ЖАШ МАНАСЧЫЛАРДЫН РЕСПУБЛИКАЛЫК КАРОО-СЫНАГЫ ӨТӨТ
- 07.10.2026
- 0
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолун ишке ашыруу максатында жана залкар манасчы Мамбет Чокмор уулунун 130 жылдык мааракесине карата 30 жашка чейинки жаш манасчылардын республикалык кароо-сынагы уюштурулууда.
Иш-чаранын негизги максаты — манасчылык өнөрдү жайылтуу жана өнүктүрүү, жаш манасчыларды колдоо, жаңы ысымдарды элге таанытуу жана айтуучулук өнөрдү алып жүргөн жаш муундардын чыгармачылык дараметин жогорулатуу болуп саналат. Сынактын башкы уюштуруучусу Кыргыз улуттук «Манас» театры. 
Айтуучулар таймашы эки айлампада өткөрүлөт:
1-айлампа: 2026-жылдын 12-октябрында саат 09:00дө Бишкек шаарындагы Кыргыз улуттук «Манас» театрында өтөт. Мында катышуучулар эркин темада 3–5 мүнөт «Манас» эпосунан үзүндү айтышат.
2-айлампа: 2026-жылдын 22-октябрында саат 09:00дө Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айылында уюштурулат. Экинчи турда катышуучулар билет аркылуу туш келген темада 3–5 мүнөт «Манас» айтуу боюнча күч сынашышат.
Кароо-сынактын жеңүүчүлөрү ар кыл курактагы 3–5 адистен турган калыстар тобу тарабынан аныкталат. Упайлар тең чыгып калган учурда катышуучуларга кошумча суроолор берилет. Сынактын жыйынтыгында жеңүүчүлөргө байгелүү орундар менен бирге баалуу белектер тапшырылмакчы.
Кеңири маалымат алуу жана катышуу боюнча төмөнкү байланыш номерине кайрылууга болот: +996 509 424 222 (Улукмырза).
А.К., «КБ»