Жогорку окуу жайга кабыл алуу эрежелери

  • 17.07.2024
  • 0

Жогорку окуу жайга кабыл алуу өнөктүгү быйыл 15-июлда башталды. Абитуриенттер документтерин “Абитуриент онлайн” электрондук автоматташтырылган маалыматтык  системасы https://2020.edu.gov.kg/vuz  аркылуу аралыктан тапшыра алат.

Бул системада бардык ЖОЖдордун тизмеси, окуу формасы, төлөм акысы жайгаштырылган. Система жөнөкөй иштелип чыккан. ЖОЖ тандоо, катталуу маалыматы видеоролик аркылуу көрсөтүлгөн. Талап кылынуучу документтердин тизмеси камтылган. Мисалы, сайтка кирип сертификатта көрсөтүлгөн номери жана ЖРТга катталган өздүк номери жазылат. Эгерде бардыгы туура болсо, жеке кабинетке кирүү үчүн уюлдук телефонго сыр сөз келет. Аны менен жеке кабинетке кирип, документтердин тизмесин толтуруп, катталат. Ким, кайсыл убакта катталганы система аркылуу баарына ачык-айкын көрүнүп турат.

Эгерде абитуриент кандайдыр бир себептер менен онлайн катталуу жүргүзө албаса, тандаган жогорку окуу жайынын кабыл алуу өнөктүгүнө кайрылып, жардам алса болот.

Кабыл алуу өнөктүгү беш этап менен өтөт

Жогорку окуу жайларга абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу 15-июлда башталып, 5 тур менен өтөт. Учурда биринчи туру жүрүп жатат. Мында документтер 17-июль саат 14.00гө чейин гана кабыл алынат. Окууга өткөн абитуриенттердин тизмеси 18-июль саат 10:00гө чейин жарыяланып, өткөндөр ЖОЖго тапшыруу каалоосун 20-июль саат 16:00гө чейин тастыкташы керек.

Абитуриенттер бул https://2020.edu.gov.kg/vuz сайтка катталуусу зарыл.

I тур – 15-июль 17-июль саат 14:00гө чейин;

II тур – 22-июль 24-июль саат 14:00гө чейин;

III тур – 29-июль 31-июль саат 14:00гө чейин;

IV тур – 5-август 7-август саат 14:00гө чейин;

V тур – 12-август 14-август саат 14:00гө чейин.

Бардык этаптар боюнча абитуриенттерди каттоо саат 14:00 чейин жүргүзүлөт. 14:00дөн кийин каттоо токтотулуп, системага окууга кабыл алгандардын тизмеси жарыяланат. Абитуриент сөзсүз түрдө окуу жайда окуу каалоосун тастыктоосу керек. Эгерде тастыктаса, окууга кабыл алынып, кийинки турларга катышуу укугунан ажырайт. Эгерде тастыктабаса, анда ал ваканттык орун катары табылып, кийинки катышуучуга берилет.  Ар бир турда абитуриент конракттык негизде окууга бир, бюджетке бирден талон сала алат.

Гранттык орундар

Быйыл мамлекет тарабынан 10 миң гранттык орун бөлүндү. Гранттык орундар ведомствого караштуу ЖОЖдорго бөлүнөт. Мисалы, Билим берүү жана илим министрлиги – 7917, Саламаттык сактоо министрлиги – 405, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги – 206, Ички иштер министрлиги – 130, Коргоо министрлиги – 125, Тышкы иштер министрлиги – 20 деп бөлүнгөн. Мындан сырткары, компьютердик технологиялар боюнча адистерди даярдоого 3 900 орун бөлүнгөн.

Ошондой эле максаттуу кабыл алуу үчүн 473 орун каралган, анын ичинен 311 орун аймактардан кабыл алуу үчүн бөлүнсө, 162 орун чек ара аймактарына каралып, төмөнкү багыттар боюнча берилет: педагогика – 323; медицина — 112; тоо-кен өнөр жайы — 16; айыл чарбасы — 22.

Бул орундарга ушул окуу жылында ЖРТга катышып, аныкталган босоголук баллга барабар же жогору баллды алган абитуриенттер катыша алат. Ошону менен бирге жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жетекчиси кол койгон окууга жолдомосу бар абитуриенттерге жол берилет. Ал эми окутуунун наркы иш берүүчү менен студенттин ортосунда түзүлгөн келишим менен аныкталат.

Босого балл канча?

Жогорку окуу жайларга гранттык негизде жана келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына негизги тесттин босого баллы жылдагыдай эле 110, предметтик тесттердин босого баллы 60 бойдон калтырылды. Ал эми педагогикалык билим берүү жана “Укук коргоо иши” боюнча даярдоо багыттары үчүн гранттык орунга тапшырам дегендерге негизги тесттин босого баллы — 120, предметтик тест — 60 болуп бекиди.

Келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына негизги тест – 115, предметтик тест – 60 балл боюнча сакталды. Мындан сырткары, саламаттык сактоо багыттары үчүн гранттык квотага негизги тест — 120 балл, келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына негизги тест боюнча – 110 балл, ал эми предметтик тест 60 балл, айыл чарба илимдери боюнча окутуунун бардык формаларына негизги тест боюнча – 100 балл, предметтик тест 60 балл болуп бекитилди.

I жана II топтогу майып, бала кезинен майып, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, тоголок жетим жана ата-эненин көзөмөлүсүз калган балдар медициналык жана фармацевтикалык адистиктерден тышкаркы бардык багыттарга гранттык орундарга негизги тест – 105 балл, келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына негизги тест боюнча – 100 балл болуп төмөндөтүлдү.

Ошондой эле Ички иштер министрлигинин Э. А. Алиев атындагы академиясына сырттан окуу формасына, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн генерал-лейтенант К. Усенбеков атындагы Аскер институтуна бардык даярдоо багыттарына тапшырып жаткан абитуриенттер үчүн босого балл 100 балл болуп бекиди.

Ал эми республика боюнча эң жогорку балл топтогон 58 окуучу каалаган жогорку окуу жайга сынаксыз кабыл алынат.

Эгерде кайсы ЖОЖдо кандай адистиктер окутуларын, контракттык бөлүмдө окуу канча турат, кабыл алуу үчүн кандай документтер керек жана башка маанилүү маалыматтар тууралуу билгиңиз келсе, бул материалды караңыз, ЖОЖдордун толук тизмеси берилген. Бул жерден сиз кызыктырган университеттин атын басып, шилтеме аркылуу кирип, толук маалыматка ээ болосуз. Ал эми башталгыч кесиптик окуу жайлардын тизмеси бул жерде.

 

Эльвира Какиева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер