ЖАШТАР МЕНЕН ЖАРАТЫЛЫШТЫ КОРГОО БОЮНЧА ДҮЙНӨЛҮК БААРЛАШУУ
- 10.08.2023
- 0
“Айгине” МИБ тобу Түпкүлүктүү эл аралык күнүнө арналган онлайн иш-чарага катышты. Онлайн баарлашуу эл аралык Паванка фонду тарабынан уюштурулду.
Иш-чаранын темасы – жергиликтүү жаштардын Жер энеге кам көрүү, коргоо жана сактоого катышуусу. Сүйлөшүүгө жети социалдык-маданий аймактын түпкү улуттарынын өкүлдөрү катышты. Кыргызстандын атынан “Айгине” МИБ адиси Айбек Самаков катышты.
— Айбек быйылкы жылы Паванка фонду тарабынан колдоого алынган климаттын өзгөрүшүнүн салттуу индикаторлору боюнча ишке ашырылып жаткан долбоордун жыйынтыгы тууралуу айтып берди. Ал өз презентациясында салттуу экологиялык билимдердин, анын ичинде климаттын өзгөрүүсүнүн индикаторлорунун маанилүүлүгүнө токтолду, анын бир катмары жергиликтүү кыргыз коомчулугунда топтолгон. Бул салттуу билим көбүнчө илимий коомчулук жана чечим кабыл алуучулар тарабынан көз жаздымда калып, климаттык моделдерди иштеп чыгууда эске алынбайт. Мисалы, климаттын өзгөрүшүнүн жергиликтүү көрсөткүчтөрү экологиялык көрсөткүчтөр менен эле чектелбестен, руханий, ыйык, адилеттүүлүк, адам укуктары жана башка жандыктарга байланыштуу көрсөткүчтөрдү камтыйт. Ошентип, климаттын өзгөрүүсүнүн индикаторлору менен байланышкан жергиликтүү жамааттардын салттуу билимдери учурдагы климаттык моделдерди байыта алат, ошондой эле илимпоздордун жана чечим кабыл алуучу адамдардын көңүлүн адаптациялоо стратегияларын аныктоодо климаттын өзгөрүшүнүн жергиликтүү индикаторлорунун маанилүүлүгүнө бура алат, — дейт “Айгине” маданий-изилдлөө борборунун директору, ф.и.д., профессор Гүлнара Айтпаева.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер