балдар сабакка кирип кеткенде, энелер дагы ушул жерден билим алышат.

Пендиктен кийин Стамбулдагы 39 райондун ичинен эң чоң деп эсептелген  Картал муниципалитетине жол тартып, ага караштуу  бала бакчалар менен тааныштык. Бул райондо 11 бала бакча бар экен, азыркы учурда экөө курулуп жатыптыр. 750 тарбиялануучуларга 80 мугалим билим берет. Бул бала бакчаларга балдар 3-4 жаштан кабыл алынып, Ата Түрктүн мурасы боюнча иштелген программа менен иштешет, т.а. билим берүү системасында Ата Түрктүн принциптери колдонулат. Бир топто 15 баладан ашпайт. Эл аралык стандарт боюнча 1 кв.м. бир бала кенен батышы керек. Бала бакчада кошумча сабактар киргизилген: шахмат, фольклор ж.б.у.с.

Бул райондун мэри кесиби боюнча дарыгер болгондуктан,  балдардын ден соолугуна өзгөчө көңүл буруп, алар спорт менен машыгышына абдан кызыкдар экен.  3-4 жаштагы балдар укташат, ал эми улуулары укташпайт.

Бул мекемеден чыккандан кийин Стамбул шаарындагы жомоктор музейине барып, Андерсендин китебинин ичинде жүргөндөй болдук.

Андан соң Кагытхане районундагы Хамидие балдарды өнүктүрүү борборуна жөнөдүк. Ушул жерден баштап калган бала бакчалардын жетекчилеринин баары эркектер экен. Түркияда  мугалимдердин 10% эркек педагогдор.  Билим берүү министрлигинин өкүлүнүн айтуусуна караганда,  мугалимдер эки ай эс алат. Мамлекет белгилеген айлыктан сырткары 30 саатка чейин алса болот,  ага кошумча айлык кошулуп берилет. Мугалимдердин айлыктары стажысына карата көбөйүп отурат. Негизинен тогуз категориялык белгилөө бар. Тогуздан ылдыйлаган сайын айлыктары көбөйүп отурат. Билим берүү министрлиги билимдин сапатын жакшыртуу максатында аккредитация сыяктуу текшерүү киргизе турган болушуптур, бирок  мындай иш-аракеттерге профсоюз уюму каршы турат экен. Текшерүү мугалимдердин укугуна шек келтирет дешип.

Үчүнчү күн. Кючюкчекмеже бала бакчасы

Бул райондо 150 жалпы билим берүү мектеп, 170 жеке мектеп, 17 мектепке чейинки билим берүү мекемелери бар экен. 160 миң окуучуга 8500 мугалим билим беришет. Бул бала бакчада Монтессоринин программасы менен окутулат, бирок ата-эненин каалоосу эске алынат экен. Айына ата-энелер 85 лир төлөшөт, анын ичине балдардын театрлашкан оюн-зоокторуна тигилүүчү кийимдер, тамак-аш кирет.

Бала бакчанын жетекчисинин айтымына караганда, балдар бир күндүк же жарым күндүк деп кабыл алынат. Педагог, тарбиячыларды жумушка алаардан мурда алар 4 жылдык бакалаврды бүткөндөн кийин Билим берүү министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн экзамендерге катышып, эң жогорку балл топтогондор гана мектепке же бала бакчаларга жумушка жөнөтүлөт. Билим берүү министрлиги мугалимдердин кесипкөйлүгүн жогорулатууда курстарды өткөрүп турат. Өткөн жылы 7000 мугалим курстан өткөн. Бул деген бир жылда бир мугалим 7-8 жолу курстан өтөт дегенди билдирет. Булар өз ыктыяры менен курстарга жазылып алгандар экен. Ал эми 1-15-сентябрга чейин жана 15-июндан айдын аягына чейин сөзсүз ар бир мугалим специализациядан өткөрүлөт. Түркияда мугалимдер 8 жылда бир орундарын алмаштырып турушат экен.

Дагы бир биз үчүн жаңылык, ата-энелердин жоопкерчилиги мыйзамда каралган. Эгерде ата-эне баласын мектепке жибербей  койсо, ал акчалай жаза алышы же болбосо түрмөгө камалышы мүмкүн.

Окуу китептери балдарга бекер таратылат. Ал эми биз барган бала бакчада дубалдар жок, баары ачык.  Балдар жабык бөлмөлөрдө отуруп, бир нерсеге үйрөнүшүнө эмес, ачык жерде баарын кармап көрүп, өз колдору менен жасоо максаты коюлган.

Балдардын кийим илгичтери дагы балдардын боюна карата ылайыкталып жасалган. Чоңдор жардам бербей, балдар өз алдынча баарына үйрөнүшөт экен. Мугалимдер эрте келип бир күндүк программасын жазып, кечинде атайын бөлмөгө чогулуп,  бир күндүк ишмердигинин  жыйынтыктарын сүйлөшүшөт.

Бир айда бир түрк маданиятын, баалуулуктарын (биздин адеп сабагындай) окуткан сабак кирет. Эң кызыгы – бул бала бакчада балдар сынып калган оюнчуктарын өздөрү оңдошот. Мугалимдер жыгач усталык программага барып, үйрөнгөндөрүн балдар менен чогуу ишке ашырып жаткан учуру экен. Бул лабораторияда мурда жалаң эркектер иштесе, эми айымдар дагы өз каалоосу менен устачылыкты үйрөнүп, сабак бере башташыптыр. Балдар өздөрү жасаган оюнчуктарга өзгөчө маани бурушуп,  жакшы көрүп, үйүнө алып кетип, белекке беришет экен.

Бул бала бакчада жашоодогу бардык керектүү нерселер кичирейтилип жасалгаланган. Маселен, ветеринар клиникасы. Балдар ага кирип, жаныбарларды дарылоону үйрөнүшөт ж.б.у.с. Баарынан кызыктуу – кышкы бакчасы (зимний сад)  болду. Бул жерге балдар жылаңайлак киришет экен. Табият менен таттуу жашоого үйрөнүшөт. Ушул жерден жер менен кантип иштеш керек, гүлдү кандай отургузуу керек ж.б.у.с. нерселерди балдарга көрсөтүп, үйрөтүшөт. Балдар ашыкча салмак албаш үчүн, туура тамактанууга өзгөчө көңүл бурулат.

Мэрия эски автобустарды бала бакчаларга пайдаланганга беришет экен. Биз барган бала бакча эски автобусту планетарий кылып жасап жатышыптыр. Кээ бирлери көчмө  бала бакчалар кылып уюштурушат экен.

Бюйюкчекмеж  Шехит Мехмет Шефике Шевкатлы оглу бала бакчасы

Бул окуу комплекси жаңы курулуп бүтүптүр. 238 бала тарбияланат экен. Саат эртең мененки 8.00 – 17.00 жана саат 13.00 – 18.00 чейин балдар кабыл алынат. Бул бала бакчанын өзгөчөлүгү – коридорлордо  балдар секирип ойночу классик оюндары чийилип турат. Биринчиден, сандарды үйрөнүшөт, экинчиден, секирип ойноп, буттарынын булчуңдарын бекемдешет. Ар бир кабинетте акыл оюндары ойнолот. Бул окуу жайдын деле материалдык-техникалык базасын чыңдоого каражатты мэрия бөлүп берет экен.

Мектепке чейинки билим берүү мекемеси менен жалпы билим берүү мектеби бириктирилген. Имараттары өз өзүнчө, бирок гимнастика, спорт, музыка кабинеттерин чогуу  пайдаланышат. Баса, коридордо 2016-жылдын 15-июлунда каза болгон шейиттердин сүрөттөрү илинип турат. Ар бир бала баатырларын билиши керек дешти.

Түркияда 2005-жылы өнүгүү программасы кабыл алынган. Мына ошондон баштап билим берүү системасы өнүгүүнүн үстүндө экенин жетекчилер айтышты. Жаңы мектептер ачылып, мугалимдер иш менен камсыз боло баштаган. Учурда  балдардын 70%  бала бакчаларга кире алышат.  Жеке мектептер, жеке бала бакчаларда  билим сапаты өтө жогору экенин алар жашырышкан жок.

(уландысы кийинки санда)

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Комментарии

Комментариев пока нет

Оставить комментарий