Тогуз мектептин курулушун камсыздоого багытталган мыйзам долбоор

  • 17.10.2024
  • 0

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында “2024-жылдын 23-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору  кабыл алынды.

Тогуз мектептин курулушун камсыздоого багытталган мыйзам долбоор
Мыйзам долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Доктуркүл Кендирбаева маалымат берди.

Ал маалымдагандай, бул макулдашууда грант берүү тартиби каралган, анын алкагында ЕАӨБ Кыргыз Республикасында 9 жалпы билим берүү уюмунун курулушун, аларды материалдык-техникалык жактан жабдууну жана Кыргыз Республикасына өткөрүп берүүнү камсыз кылат. Кыргыз Республикасы өз кезегинде долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн Өкмөттөр аралык макулдашууда каралган милдеттенмелердин аткарылышын камсыздайт. Мектептердин курулушу жана материалдык-техникалык жактан жабдылышы аяктагандан кийин ЕАӨБ аларды Кыргыз Республикасына акысыз жана кайтарымсыз (гранттык) негизде өткөрүп берет.

Тогуз мектептин курулушун камсыздоого багытталган мыйзам долбоор
Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө “2024-жылдын 26-июнунда Астана шаарында кол коюлган 2009-жылдын 9-июнундагы Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоору үч окууда каралып, кабыл алынды.

Бөлүшүү

Комментарийлер