ЖОЖ: кабыл алуунун 1-турундагы лидер окуу жай

  • 24.07.2024
  • 0

Абитуриенттерди кабыл алуу боюнча лидер окуу жай болуп, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети табылды. Ага 1-турда жалпы 2462 абитуриент кабыл алынды. Андан кийин кайсы окуу жайлар?

 

ЖОЖ: кабыл алуунун 1-турундагы лидер окуу жай

 

 

 

Окуу жайдын кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Мирбек Айтымбетовдун айтымында, контракттык негиздеги окууга 3334 абитуриент системага катталып, анын ичинен 2316 сы документтерин тастыктаса,  бюджеттик окууга 343абитуриенттин 231и документин тастыктады. Лингвистика, юридика, IT технологиялар багытындагы адистиктерге суроо-талап жогору болду. Буга чейин студенттер IT багытында жалаң гана контракттык негизде билим алса, быйыл 460дан ашуун бюджеттик орун берилди. Учурда анын 35% толду.

ЖОЖ: кабыл алуунун 1-турундагы лидер окуу жай

Айгерим Токтобаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер