ЖОЖ: I ТУРДА 14 МИҢДЕН АШУУН АБИТУРИЕНТ КАБЫЛ АЛЫНДЫ

  • 22.07.2024
  • 0

Бүгүн, 22-июлда жогорку окуу жайларына абитуриенттерди тандоонун 2-туруна арыздарды кабыл алуу башталды.  15-июлдан 17-июлга чейин жүргүзүлгөн кабыл алуунун 1-турунда жалпысынан 30 миң 246 талон катталып, анын ичинен бюджеттик негизде окууга 11 миң 334, контрактык негизде окууга 18 миң 912 талон түшкөн.

ЖОЖ: I ТУРДА 14 МИҢДЕН АШУУН АБИТУРИЕНТ КАБЫЛ АЛЫНДЫ

I турдун жыйынтыгы менен 14 миң 271 абитурент кабыл алынды.

 Биринчи турда эң көп абитуриент кабыл алган ЖОЖдордун тизмеги:

 

— Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети – 2462;

— Ош мамлекеттик университети – 2019;

—  И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети – 1799;

— Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети – 1116;

—  И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети – 945;

—  К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети – 920;

— И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы – 614;

—  “Ала-Тоо” Эл аралык университети – 582;

—  К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети – 388;

—  М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети – 280;

 

Эскерте кетсек, 2024-2025-окуу жылына карата жогорку окуу жайларына тандоо “Абитуриент онлайн” https://2020.edu.gov.kg/vuz автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу V тур менен жүргүзүлөт. Кабыл алуу графиктери менен таанышуу үчүн – https://edu.gov.kg/posts/3197/

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер