ЖАШ ТҮРКОЛОГДОРДУН IX ЭЛ АРАЛЫК СИМПОЗИУМУ  ӨТӨТ

  • 19.09.2022
  • 0

21-22-сентябрда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде Жаш түркологдордун тогузунчу эл аралык симпозиуму өтѳт.

Иш-чара университеттин түркология бөлүмүн негиздеген түркиялык окумуштуу Тунжер Гүленсойдун жаркын элесине арналат. Ага КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министри Азамат Жаманкулов, Түркиянын Түрк тил уюмунун башчысы Гүрер Гүлсевин, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев, УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору Абдылдажан Акматалиев, коомдук ишмерлер, жогорку окуу жайлардын ректорлору, окутуучу-профессорлор чакырылды.

Симпозиумга бул жылы алты өлкөдөн (Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Корея, Чили, Кыргызстан) 100дөн ашуун баяндама келип түшүп, анын алтымыш сегизи кабыл алынды. 68 катышуучунун отуз беши Түркиядан, сегизи Казакстандан, экөө Кореядан, бирөө Чилиден, калгандары Кыргызстандын университеттеринен келишет.

Иш-чарада жаш түркологдор бүгүнкү күндөгү түркологиянын актуалдуу маселелерин талкуулашат. Түркиядан, Казакстандан келген жана жергиликтүү улуу муундагы окумуштуулар жаш окумуштуулардын изилдөөлөрү боюнча баалуу пикирлерин, кеп-кеңештерин айтышат.

Симпозиум эки күнгө (21-22-сентябрь) созулуп, 22-сентябрда сырттан келген коноктордун Бурана музей комплексине жана Ата-Бейит комплексине зыярат кылуусу менен аяктайт.

Бул симпозиум Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин гуманитардык факультетинин түркология бөлүмү тарабынан 2007-жылдан бери салттуу түрдө өткөрүлүп келе жатат.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер