ЖОЖДОР АРАЛЫК СПОРТТУК БЕТТЕШТЕ КМУНУН ОКУТУУЧУЛАРЫ АЛДЫДА

  • 25.02.2020
  • 0

Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына жана Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата И. Арабаев атындагы КМУда жана Ж. Баласагын атындагы КУУда Бишкектеги ЖОЖдордун окутуучулары арасында спорттук таймаш өткөрүлдү.

ЖОЖДОР АРАЛЫК СПОРТТУК БЕТТЕШТЕ КМУНУН ОКУТУУЧУЛАРЫ  АЛДЫДА

Анда 40 жашка чейинки жана 40 жаштан жогорку окутуучулар күч сынашышты. 40 жашка чейинкилер арасында волейбол боюнча мелдеш Ж. Баласагын атындагы КУУда өтүп, биринчи орунду И.Арабаев атындагы КМУнун агайлары жеңип алышса, 40 жаштан жогоркулар арасында өткөн мелдеште И. Арабаев атындагы КМУнун окутуучулары экинчи орунду ээлешти.

ЖОЖДОР АРАЛЫК СПОРТТУК БЕТТЕШТЕ КМУНУН ОКУТУУЧУЛАРЫ  АЛДЫДА

Ал эми шахматтан болсо, Мурзаев Тагай жана Умурзаков Мурат агайыбыз башка ЖОЖдордун шахматчы оюнчуларын ат чабым артта калтырып, экинчи орунду камсыздашты.

Эжейлер арасында өткөн тогуз коргоол боюнча мелдеште Мамытова Айзат, Абдраимова Бактыгул, Мамбеталиева Суусар, Ибрагимова Назгул эжелер ойношуп, алар да экинчи орунга ээ болушту.
Ошентип бул жолку спорттук мелдеште университетибизде эмгектенген агай- эжелерибиз намсыты колдон чыгарышкан жок.

Уюштурулган спорттук иш- чаранын негизги максаты жогорку окуу жайлар арасындагы достук мамилелерди чыңдоо жана окутуучуларды сергек жашоого үндөө болуп саналат.

Бөлүшүү

Комментарийлер