ЖАЗУУЧУ АРСЛАН КАПАЙ УУЛУ КОЙЧИЕВДИН ЖАҢЫ РОМАНЫ ТҮРК ТИЛИНДЕ ЖАРЫК КӨРДҮ

  • 20.09.2021
  • 0

Кечээ Евразия жазуучулар бирлиги Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада  белгилүү жазуучу, окумуштуу, коомдук ишмер  Арслан Капай уулу Койчиевдин жаңы  романынын бет ачарын уюштурду. Эл аралык маанидеги китеп аземине байланышкан иш чара белгилүү журналист, “Кут Билим” гезитинин башкы редактору Кубатбек Чекировдун алып баруусунда өттү.

ЖАЗУУЧУ АРСЛАН КАПАЙ УУЛУ КОЙЧИЕВДИН ЖАҢЫ РОМАНЫ ТҮРК ТИЛИНДЕ ЖАРЫК КӨРДҮ

Жазуучунун «Добул-Таштык Заратустранын аңгемеси» аттуу  жаңы романы  алгач кыргыз тилинде эмес,  түрк тилинде жарык көрүп олтурат. Уюмдун төрагасы Якуб Омероглу кыргыз жазуучуларынын чыгармаларын түрк тилине которуу аракеттери жанданганын кубаттап, Арслан Койчиевге Евразия жазуучулар бирлигинин мүчөлүгүн тапшырды.

Якуб Омероглу  өз сөзүндө Кыргыз адабияты, маданияты дүйнөлүк мейкиндикте өзгөчө бийик турарын баса белгилеп келип, анын  катарында Арслан Капай уулу Койчиевдин да салымы бар экенине токтолуп кетти.

-Түрк окурмандары Үркүн тууралуу аз билишет. Муну алар Арсландын “Мисмилдириги” аркылуу окуп жатышат. Кыргыз адабиятынын, маданиятынын дүйнөлүк маанидеги өзгөчө бир касиети бар. Ошол касиетти Арсландын чыгармаларынан да байкап турабыз.  Азыр анын китептерин окурмандар дүйнөлүк китеп базарынын Амазонасынан тапса болот. Түрк тилинин шарапаты менен жазуучунун китептери башка тилдерге которулууга зор мүмкүнчүлүк  түзүлүүдө, -деди ал.

Түркиядагы Евразия жазуучулар бирлиги түрк тилдүү мамлекеттердин адабиятын, тарыхын, маданиятын жайылтуу багытында иш алып барып жүрөт. Аталган бирликтин төрагасы басмага жазуучу, жазуучуга басма керектигин айтып келип, мындан ары да кыргыз жазуучуларынын чыгармаларын басууга даяр экендигин билдирди.

ЖАЗУУЧУ АРСЛАН КАПАЙ УУЛУ КОЙЧИЕВДИН ЖАҢЫ РОМАНЫ ТҮРК ТИЛИНДЕ ЖАРЫК КӨРДҮ

Кыргыз Эл жазуучусу Султан Раев кийинки мезгилдерде Россиядан китеп басып чыгаруу канчалык кыйынчылык туудурганын менен, ошол боштукту Түрк туугандар татыктуу толтуруп келе жатканына, ага өзүнүн жана Арслан Капай уулунун, дагы бир катар жазуучулардын чыгармалары китеп болуп чыгып, дүйнөнүн китеп базарларында сатыкта турганын мисал кылып, бул жаатта Арслан Капай уулунун чыгармалары да өз окурмандарын таап жатканына кубанып, ага ийгилик каалады.

Окумуштуу Ж.Бөдөшев жазуучунун романындагы жаңы табылгаларга токтолуп, өз баасын берди.

-Кыргыз адабиятынан Чыңгыз Айтматовдун чыкканы эле чыгармачыл адамдарга чоң жоопкерчиликти арттырып турат. Ошол жүктү, милдетти Арслан Капай уулу  татыктуу көтөрүп, сезип турганын анын чыгармалары далилдеп турат. Арсландын жаңы чыгармасы детектив сыяктуу, бир дем менен окулат. Эске салсак, жазуучулар эң биринчи аңгеме, повесть жазып көрүп, даярданып,  анан барып романга өтсө, ал алгачкы чыгармасы менен эле романга тиш салып кирди. Тилекке жараша, окурмандарга алгачкы романы жаңы жазып жүргөндөй эмес, өз стили, жүзү бар, такшалып, калыптанып калган жазуучу катары кабыл алынды. Азыркы сөз болуп жаткан жаңы романынын да табылгасы көп. Анын философиясы да оңой эмес. Романда Кудай жараткан адамдын жети түрү, баш кесердин образы, Библиядагы сюжеттер ырааттуу, таасирдүү берилген.  Жакшылык  менен жамандык кайдан жаралды деген улуу суроо, аны менен кынапташ кеткен миф да романдын таасирин арттырып турат, -дейт ал өз сөзүндө.

Ошондой эле таланттуу сынчы, коомдук ишмер, окумуштуу  О.Ибраимов да жаңы романдан улам жалпы эле азыркы адабий  абалга кеңири токтолуп кетти. Мындан тышкары  белгилүү журналист, публицисттер Э.Нурушев,  Г.Касмамбетова, К.Чекиров, А.Кулматов ж.б. жазуучунун чыгармачылыгына өз бааларын, пикирлерин билдирип өтүштү.

Эске сала кетсек, былтыр  Арслан Капай уулу Койчиевдин «Мисмилдирик» (Беделдеги каргыш) романы Евразия жазуучулар биримдигинин «Бенгү» басмаканасынан «Bedel gecidindeki lanet» деген аталыш менен жарык көргөн. Андан мурун «Бакшы менен Чынгыс хан» романы да түрк тилине которулган.  Автор  Республикабыздагы абройлуу  “Арча”  адабий сыйлыгынын да ээси.

Майрамбек ТОКТОРОВ,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер