ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРГА КАБЫЛ АЛУУ 17-ИЮЛДА БАШТАЛАТ
- 03.07.2023
- 0
Билим берүү жана илим министрлиги 2023-204-окуу жылына Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларга абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу 17-июлда баштала тургандыгын билдирет.
Сынакка катышуу үчүн абитуриенттер өтүнмөлөрдү жана документтерди “Абитуриент онлайн” электрондук автоматташтырылган маалыматтык системасы https://2020.edu.gov.kg/vuz аркылуу тапшырат.
Жогорку окуу жайларга кабыл алуу төрт этапта жүргүзүлөт.
ЖРТ электрондук талону менен өтүнмө берүү :
I тур – 17-июль саат 8:00дөн 19-июль саат 14:00гө чейин;
II тур – 24-июль саат 8:00дөн 26-июль саат 14:00гө чейин;
III тур – 31-июль саат 8:00дөн 2-август саат 14:00гө чейин;
IV тур – 7-август саат 8:00дөн 9-август саат 14:00гө чейин.
Бөлүшүү
Комментарийлер