ЖЕНЕВАДА “МАНАС” ЖАҢЫРДЫ!

  • 12.07.2024
  • 0

“Манас” эпосунун жана Чыңгыз Айтматовдун” аты дүйнөгө дагы бир ирет жар салынды. Ушул күндөрү Швейцариянын Женева шаарында “Манас” жана Чыңгыз Айтматов” көргөзмөсү өтүп жатат. Бул иш-чара Кара-кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата, Кыргызпатенттин демилгеси менен уюштурулууда. 

Көргөзмөгө залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовго жана улуу “Манас” эпосуна байланыштуу кыргыз, орус, англис жана түрк тилдеринде чыгарылган китептер, сүрөттөр, буклеттер коюлду. 

Андан тышкары, Кыргызстанда өндүрүлгөн, географиялык көрсөткүч макамына ээ азык-түлүктөр, кыргыздын руханий мурасы катары эсептелген элдик кийимдер, аспаптар да көргөзмөнүн текчесинен орун алды.

Иш-чаранын расмий ачылышына катышкан Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына жана “Манас” эпосунун өзгөчөлүгүнө токтолуп, келген өкүлдөрдү көргөзмөгө чакрды. 

Женева шаарында кыргыз күүлөрү жана ырлары жаңырды. Кыргызстандан барган делегациянын курамында маданият өкүлдөрү, К. Орозов атындагы элдик аспаптар оркестринин артисттери да бар. Алар мукамдуу музыка тартуулашты. Белгилей кетсек, эл аралык ири иш-чарага Кыргызстандан 16 адамдан турган делегация учуп кеткен. Алардын арасында ишкерлер, өндүрүшчүлөр, жана Кыргызпатенттин өкүлдөрү да бар. 

 Көргөзмөгө Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмуна мүчө болгон 193 мамлекеттин өкүлдөрү күбө болууда. Алар кыргыз ыр-күүлөрүнө, улуттук кийим жана тамак-аштарына суктанууларын жашырбады. Мындай иш-чара – Кыргызстандын туризм тармагын өнүктүрүп, өлкөдө өндүрүлгөн товарларды дүйнөлүк деңгээлге алып чыгып, кыргыз маданиятын даңазалоого шарт түзөт,-дешет уюштуруучулар. 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер