ЖЕЛБИРЕЙ БЕР, ЭРКИНДИКТИН ЖЕЛЕГИ
- 01.03.2023
- 0
Мыскал Айтназарова,
Аксы районунун, №10 Ж.Мамытбеков атындагы мектебинин
кыргыз тили жана адабияты мугалими
Тарбиялык саат: 9-класстар үчүн
Сабактын темасы: Желбирей бер, эркиндиктин желеги
Сабактын максаты:
Билим берүүчүлүк максаты: Кыргызстандын туусу жөнүндө маалымат алышат.
Өнүктүрүүчүлүк максаты: Ойлоо көндүмдөрүн өнүктүрүшөт, мекенинин келечеги жөнүндө өз ой пикирин билдиришет.
Тарбия берүүчүлүк максаты: Ата Мекенди сүйүп, көздүн карегиндей сактап, коргоо керек экенин билишет. Мектенибиздин өнүгүшүнө өз салымдарын кошууга тарбияланышат.
Сабактын жабдылышы: Кыргыз Республикасынын символикалары, ватман, маркер, слайд, баалоо баракчалары.
Сабактын тиби: Билимдерин жалпылоо жана системалаштыруу.
Уюштуруу: Сабакты Кыргыз Республикасынын гимни менен баштоо.
Окуучуларды пазл ыкмасын пайдаланып үч топко бөлүп алуу.
1-топ: Тынчтык тобу
2- топ: Биримдик тобу
3- топ: Ынтымак тобу
Үй тапшырманы бышыктоо: Окуучулар Эне тил жөнүндө жаттап келген ыр саптарын айтып беришет.
Мугалимдин сөзү:
-Дүйнөдө көптөгөн ар түрдүү улуттар бар. Ар бир өкөнүн өзүнө тиешелүү өзгөчө белгилери болот. Алар мамлекеттик символикасында чагылдырылган. Булар: туу, герб жана гимн. Мамлекеттик символика атайын мыйзам менен бекитилет. Ар бир коом өзүнүн өзгөчөлөнгөн белгилери менен сыймыктанып, аны аздектешип жана коргошу керек.
Биздин мекенибиз – Кыргызстан. Кыргызстан өз алдынча мамлекет болуп жарыялангандан кийин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 1992-жылы 3-мартта мамлекеттүүлүктүн башкы белгиси болуп, кызыл түстөгү туу кабыл алынган. Эгемен Кыргызстандын алгачкы туусу 1992-жылы 5-мартта өкмөт үйүнүн имаратынын үстүнө көтөрүлгөн. Маанилүү мамлекеттик символдун авторлору: Сабыр Иптаров, Бекболсун Жайчыбеков, Жусуп Матаев, Маматбек Сыдыков, Эдил Айдарбеков.
Биздин мамлекеттик туу кызыл түстөгү кездемеден жасалган. Ортосунда күн алтын түстөгү тегиз тийген 40 нуру менен чагылдырылган. Күндүн алкагында кызыл түс менен кыргыз боз үйүнүн түндүгү тартылган. Туунун кызыл түсү-эрдиктин жана кайраттуулуктун символу. Алтын түстөгү нурлуу күн бейкуттук менен байлыктын белгиси. Түндүк ата конуштун символу. Кеңири мааниде тынчтыктын белгиси. Тегерек алкакка бириккен 40 нур байыркы кырк уруу элдин Кыргызстан мамлекетине бириккендигин түшүндүрөт.
( Слайд көрсөтүлөт)
Тууну илүү:
Кыргыз Республикасынын туусун тескери (түндүгүн тескери каратып) илүүгө жол берилбейт. Өлкөнүн кээ бир аймактарында тууну тескери илип койгон фактылар болуп, бул үчүн көптөгөн адамдар өз жазасын алышкан. Желекти туура илүү үчүн түндүгүн өйдө каратып илүү зарыл.
- Силер буга чейин Кыргыз Республикасынын туусун көп жерлерде көрүп жүрөсүңөр. Мамлекеттик желек бардык мамлекеттик мекеме, уюмдарда, ар бир айыл өкүмөтүндө, райондук, шаардык, областтык, мамлекеттик администрацияларда, министрлер менен ведомстволордо, Парламенттин жана Өкмөт үйүнун имараттарында көтөрүлүп турат.
Кызыктуу маалыматтар:
Башкы мамлекеттик желек Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтында орун алган. Флагштоктун бийиктиги 45 метр. Желекти Улуттук Гвардиянын ардактуу күзөтчүлөрү кайтарат. Мурда ал жерде 18 метрлик флагшток болчу, 2009- жылы 45 метрликке алмаштырылган.
Кыргызстандын желеги өлкөдөгү автоунаалардын номерлерине, окуу китептеринин башкы беттерине, мамлекеттик документтерде да жайгаштырылган.
Ал эми аза күтүү күндөрүндө мамлекеттик мекеме уюмдарда көтөрүлүп турган туулар ылдый түшүрүлөт. Бул — аза күтүүнүн белгиси катары сыпатталат.
Туулар ата-бабалардан кийинки муундарга мурас катары өткөрүлүп, ага болгон ишеним башкача болгон. Мамлекеттин, анын башчысынын өзгөчө белгиси катары каралган туулар мыктылардын мыктысы, баатыр жигиттер тарабынан кайтарууда болгон.
Тарыхка кайрыла турган болсок, Кыргыздарда туу жөнүндө түшүнүк байыртан эле белгилүү болгон. Туу бийик жерге илинип аскерлерди чогултуу белгисин билдирген.
Топторго тапшырма берүү:
Тынчтык тобу: Кыргыз Республикасынын туусунун сүрөтүн тартып, чечмелеп беришет.
Туунун сүрөтү көрсөтүлөт.
Чечмелөө: Туунун кызыл түсү — акыйкаттыкты, нарк дөөлөттү жана каармандыкты; нурга бөлөнгөн алтын күн- бейкуттукту жана байлыкты билдирет. Ал эми түндүк — ата конуштун, укум-тукум улоонун, Кыргызстан бардык элдерине, кеңири мааниде айтканда бүткүл дүйнөгө, ай-ааламга карата мээрмандыктын белгиси.
Биримдик тобу: Туу жөнүндө обондуу ыр ырдап берүү;
Кызыл желек
Алоолоп желбиреген кызыл желек,
Атабыз эр Манастан келген белек.
Эл ичин бузгандарга каар төгүп,
Эмгекти түйгөндөргө тынчтык берем.
Жаркылдап келечекке байрак болуп,
Жеңиштен жеңиштерге алып келем.
Алоолоп желбиреген кызыл желек,
Атабыз эр Манастан келген белек.
Асмандан тийип турган жарык күндөй,
Ааламга акыйкаттын нурун себем.
Ар дайым адилеттин себесиндей,
Алсызга кубат берем шаңга бөлөп.
Ынтымак тобу: желек деген сөзгө синквейн түзүү
Синквейн
Зат атооч: желек
Сын атооч: кызыл, нурлуу
Этиш: шыктандырат, эрктендирет, сыймыктантат.
Фраза: Желбирей бер, эркиндиктин желеги
Синоним: байрак.
Бышыктоо: Бугунку сабакта кандай жаңы маалыматтарды алдыңар?
Бул теманын баалуулугу эмнеде деп ойлойсуңар?
Кыргызстандын желегин желбиретүү үчүн кандай максаттарды койдуңар?
Жыйынтыктоо: Балдар, мамлекеттин өнүгүшү, улут аралык биримдик, ынтымак, тынчтык үчүн ар кимибиз улутубузга карабастан мекенибиздин патриоту болушубуз керек.
Эчен элдер суктанышып калкыма,
Тилибизге, жерибизге, салтына.
Кел замандаш шүгүрчүлүк кылалы,
Бүгүнкүдөй улуу күндөр барына.
Баарыңыздарды бүгүнкү майрамыңыздар менен куттуктайм!.
Үйгө тапшырма: Желбирей бер, эркиндиктин желеги деген темада эссе жазып келүү.
Баалоо: Бүгүнкү сабагыбызда үч топ тең сабакка активдүү катыштыңар.
Баалоо баракчаларыңарда белгиленген жооптор мени кубандырды.
Келечекте сапаттуу билим алуу менен, Кыргызстаныбызга өз салымыңарды кошосуңар деп ишенем.
Комментарийлер