ЖРТ: МЕКТЕП БАЗАСЫНАН ДАЯРДООГО МҮМКҮНДҮК БАРБЫ? 

  • 12.12.2025
  • 0

Президенттин Талас Облусундагы Өкүлчүлүгү Бакай-Ата районундагы билим берүү мекемелеринин администрациясы менен жыйын уюштурду.

ЖРТ: МЕКТЕП БАЗАСЫНАН ДАЯРДООГО МҮМКҮНДҮК БАРБЫ? 

Жыйынга мектеп директорлору, окуу тарбия завучтары жана айыл өкмөттөрдүн катчылары катышты.

КР Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мира Сейдикеримова катышкан жыйында жалпы билим берүү мекемелердеги билим сапаты, кошумча окутуулар, олимпиадага даярдык, жалпы республикалык тестирлөө боюнча маселелер талкууланды.

Жыйындын жүрүшүндө окуучулар олимпиадага катышууга кызыгышпай, жалпы республикалык тестирлөөгө даярдыкка убакыт сарпташары айтылды.

Райондун акиминин биринчи орун басары Замирбек Надырбаев: “Окуучуларды олимпиадага жана Жалпы республикалык тестирлөөгө мектеп базасынан даярдоого мүмкүндүк барбы?” — деген суроо койду.

ЖРТ: МЕКТЕП БАЗАСЫНАН ДАЯРДООГО МҮМКҮНДҮК БАРБЫ? 

— Олимпиадага кызыгышпайт дебестен, окуучуларга мотивация, кызыктыра турган ыкмаларды чогуу иштеп чыгалы! Өкүл Эрмат Джумаевдин демилгеси менен олимпиада жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктар бөлүнө тургандыгын билесиздер. Ар бир райондон 25 баланы алдыга сууруп чыгуу үчүн “Секом” сыңары билим борбору менен иштешсеңиздер! — деди орун басар Мира Сейдикеримова.

“Секом” билим борборунун Таластагы жетекчиси Жанарбек Исхаков борбор тууралуу айтып өттү. Материалдык оор  кырдаалдагы үй-бүлөдөн, бирок окууга  идиреги бар окуучуларды айыл өкмөттүн бюджетинен “Секомго” окутуу планы айтылды. Ата-энелер ар кандай борборлорго балдарын окутушуп, жыйынтыгы жакшы болбой калуу тобокелдиги, мектептерде дагы устат мугалимдер бардыгы айтылды.

ЖРТ: МЕКТЕП БАЗАСЫНАН ДАЯРДООГО МҮМКҮНДҮК БАРБЫ? 

Талас облустук усулдук борбордун жетекчиси Салтанат Бейшенова: “Предметтик мугалимдер өздөрүнүн кесиптик чеберчиликтерин өнүктүрүш керек!” — деген ойдо.

Былтыркы окуу жылында Бакай-Ата районундагы билим берүү мекемелери жалпы республикалык тестирлөөдөн босого баллга жетишип, бирок байгелүү орундарга ээ болушкан эмес.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер