ЖАШТАР ТАРЫХКА КАЙДИГЕР ЭМЕС
- 27.11.2023
- 0
Бишкек шаарындагы №2 жалпы билим берүү мектебинде «Тарыхый мурастар – жаш жеткинчектердин көзү менен” аталышындагы кароо сынак болуп өттү.
Уюштуруучулардын айтуусунда, бул иш-чара мектеп окуучуларын тарыхый мурастарды коргоого жана аларга аяр мамиле кылууга тарбиялоону көздөдү.
Бул кароо сынакка 5-6-7-класстын окуучулары катышты.
Окуучулардын акыл таймашына Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгынан Чынара Асановна жана Мээрим Джоомартова, Улуттук илимдер академиясынан Айдай Турдумаматовна калыстык кылды.
Жеңүүчүлөргө кызыктыруучу сыйлыктар ыйгарылды.
Кароо-сынакты мектептин тарых мугалимдери Токтожумаев Бахтияр жана Мамбеткалиева Жазгул уюштурду.
А.АСАНАЛИЕВА, Бишкек шаары
Бөлүшүү
Комментарийлер