ЖЫЛДЫН МЫКТЫЛАРЫ АВТОУНАА МЕНЕН СЫЙЛАНДЫ

  • 27.09.2023
  • 0

Ош шаарынын мугалимдер жана тарбиячылар арасында жыл сайын өткөрүлүп келүүчү “Жылдын мыкты мугалими-2023” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы-2023” кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды.

Сынакта шаар мектептеринин, бала бакчалардын алты мугалими жана алты тарбиячысы “Жылдын мыктысы” деген наам үчүн ат салышып, презентациялар, окуу процессиндеги оор кырдаалдан чыгуу жолдору жана таланттар сынактары боюнча таймашты.

Сынактын жыйынтыгында Ош шаары боюнча «Жылдын мыкты мугалими-2023» номинациясы боюнча №37 Г.Айтиев мектебинин мугалими Элнура Алекова, ал эми «Жылдын мыкты тарбиячысы-2023» номинациясында №35 Асан-Үсөн балдар бакчасынын тарбиячысы Мээрим Тыныбекова жеңүүчү деп табылып, экөө баш байге – автоунаа менен сыйланды.

Калган катышуучулар да көңүлдөн сырт калбай, акчалай сыйлыктарга, ыраазычылык барактарга жана дипломдорго эгедер болду.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер