Жазгыч акын Молдо Нияздын 200 жылдыгына карата 5 китеп жарык көрдү

  • 08.08.2023
  • 0

Баткенде Кыргыз жазма адабиятынын негиздөөчүсү, жазгыч акын Молдо Нияз Эрназар уулунун 200 жылдыгына карата беш китептин бет ачары болду. Бул тууралуу «Кабар»агенттиги жазды.

Ага ылайык, “Арадан эки кылым өтсө дагы, көөнөрбөйт Молдо Нияз мурастары” ураанынын астында өткөн иш-чара Кадамжай шаарынын борбордук стадионунда уюштурулду.

Агартуучу, ойчул, философ Молдо Нияздын эмгектерин түбөлүк сактап калуу жана жайылтуу максатындагы уюштурулган иш-чара “Китеп — дүйнөнү жарык кылат” деп аталды.

Иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раев, Молдо Нияздын 200 жылдык мааракесин республикалык деңгээлде уюштуруу тобунун жетекчиси Нышанбек Кочкоров, президентке караштуу «Мурас» фондунун жетекчиси, тарыхчы Кыяс Молдокасымов, жарык көргөн китептердин авторлору катышты.

Иш-чара Баткен облустук А. Жайнаков атындагы музыкалык драма театрынын артисттери тарабынан даярдалган сахналаштырылган көрүнүш менен башталды.

Салтанаттуу аземде китептердин авторлору анын маани маңызы, максаты жөнүндө кеңири айтып беришти. Иш-чара концерттик программа менен коштолду.

Белгилей кетсек, улуу инсандын 200 жылдыгына карата беш китеп жазылып, басылып чыкты. Алар,

  • Педагогика илимдеринин доктору, профессор Абдыкерим Муратовдун “Молдо Нияз алгачкы агартуучу” китеби
  • Журналист Адылжан Жажановдун “Молдо Нияз алгачкы агартуучу, ойчул жана жазгыч акын” китеби
  • Акын, жазуучу, тарыхчы жана публицист Муса Сапаевдин “Молдо Нияз Улуттук татыктуулук үчүн күрөш” китеби
  • Педагогика илимдеринин доктору, профессор, Ош педагогикалык гуманитардык институтунун ректору Бекмурза Зулуев жана Педагогика илимдеринин кандидаты, ОшМУнун доценти Мисирали Колдошовдун “Молдо Нияз алгачкы агартуучу” китеби
  • Түркология илимдеринин доктору Гулзада Нурмаматова, Молдо Нияз боюнча докторлук илимин жактаган. “Санат дигарасттар” китебинин түрк тилине которгон.
Бөлүшүү

Комментарийлер