«Жылдын мыкты мугалими» наамына 118 талапкер күрөшөт

  • 17.09.2025
  • 0
Салт болуп калган «Жылдын мыкты мугалими» республикалык конкурсунун республикалык финалдык этабына 118 талапкер катышат. Конкурстун финалдык этабы 2025-жылдын 22-24-сентябрында Бишкек шаарында өтөт.
Кыргызстандын бардык облустарынан жана Бишкек, Ош шаарларынан келген алдыңкы мугалимдердин арасында 18 номинация боюнча атаандаштык жүрөт.
Конкурс билим берүү программаларын жаңылоо боюнча мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын педагогикaлык курамынын чыгармачылык ишин өнүктүрүүгө, билим берүү процессин уюштурууда жаңы технологияларды колдоого, педагогикалык кызматкерлердин кесиптик чеберчилигин жогорулатууга, коомдо билим берүүнүн артыкчылыктарын бекитүүгө багытталган. (БК)
Бөлүшүү

Комментарийлер