АТАНЫН БАЛАГА ТАБЕРИГИ

  • 07.06.2020
  • 0

 

 

Жакында “Ыйык Ата Журт” коому «Үй-бүлөдөгү атанын орду» деген темада вебинар уюштурду. Ага Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгынын аалымдар кеңешинин мүчөсү, Кыргызстан Ислам университетинин проректору Марс Ибраев, Назарбаев университетинин профессору Дүйшөн Шаматов, Бириккен Араб Эмирлигинин биринчи президенти Зайд ибн Султан ал-Нахайяна атындагы университеттин профессору Жалалидин Жээнбай жана башка педагогдор катышты. 2 саатка созулган талкуудан урунттуу жерлерин окурманга сунуштайбыз.

 

Марс Ибраев:

“Жакшы таалим – баа жеткис мурас”

 

— Ата балдарына баардык жагынан өрнөк болушу керек. Эгер ал калп айтса, сөзү менен иши дал келбесе, баласын кантип тарбиялайт? Атадан албаган тарбиясын бала сырттан издейт. Жакшы таалим – атанын балага калтырар эӊ чоӊ мурасы.

Таалим атанын басып өткөн дооруна эмес, баланын өсүп жаткан дооруна шайкеш келиши кажет. Мисалы, биз телефонсуз чоӊойгонбуз. Балдарыбыз болсо маалымат доорунда өсүп жетилүүдө.

Эӊ башкысы, ата балдарына жашоодогу максаттарды түшүндүрүп, туура багыт берүүгө тийиш. Бала чоӊойгон сайын өз алдынчалыгын чектебей, аны атасы атаандаш катары эмес, санаалашы катары карашы кажет.

Ата кадыр-барктуу, күчтүү болсо, үй-бүлө бекем, бакубат, коом байгер, келечектүү болот.

 

Жалалидин Жээнбай:

“Балдарды билим экономикасына даярдашыбыз керек”

 

— Баарыбыз балдарыбыздын бактылуу болушун каалайбыз. Бирок бакытты ким кандай түшүнөт? Мен жашаган Америкада коом кирешесине жараша катмарларга бөлүнөт.  Секулярдык көз караштан алганда, коомдо баланын жогорку катмарда болушун тилейбиз.

Экономика барган сайын билимге негизделип баратат. Адам баласынын башка жаныбарлардан айырмаланган касиети – таанып билүү жөндөмү менен туулат. Бул жагынан керектөөсү канааттандырылышы үчүн бала сөздөрдү көп колдонушу зарыл. Адистер жүргүзгөн экспериментте 3 жашка чейинки бала ата-энеси менен 13-45 млн сөз колдонулары аныкталган. Жогорку катмардагылар менен төмөнкүдө кала бергендердин айырмасы 30 млн сөз. Кеп ишмердиги мээдеги нейрондорду өнүктүрөт.

Дагы бир изилдөөдө бала өзүнүн чөйрөсүндөгү адамдын жүрүм-турумун көчүрмөлөй тургандыгы далилденген.

Үчүнчү бир изилдөөдө кичинекейинен кылмышка аралашкан балдардын 5 жашка чейин туура жолго салынбаган болсо, андан кийин оӊолушу кыйын болору аныкталган. 15 жаштан ары баланын мүнөзүнө, турмуштук багытына педагогикалык таасир этүү өтө кыйын, мүмкүн болбой калат.

Баланын баамчылдыгы (IQ – интеллектуалдык коэффициенти) сөз байлыгын арттыруу, жазууга үйрөнүү аркылуу өнүгөт.

Балдарды тарбиялоодо кээ бир  иштерди ата жакшыраак аткарат, мисалы, коопсуз маанайды түзө алат. Ата өз баласын тобокел кылууга, өз алдынча чечим кабыл алганга, чечкиндүү болууга үйрөтүү керек. Мисалы, темир менен иштеп жатса, апасы колуӊду кесип аласыӊ деп тосушу мүмкүн, ал эми атасы: “Мен жаныӊда айтып турам, коркпо!” – деп дем берет.

Баланын ар кайсы курагында өздөштүрүүгө тийиш болгон көндүмдөрүн өз убагында калыптандырылбаса, кийин кенемтесин толукташ кыйын болот.

 

Дүйшөн Шаматов:

“Ынтымактуу үй-бүлөдө бала эркин жетилет”

 

«Атанын өнөрү – балага мурас».

«Атанын кадырын билбеген баланын башы кор болот» (макалдар).

“Бир ата жүз мугалимге тете» (Жордж Херберттин айтканы).

Советтер Союзу кыйраган кезде гендерлик таалимге ыктап кетишти. Бул жакшы. Бирок аша чапкандар да болду. Мисалы, бир студент конкурска катышам деп кыргыздын эркектерин бүт эле Орозкулдай сүрөттөптүр.

Аталар таалимден четтеп калса, кесепети кандай болот? Көбүнчө эл аралык долбоорлордун саламаттык сактоо жана социалдык тейлөө программалары энелерге багытталып, аталар эске алынбай калат. Киреше табуу үчүн насыя аялдарга гана берилип турду. Бирок бул иш аялдардын жүгүн көбөйтүп, алардын жеке жыргалчылыгын жана балдарына кам көрүү мүмкүнчүлүгүн азайтты (МакГуайр жана Попкин, 1990).

Аялдар үй-бүлөнүн негизги багуучусу болгондо, конфликт жаралган учурлар бар. Австралияда жашаган илимпоз Лан Ан Хоан аялдар үй-бүлө багуучу болуп, эркектер үйдө бала багып калгандагы жагдайды иликтептир. Жумушсуздуктун айынан эркектердин сөзү өтүмдүү болбой калды. Кээ бир аталар арак ичип, баӊгизат колдонуп, аялын уруп-сабаганга чейин барышты.

Акыркы жылдарда эркектерге да көӊүл бурулуп, ата-энеге бирдей мамиле жасоо зарылдыгын түшүнгөндөр көбөйдү. Жашуунун баардык чөйрөлөрүнө бирдей катыштыруу.

Сиера Лион билим берүү министри Дэвид Монина Сенге баласын көтөрүп туруп онлайн иш-чарага катышканы уу-дуу жаратты. Бирок бара-бара бул көнүмүшкө айланат.

Эл аралык жана дүйнөлүк тажрыйбадан эркектердин таалим-тарбия ишине тартуу боюнча мисалдарды келтирейин.

MenCare “Мен кэа” (Эркектер да бала тарбиялоого кайдыгер эмес) демилгеси 2011-жылы башталган.

«Аталардын глобалдык демилгеси» 5 континенттин 50 өлкөсүндө иштейт (Promundo and Sonke Gender Justice уюму жетектейт). Миссиясы — эркектерди толук түрдө үй-бүлө иш-аракеттерине тартуу, зордук-зомбулукту азайтуу, жана үй-бүлө бакубаттуулугун, ден соолугун чыңдоо; эркектерге аялдарды колдоп-кубаттап, балдарды карап тарбия берүү жана үй жумуштарына катышуу мүмкүнчүлүгүн түзүү; бул үчүн ата катары эс алуу өргүүгө чыга алышы керек.

«Биологиялык атадан социалдык атага» долбоору эркектердин балдар үчүн экономикалык жоопкерчиликти алуусуна; үй-бүлөнү пландаштырууга, гендерлик теӊдикти камсыздоого ж.б. өбөлгө түзөт. Ошондой эле зомбулуктун зыяндарын түшүндүрүп, балага кол көтөрүүнү такыр токтотуучу мыйзамдарды демилгелөө, эркектердин тарбия иштерине катышуусун даңазалоо да каралган.

State of the World’s Fathers 2019 Report («Дүйнөдөгү аталар абалы 2019» отчёту)

Бул отчёт 7 өлкөдө (Аргентина, Бразилия, Канада, Япония, Нидерландия, Англия жана АКШ) жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгында түзүлгөн. Изилдөөгө катышкан аталардын 85 %ы өз перзенттерин тарбиялоого кандай болсо да катышууга даяр экенин, бирок энелерге караганда алда канча аз аралашканын айтышкан. Аялдар күйөөлөрүнүн декреттик өргүүгө чыгышын каалайт.  Эркектердин эч болбосо 2 жума эс алуусу алардын ден соолугуна жакшы болот дешкен.

Central Asian Fathers Are HeForShe («Борбордук Азиядагы аталар»)

Бул демилгеге кошулган аталар өз кыздары үчүн гендерлик теңдикти колдошот. 2015-жылы 11-октябрда Кыз балдарын эл аралык күнү белгиленди. Казакстандык Кубат деген ата: «Мен кызымдын өз укуктары урматталган, сакталган дүйнөдө жашоосун каалайм.  Мен анын келечекте каалаган кесипти, өмүрлүк жолдошун, жана жашай турган жерин өзү тандашын каалайм».

Кыргызстанда бул жаатта агартуу иштери кыйла жакшы жүрө баштаганы кубандырат. Окурмандарга кыргыз тилиндеги бул китептерди сунуштайм: “Бала тарбиялоодогу кыргыз керемети”, В. Сухомлинскийдин “Уулума ката”, А. Муратовдун “Аталар сөзү – акылдын көзү”китеби.

Элдик педагог Г. Мадаминовдун “Ата-энелер, сиздер үчүн” китебинен бул цитатаны келтирейин:

Атамдын бизге эң чоң тарбиясы, анын жеке эмгекчилдигинде, тынбай аракетинде эле.  Ал көбүнчө тынымсыз эмгектенгенден чор болгон колдорун көрсөтүп балдарым, мен силерди ак эмгегим менен чоңойттум, окуттум.  Силер да мээнеткеч болгула, адам болгула, ак эмгек менен нан таап жегиле деп айтат эле.  Атамдын ал сөздөрү бүгүнкү күндө да кулагымда жаңырып турат”.

Кандай тереӊ маанилүү сөздөр! Паракор ата балдарына эмне дей алат?

Кыялбек Акматов жана Талант Маматовдун «Эң мыкты ата!» китебинен да окуп көрөлү:

“Балдар бизнесмен, депутат, генерал, башчы, же сейрек кездешкен гений атага эмес, үй-бүлөнүн башчысы, үйдүн куту жана жөн гана катардагы атага муктаж.

Айрым аталар балдары менен тил табышуудан кыйналгандыктан жана аларга сөз уктура албагандыктан уламалар менен дос болгонго аракет кылышат.

Үйүңүздү, жубайыңызды жана балдарыңызды унутуп коё турган даражада иштерман ата болбоңуз.

Балаңыз сөз укпас, тартипсиз, тарбиясыз бала болуп чыга келсе, күнү-түнү иштеп тапкан миллиондогон акчаларыңыздын эмне пайдасы бар?

Атасы менен байланышы начар бала жашоодо өзүнүн ордун табуудан кыйналат”.

Эми атанын кызына таасири кандай экенине көӊүл буралы:

 

Айрыкча кыздар сырткы дүйнөнү атасынын көзү менен тааныганы оӊ. Кыз бала эркек балага караганда атага көбүрөөк муктаж. Кыз бала атасын тизесинде отуруп чачын сылаганда алган энергияны башка эч кимден ала албайт. Атасы чачын тарап, өрүп бергенде, жылуу колу менен башын сылаганда өзгөчө бактылуулукка бөлөнөт. Атага жакын болбогон кыздар өмүрлүк жар тандоодо көп каталарга жол беришет. Анткени кыздар атасына карап кандай адамга турмушка чыгууну же чыкпоону ойлонуп коюшат.

Гармониялуу үй-бүлөдө бала бактылуу болот, ар тараптан өнүгөт, ата-энесиндей бактылуу болууга аракет кылат. Өздөрү билим ала албай калган, бирок балдарынын окушуна кам көргөн, жакшы курстарга катыштырып, керектүү китептерди сатып берген ата-энелерге ыраазымын. Бирок эмне кереги бар дегендер да көп. Балага акча, мүлк эмес, билим, таалим калтырыш керектигин эстен чыгарбайлы.

 

УГАРМАНДАРДЫН СУРООЛОРУНА ЖООПТОР:

 

— Миграция балдардын тарбиясына олуттуу таасир этүүдө. Ушул шартта эмне кылуу керек?

Д.Ш.:

— Мигранттардын арасында кыйналгандар да, бийик максаттарга жетишип жаткандар да бар. Казанда бир жердешибиз соода палатасынын жетекчиси болуптур. Биз ким элек, ким болобуз деп Айтматов айткандай, улуттук салттарыбызды барктап, ошол эле учурда дүйнөдөн эӊ мыкты тажрыйбаларды алышыбыз керек.

М.И.

— Биринчи муундан билинбейт, экинчи муун тилин жакшы билбей, үчүнчү муун барган жериндеги элдин балдары болуп калууда. Миграттандын кайтып келиши үчүн жумуш орундарын камсыздап, же бул жакта калган балдарга таалим берүүнү атайын уюштуруу керек.

ОшТУ окутуучусу Бегимай:

— Атанын кадырын эне колдоп турушу керек. “Күн сайын бата бергиле” китебин окудум. Алыста жүргөн неберелерине чоӊ энеси же таенеси бата берсе, адегенде маани бербей, толук укпай койсо да, улам кийинкисинде кызыгып, өзү сурап калат экен. Тарбиядагы батанын ордун жакшы түшүнсөк. Гапыр агай дасторкон четинде таалим берет.

Г. Мадаминов:

— “Ыйык ата журт” уюмуна, Марска, Жалалидинге, Дүйшөнгө рахмат. 25 жылдан бери эксперимент жүргүзүп, илимий иш жазып келаткан адам катары оюмду ортого салайын. Бүгүн жакшы сөздөр айтылды. Баарын системалаштырып, ырааттуу иштеп, мамлекеттик деӊгээлде көӊүл буруу, мамлекеттик саясатка айлантуу керек. “Энелер мектеби” (ата-энелер мектеби)” автордук программасын түзүп, сынактан өткөрүп жатабыз. Мында ата тарбиясына арналган бөлүм бар. Болочок ата-энелер мектебин ачуу зарыл. 9-11-класстарда окутуп жатабыз. Мектеп, үй-бүлө, ФАП, аялдарга, балдарга кеп-кеӊеш берүү кызматтарын биргелешип иштеш  керек.

 

Жолдош ТурдубаевАТАНЫН БАЛАГА ТАБЕРИГИ

 

Жакында “Ыйык Ата Журт” коому «Үй-бүлөдөгү атанын орду» деген темада вебинар уюштурду. Ага Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгынын аалымдар кеңешинин мүчөсү, Кыргызстан Ислам университетинин проректору Марс Ибраев, Назарбаев университетинин профессору Дүйшөн Шаматов, Бириккен Араб Эмирлигинин биринчи президенти Зайд ибн Султан ал-Нахайяна атындагы университеттин профессору Жалалидин Жээнбай жана башка педагогдор катышты. 2 саатка созулган талкуудан урунттуу жерлерин окурманга сунуштайбыз.

АТАНЫН БАЛАГА ТАБЕРИГИ

 

Марс Ибраев:

“Жакшы таалим – баа жеткис мурас”

 

— Ата балдарына баардык жагынан өрнөк болушу керек. Эгер ал калп айтса, сөзү менен иши дал келбесе, баласын кантип тарбиялайт? Атадан албаган тарбиясын бала сырттан издейт. Жакшы таалим – атанын балага калтырар эӊ чоӊ мурасы.

Таалим атанын басып өткөн дооруна эмес, баланын өсүп жаткан дооруна шайкеш келиши кажет. Мисалы, биз телефонсуз чоӊойгонбуз. Балдарыбыз болсо маалымат доорунда өсүп жетилүүдө.

Эӊ башкысы, ата балдарына жашоодогу максаттарды түшүндүрүп, туура багыт берүүгө тийиш. Бала чоӊойгон сайын өз алдынчалыгын чектебей, аны атасы атаандаш катары эмес, санаалашы катары карашы кажет.

Ата кадыр-барктуу, күчтүү болсо, үй-бүлө бекем, бакубат, коом байгер, келечектүү болот.

АТАНЫН БАЛАГА ТАБЕРИГИ 

 

Жалалидин Жээнбай:

“Балдарды билим экономикасына даярдашыбыз керек”

 

— Баарыбыз балдарыбыздын бактылуу болушун каалайбыз. Бирок бакытты ким кандай түшүнөт? Мен жашаган Америкада коом кирешесине жараша катмарларга бөлүнөт.  Секулярдык көз караштан алганда, коомдо баланын жогорку катмарда болушун тилейбиз.

Экономика барган сайын билимге негизделип баратат. Адам баласынын башка жаныбарлардан айырмаланган касиети – таанып билүү жөндөмү менен туулат. Бул жагынан керектөөсү канааттандырылышы үчүн бала сөздөрдү көп колдонушу зарыл. Адистер жүргүзгөн экспериментте 3 жашка чейинки бала ата-энеси менен 13-45 млн сөз колдонулары аныкталган. Жогорку катмардагылар менен төмөнкүдө кала бергендердин айырмасы 30 млн сөз. Кеп ишмердиги мээдеги нейрондорду өнүктүрөт.

Дагы бир изилдөөдө бала өзүнүн чөйрөсүндөгү адамдын жүрүм-турумун көчүрмөлөй тургандыгы далилденген.

Үчүнчү бир изилдөөдө кичинекейинен кылмышка аралашкан балдардын 5 жашка чейин туура жолго салынбаган болсо, андан кийин оӊолушу кыйын болору аныкталган. 15 жаштан ары баланын мүнөзүнө, турмуштук багытына педагогикалык таасир этүү өтө кыйын, мүмкүн болбой калат.

Баланын баамчылдыгы (IQ – интеллектуалдык коэффициенти) сөз байлыгын арттыруу, жазууга үйрөнүү аркылуу өнүгөт.

Балдарды тарбиялоодо кээ бир  иштерди ата жакшыраак аткарат, мисалы, коопсуз маанайды түзө алат. Ата өз баласын тобокел кылууга, өз алдынча чечим кабыл алганга, чечкиндүү болууга үйрөтүү керек. Мисалы, темир менен иштеп жатса, апасы колуӊду кесип аласыӊ деп тосушу мүмкүн, ал эми атасы: “Мен жаныӊда айтып турам, коркпо!” – деп дем берет.

Баланын ар кайсы курагында өздөштүрүүгө тийиш болгон көндүмдөрүн өз убагында калыптандырылбаса, кийин кенемтесин толукташ кыйын болот.

АТАНЫН БАЛАГА ТАБЕРИГИ 

 

Дүйшөн Шаматов:

“Ынтымактуу үй-бүлөдө бала эркин жетилет”

 

Мен сөзүмдү ушул макалдар менен баштайын: “Ынтымактуу үй-бүлөдө бала эркин жетилет”; «Атанын өнөрү – балага мурас» жана «Атанын кадырын билбеген баланын башы кор болот».  Ал эми Жордж Херберт “Бир ата жүз мугалимге тете» деп айткан.

Баланын тарбиясы үчүн эне менен атанын ролу чоӊ.  Бирок мен бүгүн аталар таалимден четтеп калса, кесепети кандай болот деген теманын тегерегинде сөз козгойм.

СССР кыйрап калгандан кийин эл аралык долбоорлор көбүнчө энелерге багытталып, аталар эске алынбай калган учурлар болду.  Мисалы, ар кандай насыя долбоорлору аялдарга гана берилип турду.  Бул бир жагынан аялдарга жардам берген болсо, экинчи жагынан аялдардын түйшүгү менен жүгүн көбөйттү (МакГуайр жана Попкин, 1990). Кээ бир учурларда теӊдештик сакталбай, аялдар үй-бүлөнүн негизги багуучусу болуп калды.  Буга байланыштуу Австралияда жашаган илимпоз Лан Ан Хоан Чыгыш өлкөлөрүндөгү аялдар үй-бүлө багуучу болуп, эркектер үйдө бала  карап калгандагы жагдайды иликтептир. Жумушсуздуктун айынан эркектердин сөзү өтүмдүү болбой калды. Кээ бир аталар арак ичип, баӊгизат колдонуп, аялын уруп-сабаганга чейин барышты.

Бирок акыркы жылдарда эркектерге да көӊүл бурулуп, ата-энеге бирдей мамиле жасоо зарылдыгын түшүнгөндөр көбөйдү. Жашоонун баардык чөйрөлөрүнө бирдей катышып, аялдарына жакындан жардам берген эркектер көбөйдү.  Мисалы, Сиера Лион билим берүү министри Дэвид Монина Сенге баласын көтөрүп туруп онлайн иш-чарага катышканы уу-дуу жаратты. Бирок бара-бара бул көнүмүшкө айланат.

АТАНЫН БАЛАГА ТАБЕРИГИ

Фотонун шилтемеси: https://mobile.twitter.com/dsengeh/status/1255142239421882369

 

Эл аралык жана дүйнөлүк тажрыйбадан эркектердин таалим-тарбия ишине тартуу боюнча мисалдарды келтирейин.

MenCare “Мен кэа” (Эркектер да бала тарбиялоого кайдыгер эмес) демилгеси 2011-жылы башталган.  Бул «Аталардын глобалдык демилгеси» 5 континенттин 50 өлкөсүндө иштейт (Promundo and Sonke Gender Justice уюму жетектейт). Миссиясы – эркектерди толук түрдө үй-бүлө иш-аракеттерине тартуу, зордук-зомбулукту азайтуу, жана үй-бүлө бакубаттуулугун, ден соолугун чыңдоо; эркектерге аялдарды колдоп-кубаттап, балдарды карап тарбия берүү жана үй жумуштарына катышуу мүмкүнчүлүгүн түзүү; бул үчүн ата катары эс алууга чыга алышы керек.

Бул долбоор аталарды жон гана «биологиялык» атадан «социалдык» болуп балдар үчүн экономикалык жоопкерчиликти алуусуна; үй-бүлөнү пландаштырууга, гендерлик теӊдикти камсыздоого ж.б. өбөлгө түзөт. Ошондой эле зомбулуктун зыяндарын түшүндүрүп, балага кол көтөрүүнү такыр токтотуучу мыйзамдарды демилгелөө, эркектердин тарбия иштерине катышуусун даңазалоо да каралган.

State of the World’s Fathers 2019 Report («Дүйнөдөгү аталар абалы 2019» отчёту). Бул отчёт 7 өлкөдө (Аргентина, Бразилия, Канада, Япония, Нидерландия, Англия жана АКШ) жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгында түзүлгөн. Изилдөөгө катышкан аталардын 85 %ы өз перзенттерин тарбиялоого кандай болсо да катышууга даяр экенин, бирок энелерге караганда алда канча аз аралашканын айтышкан. Аялдар күйөөлөрүнүн декреттик өргүүгө чыгышын каалайт.  Эркектердин эч болбосо 2 жума эс алуусу алардын ден соолугуна жакшы болот дешкен.

Central Asian Fathers Are HeForShe («Борбордук Азиядагы аталар») долбоору болсо аталардын өз кыздары үчүн гендерлик теңдикти колдойт.  Ушул долбоорго катышкан Казакстандык Кубат деген атанын: “Мен кызымдын өз укуктары урматталган, сакталган дүйнөдө жашоосун каалайм.  Мен анын келечекте каалаган кесипти, өмүрлүк жолдошун, жана жашай турган жерин өзү тандашын каалайм”, — деп айтканы биздин да көптөгөн аталардын пикири менен дал келет.

Кыргызстанда бул жаатта агартуу иштери кыйла жакшы жүрө баштаганы кубандырат. Кыргыз тилинде да мыкты китептер бар, алардын кээ бирлерине токтолоюн: “Бала тарбиялоодогу кыргыз керемети”, В. Сухомлинскийдин “Уулума каты”, А. Муратовдун “Аталар сөзү – акылдын көзү”китеби.

Ал эми элдик педагог Г. Мадаминовдун “Ата-энелер, сиздер үчүн” китебинен бул цитатаны келтирейин:

“Атамдын бизге эң чоң тарбиясы, анын жеке эмгекчилдигинде, тынбай аракетинде эле.  Ал көбүнчө тынымсыз эмгектенгенден чор болгон колдорун көрсөтүп: «Балдарым, мен силерди ак эмгегим менен чоңойттум, окуттум.  Силер да мээнеткеч болгула, адам болгула, ак эмгек менен нан таап жегиле», — деп айтат эле.  Атамдын ал сөздөрү бүгүнкү күндө да кулагымда жаңырып турат”.  Кандай тереӊ маанилүү сөздөр! Ал эми паракор ата балдарына эмне дей алат?

Кыялбек Акматов жана Талант Маматовдун “Эң мыкты ата!” китебинен да окуп көрөлү:

“Балдар бизнесмен, депутат, генерал, башчы, же сейрек кездешкен гений атага эмес, үй-бүлөнүн башчысы, үйдүн куту жана жөн гана катардагы атага муктаж….  Үйүңүздү, жубайыңызды жана балдарыңызды унутуп койгудай даражада иштерман ата болбоңуз.  Балаңыз сөз укпас, тартипсиз, тарбиясыз бала болуп чыга келсе, күнү-түнү иштеп тапкан миллиондогон акчаларыңыздын эмне пайдасы бар?»

Эми атанын кызына таасири кандай экенине көӊүл буралы.

Кыялбек Акматов жана Талант Маматов мындай деп жазышат:

«Айрыкча кыздар сырткы дүйнөнү атасынын көзү менен тааныганы оӊ. Кыз бала эркек балага караганда атага көбүрөөк муктаж. Кыз бала атасын тизесинде отуруп чачын сылаганда алган энергияны башка эч кимден ала албайт. Атасы чачын тарап, өрүп бергенде, жылуу колу менен башын сылаганда өзгөчө бактылуулукка бөлөнөт. Атага жакын болбогон кыздар өмүрлүк жар тандоодо көп каталарга жол беришет. Анткени кыздар атасына карап, кандай адамга турмушка чыгууну же чыкпоону ойлонуп коюшат».

Демек, гармониялуу үй-бүлөдө бала бактылуу болот, ар тараптан өнүгөт, ата-энесиндей бактылуу болууга аракет кылат. Өздөрү билим ала албай калган, бирок балдарынын окушуна кам көргөн, жакшы курстарга катыштырып, керектүү китептерди сатып берген ата-энелерге ыраазымын. Бирок эмне кереги бар дегендер да көп. Балага акча, мүлк эмес, билим, таалим калтырыш керектигин эстен чыгарбайлы.

 

УГАРМАНДАРДЫН СУРООЛОРУНА ЖООПТОР:

 

— Миграция балдардын тарбиясына олуттуу таасир этүүдө. Ушул шартта эмне кылуу керек?

Д.Ш.:

— Мигранттардын арасында кыйналгандар да, бийик максаттарга жетишип жаткандар да бар. Казанда бир жердешибиз соода палатасынын жетекчиси болуптур. Биз ким элек, ким болобуз деп Айтматов айткандай, улуттук салттарыбызды барктап, ошол эле учурда дүйнөдөн эӊ мыкты тажрыйбаларды алышыбыз керек.

М.И.

— Биринчи муундан билинбейт, экинчи муун тилин жакшы билбей, үчүнчү муун барган жериндеги элдин балдары болуп калууда. Миграттандын кайтып келиши үчүн жумуш орундарын камсыздап, же бул жакта калган балдарга таалим берүүнү атайын уюштуруу керек.

ОшТУ окутуучусу Бегимай:

— Атанын кадырын эне колдоп турушу керек. “Күн сайын бата бергиле” китебин окудум. Алыста жүргөн неберелерине чоӊ энеси же таенеси бата берсе, адегенде маани бербей, толук укпай койсо да, улам кийинкисинде кызыгып, өзү сурап калат экен. Тарбиядагы батанын ордун жакшы түшүнсөк. Гапыр агай дасторкон четинде таалим берет.

Г. Мадаминов:

— “Ыйык ата журт” уюмуна, Марска, Жалалидинге, Дүйшөнгө рахмат. 25 жылдан бери эксперимент жүргүзүп, илимий иш жазып келаткан адам катары оюмду ортого салайын. Бүгүн жакшы сөздөр айтылды. Баарын системалаштырып, ырааттуу иштеп, мамлекеттик деӊгээлде көӊүл буруу, мамлекеттик саясатка айлантуу керек. “Энелер мектеби” (ата-энелер мектеби)” автордук программасын түзүп, сынактан өткөрүп жатабыз. Мында ата тарбиясына арналган бөлүм бар. Болочок ата-энелер мектебин ачуу зарыл. 9-11-класстарда окутуп жатабыз. Мектеп, үй-бүлө, ФАП, аялдарга, балдарга кеп-кеӊеш берүү кызматтарын биргелешип иштеш  керек.

Вебинардын шилтемеси: https://www.youtube.com/watch?v=UEPu7snwG5A&feature=share&fbclid=IwAR1_OfZWpcU9CQGO-mvjlzAJ9iHdVtqCtdDcn0DMYC03eMMjdLPJ4AiCvM4

Иллюстрациялык фотонун булагы: http://kyrgyzmedia.kg/2018/09/30/balany-tuura-tarbiyaloo-ata-ene-ch-n-mildet/

Даярдаган Жолдош Турдубаев

Поделиться

Комментарии