ЖЕТИ МЕКТЕП УЛУТТУК УНИВЕРСИТЕТТИН КАМКОРДУГУНДА     

  • 04.07.2024
  • 0

ЖЕТИ МЕКТЕП УЛУТТУК УНИВЕРСИТЕТТИН КАМКОРДУГУНДА     

Кыргыз улуттук университетинин жетекчилиги жана адистери  20-21-июнда  Чолпон-Ата шаарындагы И.Абдуразаков атындагы лицей-мектебинде болуп, мугалимдер, директорлор үчүн квалификацияны жогорулатуу курстарын өткөрүп, бир катар мектептер менен кызматташуу келишимине кол койду. 

Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен республикадагы жети мектеп Кыргыз улуттук университетине бөлүнүп берилген. Окуу жай апрель айынан бери өзүнүн камкордугуна алган мектептерди кыдырып, материалдык-техникалык базасын чыңдоо, окуу иштерин жакшыртуу боюнча жардамын берип келүүдө. Жакында эле Кочкор районунун Ак-Жар айылындагы Б.Иманалиев атындагы мектеби менен Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Красная речка мектебинде болуп, бир катар жардамдарды берип, кызматташуу келишимдерин түзүшкөн. Бул сапар да И.Абдуразаков атындагы лицей-мектебинин 85 мугалими үчүн “Педагогдун толеранттуу чөйрөсүн маданий көп түрдүүлүктө уюштуруу” деген темада квалификацияны жогорулатуу курсун өткөрдү.

Андан сырткары университеттин ректору өзү лицейдин мугалимдерине жана Чолпон-Ата шаары менен Ысык-Көл районунун мектептеринин 30 директоруна “Билим берүү уюмдарын башкаруу: билим берүүнүн сапатын жогорулатуунун жолдору” деген темада семинар-тренинг өткөрдү.

Анда ал ата мекендик билим берүүнү модернизациялоо шарттарында заманбап мектептердин ролу жана университеттин мектептер менен кызматташуусунун негизги максаты тууралуу айтып берди.

  • Азыркы тапта республикада билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн жүргүзүлүп жаткан стратегиялык жаңыланууларды ишке ашырууга мектептер менен жакындан кызматташып, көмөктөшүүгө  биздин университет дайым даяр экендигин баса белгилегибиз келет. Сиздерге кандай жардам керек болсо эч тартынбай айтыңыздар. Өзгөчө мугалимдердин, жетекчилердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу багытында мындан ары да кызматташтыкты бекемдей бермекчибиз, — деди Т.Абдырахманов өз сөзүндө.

ЖЕТИ МЕКТЕП УЛУТТУК УНИВЕРСИТЕТТИН КАМКОРДУГУНДА     

Иш-чаранын аягында КУУ менен Ысык-Көл районунун билим берүү бөлүмүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумуна, Чолпон-Ата шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясы, И. Абдуразаков атындагы лицей-мектеби жана КУУ ортосундагы үч тараптуу макулдашууга, Ысык-Көл районунун 30 орто мектеби менен кызматташуу жөнүндөгү келишимге кол коюлду.

Университеттин адистери тарабынан билим берүүдө өздүк потенциалды өнүктүрүү боюнча эл аралык долбоорду ишке ашыруунун алкагында жана мектептерде инсандык-өнүктүрүүчү билим берүү чөйрөсүн түзүү, окуучулар арасында сергек жашоо образынын маданиятын калыптандыруу, ВИЧти алдын алуу үчүн райондун 30 мектебинин директоруна “Билим берүүдө инсандык потенциалды өнүктүрүү” боюнча (“Келечекке салым” ЮНЕСКО менен КУУ) эл аралык долбоордун негизги багыттарынын жана И.Абдуразаков атындагы лицей менен долбоордун жетекчиси А.Джангабылов тарабынан “Келечектеги мектеп” темасында лицей-мектептин конкурстук долбоорунун таанытымы өткөрүлдү.

ЖЕТИ МЕКТЕП УЛУТТУК УНИВЕРСИТЕТТИН КАМКОРДУГУНДА     

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча ректор Т.Абдырахманов КУУнун Кадрларды кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун алдына райондун мектептеринин мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуунун туруктуу иштөөчү системасын түзүү боюнча милдетти койду.

Бул иш-чарага чейин КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов бул мектепке алдын ала барып, материалдык-техникалык базасынын жана окуу-методикалык ишинин абалы менен таанышып, Чолпон-Ата шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Курманбаева Гулира, Ысык-Көл райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Мамбетова Нургүл менен жолугуп келген. Анда окуу процессинде санариптик ресурстарды натыйжалуу колдонуу үчүн мугалимдердин потенциалын бекемдөө, окуучуларды мектеп олимпиадаларына, ЖРТга даярдоодо жана предметтердин санариптик тиркемелерин иштеп чыгууда методикалык жардам көрсөтүүсү боюнча маселелер талкууланган. И.Абдуразаков атындагы лицей-мектебинин директору Джангабылов Арслан менен лицейде билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, предметтик жана циклдык комиссиялардын ишинин сапатын жакшыртуунун жолдору, университеттин адистерди даярдоонун профилдери боюнча биргелешкен илимий изилдөө иштерин жүргүзүү, илимий изилдөө стартаптарын түзүү, предметтер боюнча мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу  боюнча маселелерди карап чыккан.

ЖЕТИ МЕКТЕП УЛУТТУК УНИВЕРСИТЕТТИН КАМКОРДУГУНДА     

КУУ карамагына алган мектептер төмөнкүлөр:

  1. Кочкор районунун Ак-Жар айылындагы Б.Иманалиев атындагы орто мектеби;
  2. Кара-Көл шаарындагы №1 мектеп-гимназиясы;
  3. Чолпон-Ата шаарындагы И.Абдуразаков атындагы мектеп-лицейи;
  4. Ысык-Ата районунун Красная речка орто мектеби;
  5. Бишкек шаарындагы №8 орто мектеби;
  6. Бишкек шаарындагы №69 окуу-тарбия комплек-гимназиясы;
  7. Ош облусунун Кара-Суу районундагы №139 орто мектеби.
Бөлүшүү

Комментарийлер