ЖООПКЕРЧИЛИК – ЭҢ ЖАКШЫ САПАТ

  • 10.02.2020
  • 0
К.И.Скрябин атындагы КУАУнун алдындагы Техника-экономикалык колледжинде студенттерге татыктуу билим берип нравалык жактан ыймандуулукка, ынтымакка, жарандыкка чакыруу максатында ар жума сайын тарбиялык сааттарды өткөрүп туруу пландалган. Тарбиялык сааттардын темалары ар түрдүү. Ар бир тайпа куратору өзүнө бекитилген темалар боюнча куратордук сааттарды өтүшөт. Кураторлук сааттар (беш баллдык ченем менен) төмөндөгү критерийлер менен бааланат: окутуучу жана студенттердин сырт келбети; тайпанын катышышы;  методикалык колдонмолору; теманы ачып берүүсү, максаты; куратор менен студенттин байланышы.

ЖООПКЕРЧИЛИК – ЭҢ ЖАКШЫ САПАТ

Жыл аягында тарбиялык саатты жогорку деңгээлде, берилген теманы жогорудагы критерийлер менен  ачып берген  кураторлорго орундар берилип, аларды сыйлоо жагы каралган.

ЖООПКЕРЧИЛИК – ЭҢ ЖАКШЫ САПАТ

ЖООПКЕРЧИЛИК – ЭҢ ЖАКШЫ САПАТ

2020-жылдын 5-февралында Роза Молдобаева ОБД-19 тайпасынын куратору “Жоопкерчилик —  адамдагы эң жакшы сапат” аталышта кураторлук ачык сабак өттү. Сабакта видеослайддар көрсөтүлүп, студенттер жоопкерчилик менен кайдыгерлик айкалышкан темада сценка аткарышты. Сырттан Усупов У. Ислам университетинин ага окутуучусу чакырылып, студенттерге жоопкерчилик тууралуу маек куруп берди.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер